Төрт бөлмөлүү тамдын ичинде күтүүнүн азабынан саамайы агарган, ал-күчтөн тайган кемпир терезеге тигилип отурду. Каректери алысты караганы менен, өзү түгөнбөгөн ойдун түбүнө чумкуп кеткен. «Карыган жаным кимге керекмин, мындай жашоодон көрө өлгөнүм артык. А өлсөм мени бирөө-жарым жоктойбу? Жок, эч ким жоктобойт» деп ойлоду ал. Ичип отурган чайы да сууп калыптыр.
Кезинде өкмөттүн иши деп жүрүп жалгыз уулуна мээримин бере албаганына өкүнөт. Себеби ошолбу же башкабы, айтор, жалгыз туягы болгон Үмүттүн Орусияга иштегени кетип дайынсыз жоголушу Салима апаны ушул абалга алып келди. Алдыда Жаңы жыл майрамы. Демек, Үмүттүн жоголгонуна
9 жыл болот.
Ойго батып отурган Салима апа коңгуроонун добушун укту да, терең үшкүрүнө ордунан козголду. «Жаңы жылыңыз менен!» деп эшик ачылары менен жайкалган ак сакалчан, кызыл кийим кийген Аяз ата Салима апанын уруксатысыз үйгө кирип келди. Анын артынан дагы бир кашы-көзү кара, орто бойлуу киши кошо кирди. Эч ким алын сурабаган Салима апа үчүн бул жорук таң каларлык болду. Аяз ата ар нерсени сүйлөп Салима апаны келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, маанайын көтөрүүгө далалат кылып жатты. Апанын кубарган өңүнөн бир аз болсо да жылмаюу байкалды.
– Салима апа, биз сизге жаңы жылдык өзгөчө белек менен келип отурабыз…- деди жанагы кашы-көзү кара киши. Сүйлөгөнүнө караганда башка улуттан. Ички дүйнөсүнө бүлүк түшкөн байбиче аларга үмүттүү карады.
– Кандай белек, айланайындарым?
– Өзгөчө, сиз үчүн кубанычтуу…
– Мен үчүн кубанычтуу эч нерсе калбады го бул жарыкчылыкта...
– Салима апа! Сиздин уулуңуз табылды! Таптык.
Салима апа укканына ишенбей, кулагы чуулдай түштү.
– Үмүтүмдүбү? Кана ал?- деди көздөрүнө ысык жаш тегерене.
– Апа, сиздин балаңыз алыста, чет өлкөдө.
– А эмне үчүн өзү келген жок?
– Анын жумуштары көп, ошол себептен бизди жөнөттү.
– Менин балам кайсы жерде? Мен өзүм ага барайын…
– Ал азыр Москвада. Аман-эсен.
– Рахмат, балдарым! Силерге ыраазымын…
Апа ыйлап жиберди.
– Коюңузчу, апа?! Ыйлабаңыз…
– Ал жакка баруу үчүн билет алайын. Канча жол жүрүшүм керек?
– Сиз кабатыр болбоңуз. Уулуңуз бизди атайын жөнөттү, сизди ошол жакка жеткирүү үчүн. Сиз ала турган нерселериңизди жыйнаштыра бериңиз. Биз эртең менен келебиз.
– Ошентейинби?
– Апа, паспортуңузду унутпаңыз. Бизге берсеңиз, эртең менен самолётко билет ала келебиз.
Араң кыймылдап жүргөн Салима апа бул жолу ордунан шак туруп, паспортун издеп баштады.
– Мынакей, балдарым. Айткандай, силердин атыңар ким?
– Ой, кечиресиз, таанышпаптырбыз да. Менин атым – Акылбек, а бул – Аяз ата.
– Салима апа, биз эртең менен келебиз, сиз даяр болуп туруңуз.
– Макул, мен ошентейин…
– Анда жакшы калыңыз, биз баралы.
Айтышкандай эле эртең менен жанагы Акылбек такси жалдап жетип келди. Салима апа бул учурда сапарга даяр болуп турган. Дароо таксиге отуруп аэропортко жол алышты. Күн суук. Салима апа эл менен учакка отурду.
Шыңгыраган телефондорго жооп берип, кайра компьютерге үңүлүп, бир топ кагаздарды барактап, эшиктин кире беришинде көз айнек тагынган бир аял отурган. Телефон шыңгырай берди.
– Алло…
– Саламатсызбы!
– Саламатчылык!
– Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигиби?
– Кулагым сизде.
– Менин атым – Ольга, Москва шаарынын Шереметьево аэропортунун кызматкеримин. Бизде Кыргыз Республикасынын жараны Салима Каныбекова эртең мененки рейсте келгендиги катталган. Тилекке каршы, ал аэропорттогу күтүү залында жан бериптир. Кыязы, күтүп ала турган адамы келбесе керек…
Чындыгында эле Салима апаны күтүп ала турган адам жок болчу. Толкундоодон улам акыркы үмүтүн жоготкон Салима апа күтүп жатып жан берди. Бул атайын ойлонуштурулган Акылбек жана анын шериктеринин иши болчу. Алар ушундай арам жол менен кары-картаңдардын үйлөрүнө ээ болуп, анан сатып жиберишчү. Акылбек тез эле Салима апанын үйүн өзүнө каттатып, кийин сатып жиберди...
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg