«АЛТЫН БАЛЫКТАН ТАЯКЕМДИН АЙЫГЫШЫН СУРАМАКМЫН»

Биз сөз кылчу каарманды Жалал-Абад шаарында баары тааныйт. Базардын кире бериш жеринде кайыр сурап отурган бул жигитке менин да далай ирет көзүм түшкөн. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасында отурган жигиттин тагдыры тууралуу кошуна турган сатуучулар көп нерселерди айтышкан. Аны 8-9 жаштагы балакай таң эрте алып келип таштап, өзү мектепке кетет имиш. «Андан башка эч кимиси жок» деген кепти да эшиткеним бар. Саат 11лерге чукулдап каармандарыбыз менен маектешүүгө шаштым. Балакай болсо да таякеси тууралуу чын дили менен көп нерселерди айтып берди.
– Атым – Элдар, 9 жаштамын. Азыр Барпы Алыкулов атындагы №12-мектепте 3-класста окуйм. Өзүбүз Барпы айылында жашайбыз. Ал эми агамдын (таякесин негедир агам деди) аты – Мирлан, 28ге чыкты. Таятамдын айтымында, Мирлан агам өтө чоң салмакта төрөлүп, анан ооруп калганда доктурлар белинен суу алып, ошондон улам баса албай калыптыр. Мен эс тарткандан бери анын абалына боорум ооруйт. Баса албайт, ошондуктан арабада отурат, өзү заара кыла албайт. Мен чоңойгондон кийин ага каралаша баштадым. Себеби үйдө 60 жаштагы таятам менен турабыз. Таятам анын кирлерин жууп, тамак жасап, айтор, бизди багат. Мирлан байкем болсо үйдө зериккенинен «көчөгө чыгам» дей берет. Бир күнү «Жалал-Абадга барам» дей берди эле, базардын оозуна элди карап отура турсун деп коюп койсок, айрымдар акча берип кетишиптир. Ошондо таятам аябай намыстанды. Мен да аябай уялдым, Мирлан байкем болсо уялышты билбейт, кайра кубанат. Элдерди карап отура берет да.
Таң эрте туруп мен анын арабасын даярдайм, анан саат 9дарда машинага салып алып келебиз да, базардын жанына келип кийимдерин оңдоп, отургузуп коёбуз. Аны базарга таштап коюп кайра мектепке кетем. Сабактан чыгып, саат 4төрдө байкемдин тапкан акчасына анча-мынча базарлык кылып үйгө кайтабыз.
Азыр каникул болгонуна байланыштуу эртең менен алып келген боюнча жанынан чыкпайм. Жанында турганым жакшы, себеби биз таштап кеткенде кээ бир күндөрү арабасынан кулап, колдору сыйрылып калган учурлар болот. Жакшы адамдар көп, жерден тургузуп, кайра арабасына отургузуп коюшат.
Мирлан байкем жакшы сүйлөй албайт, ал сүйлөсө башка адамдар түшүнүшпөйт. А мен түшүнөм. «Чай, суу, кетем, курсагым ачты» деген сөздөрдү айтат. Эң көп айткан сөзү – «Жалал-Абадга барам». Айылыбыз шаардын четинде болгондуктан, шаарга барам дегенди ошентип айтат. Эгер «барбай эле кой» десек, анда ыйлайт.

Элдар өзү кичинекей болсо да, сүйлөгөн сөздөрү так, зирек бала экен. Биз менен сүйлөшүп жатканда ушунчалык агасын жакшы көрөрүн байкадым. «Эгер алтын балык кармап алып, «3 тилегиңди орундатам» десе эмне сурайт элең?» деген суроо узатсам, «эң биринчи Мирлан агам басып, айыгып кетсе экен дейт элем. Анан эжем (Мирландын апасы) тирилип келишин суранмакмын. Акырында өзүм батыраак чоңоёюн, эч болбосо 18 жашка тез чыгып калайын деген тилекти айтат элем» деп жооп берди. Көрсө, таенеси каза болуп калган экен. Мирлан Элдардын бир тууган таякеси болот. Учурда Элдардын ата-энеси Москвада иштеп жүрүшүптүр.
– Бир жолу базарда бир сулуу кыз агама тыйын таштайын деп эңкейди эле, анын мойнундагы чынжырчасы байкемдин колуна илинип калды. Тиги кыз чочуп кетип ыйлап жиберген. Себеби агамдын башкача үн чыгарганын элдер түшүнүшпөйт, коркушат. Антип үн чыгарганы – кубанганы. Кыздарга тийишкиси келеби, айтор, кээде кыздар жанынан өтүп баратса бутун узатып аларга тийгизип жиберет же көзүн ирмегилейт. Андайда кыздар коркуп кетишет. Өзү тапкан акчасын иштетпегенге аракет кылабыз, төш чөнтөгүнө катып коёбуз. Элден кээде бир күндө 1500-2000 сомдой акча түшөт. Аракеч, селсаяктар кээде акчасын тоноп кетишет. Бир орундан жылбай отура бергендиктен далысы уюп калат. Үйгө алып баргандан кийин далысын укалап же тебелеп берем.

Мына, окурман, кээде жашоодогу азыноолак нерсени көйгөй деп эсептеп, кайгырып калат экенбиз. Жашоо кыйын дейбиз, кабагыбызды салып, тирүүлүктөн түңүлүп кете жаздайбыз. Бирок айланабызда алты саны соо болбосо да, жашоого күлүп караган адамдардын тагдырын элес албайбыз...

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
mamama
2012-12-31 10:59:55
кичинекей баланын кылган жакшылыгына суйунуп калдым омурун берсин кудайым
+3
i-nurbek
2013-01-02 01:42:34
Аллатаалам сага узаак бактылуу омур берсин Элдар. Азамат бала экенсин.
+2
aziret_voin
2013-01-03 23:04:01
Азаматсын! Бул жашоодогу жакшылыктар сага буйрусун. Бактылуу бол Элдар.
0
murtur61
2013-01-05 00:50:57
Аллахым шыпаа берсин,Элдар сага рахмат багынды ачсын тилегине жет.Эки дуйно бактылуу кылсын Аллахым сени.
0
maya666
2013-01-05 20:53:32
Иий байкуштарга окуп алып менин да боорум ооруду. Жок дегенде Элдардын ата-энеси жанында болсо болмок экен...
0
Gan
2013-01-06 00:06:34
Эмнеси болсо да Элдардын омурун берсин, 9 жашар болсо да анча мынча 18 жашардагы балдардын акылынан мин мертебе тузук экен, балдарга боорум оруду ошолордун омурун берсин .
0
elzar0606
2013-01-06 01:48:28
Иним Элдар айткан тилектерин орундалсын демекмин,жаштын тилегин берет аллах озу колдосун.
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан