22-декабрь күнү саат 13:30 чамасында Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылындагы Абдылдаев орто мектебине жакын жерде көлөмү болжол менен 150 м3 кар көчкү түшкөн. Кара-Кулжа райондук администрациясынын берген маалыматы боюнча, кар көчкү жылгаяк тээп жаткан 9 окуучуну басып калган. 1997-жылы туулган 2 өспүрүм кыз каза болуп, калган окуучулар жергиликтүү калк тарабынан куткарылып, оор жабыр тарткан 2 окуучу райондук балдар ооруканасында дарыланууда.