«БАШАТ» ТЕЛЕКАНАЛЫ «ЭЛ БААТЫРЫ» НААМЫН КИМДЕРГЕ БЕРДИ?

Ош шаарында «Башат» телеканалы «Азем» борбору менен биргеликте жылдын мыктыларын аныкташты. Аныктоо СМС-добуш жана сурамжылоо боюнча аныкталды. «Башат» телеканалы менен «Азем» борбору башкалардан өзгөчөлөнүп «Эл баатыры» наамынын ээлерин да табышты. Алар 3-ноябрда «Кара-Суу» базарындагы ажатканада адамдарды куткаруу боюнча мыкты кызмат көрсөткөн Кара-Суу РИИБинин жетекчиси Марат Орозбаев жана бир жыл ичинде 250 оор операция жасаган облустук хирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысы Маматкарим Кирматов, 24-октябрда Түштүк-Чыгыш районундагы турак үйдөн өрт учурунда 5 жашар кызды куткарып чыккан Ош шаардык Өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Самат Нурмамат уулу болушту. Жылдын мыктылары 13-декабрь күнү Ош Улуттук драма театрында кызыл килем астында аныкталды. 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
zoro21
2013-01-02 21:58:49
бирок.бул канал тузсуз,маанисиз жана комплекси жок.форматы жок канал.чычалабагыла.Оштв каналы жакшырааак.Корсотуунун мааниси мазмууну жана манызы болот.башатттын башчысынын билим денгээли жок.ишенбесенер текшергиле.
+1
Jamalym
2013-01-03 04:29:59
zoro21, Коч бара-бара тузолот дейт эмеспи…
+1
prezent
2013-01-03 18:57:51
zoro21, eh tuuura. sozuno koshulabyz.
0
Lovebaby
2013-01-04 00:54:39
Ow tv emi ele onolup bawtadynar go, owtvda iwtegen emesin go deim. bawat silerdin basyp otkon ubaktynarda chon iygilikterdi jaratat,jany jyldyk kogultur otunardy korup bolboit,bilbeim andai yrchynyn baaryn kaidan jyidynar,ozunordon bawka ech kim taanybait. Bawattyky jogorku bolboso da jakwy uyuwuluptur. Ow tv jakwy televidenie,birok dagy araket kk.
-1
prezent
2013-01-05 14:11:46
Lovebaby, Эл баатырын мамлекет берет.жеке тв бергенге али эрте алар эмне орусиялык первый канал бекен.кыргызда бир адамды куткарып калса баатыр аталат.тоообоо.Оштв и Башат экоо тен эптемейлер.не кыла аласын эми? Элтр каналы кыргыздын нукуралуулугун чагылдырууда ме сага деп!!!!!дуйно эли корот экен.ааа жергиликтуу каналдар улгу алгыла.
0
star_kg
2013-01-05 14:48:25
Ой бой жаман сынапсынар го . Негизи ОШ ТВ каналынын алып баруучу кыздары кучтуу . Жергиликтуу канал экенине карабай жогорку денгээлде программаларды алып барышат . Ал эми башат деген каналда только кино берет , Эл ТР болсо саясатташып кеткен .
0
star_kg
2013-01-05 15:23:44
Башат эл баатырларын , мыкты жетекчилерден 50 000 сомдон алып анан ыйгарганын кулагыбыз чалган . Уят эле . Эл ТР каналы баштта жакшы чыктты эле , азыр корунуксуз программалары менен тажатып салды . Ош ТВ кыргызчаланып келе жатат, ушунусуна шугур дейли
0
santi
2013-01-05 15:26:20
Иии десе "Башат" деген кайсы канал элееее? Аааа баягы DVD каналбы? кечке кинодон башка эч нерсе бербеген. Алардын программалары барбы деги?
0
santi
2013-01-05 15:30:04
А мен "ОшТВ"ны сыйлайм, 20 жыл озбекче сайраган каналды кыпкыргыз жыттанткан жетекчилигине рахмат! Азаматсынар ушунунардан жазбагыла!!!
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан