Нарын шаардык мэриясынын быйылкы жылга болгон акыркы отуруму мэриянын жыйындар залында болуп, буга шаардык мекеме жетекчилери катышты. Анын күн тартибинде негизги эки маселе каралды. Алгач Нарын шаардык мекеме-ишканаларынын аткаруучулук тартиби, иш кагаздарын жүргүзүү жана жарандардын арыз-даттануулары менен иштөө боюнча аткарылган иштердин абалы талкууга алынды. Андан соң шаардык мэриянын 2013-жылдын I жарым жылдыгы үчүн иш планын бекитүү боюнча маселе каралды. Коллегиянын жыйынтыгы менен кемчиликтерге жол берген айрым мекеме жетекчилерине тартиптик чаралар көрүлдү