Ош шаардык мэриясынын астында түзүлгөн Жаштар комитетинин уюштуруусунда шаар мэри Мелисбек Мырзакматовдун студенттерге арнаган жаңы жылдык балы болду. Балга шаардагы жогорку окуу жайлардын коомдук иштерге активдүү катышкан, окуудагы ийгиликтери бааланган 600дөн ашуун студенти жана шаар мэри Мелисбек Мырзакматов өзү катышып, бир топ оюн-зоокторго күбө болушту. Бул күнү жаштарга күлкү тартуулаган «Тамашоунун» «No name» командасына Мелисбек Мырзакматов 100 000 сом, ал эми кечеде уюшулган бий сынагынан жеңип алган ОшТУнун эки студентине 15 000 сомдон белек кыларын айтты. Кийинки жылдагы мэрдин балына Мырзакматов Ош шаарынын жаштарына жылкы союп берерин убада кылды.