Жаңы жылды тосуп алуу боюнча шаарда бир катар майрамдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Шаардын борбордук аянтын кооздоону "Тазалык" ишканасы колго алган. Ал эми Маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты балдардын балаты майрамына театрлашкан оюн даярдашууда. 24-декабрь күнү борбордук аянтта жаңы жылдык балатынын ачылыш аземи өткөрүлдү. Мындан ары борбордук аянтта жайгашкан жаңы жылдык балатынын жанында Аяз ата, Аяз кыз шаар тургундарын жакшы маанайда тосуп алып, кызмат көрсөтөт.