Муздаткыч – үй-тиричилигинде эң зарыл болгон буюмдардын бири. Ар бирибиз сатып алганда анын көпкө кызмат кылышын каалайбыз. Ага канчалык аяр мамиле жасасак, бизге ошончолук кызмат кылары анык.
Муздаткычты орнотуу
Муздаткычка сатып алгандан баштап эле аяр мамиле жасоо керек. Унаага жүктөгөндө тигинен тургузуу зарыл же 40 градуска гана кыйшайтууга болот. Муздаткычты жылуулук булактарынан (меш, газ, батарея жана күндүн нуру тике түшкөн жер ж.б.) алыс орнотуу шарт. Дубал менен муздаткычтын ортосуна аралык калтырууну унутпаңыз. Алып келген муздаткычты 2 сааттан кийин гана токко саюуга болот. Эгер бөлмөнүн салыштырма нымдуулугу 80 пайыздан ашып, дубалы, полу, шыбы, буюмдар ным тартып турса, муздаткычты иштетүүгө тыюу салынат. Ошондой эле электр тогун жакшы өткөргөн полго (темир, темир-бетон, кирпич) муздачкычты орнотууга болбойт. Тиричилик муздаткычы кургак, абанын температурасы 16-32 градус болгон шартка ылайыкталган. Абанын температурасы 40 градус ысыктан ашса, иштетүүгө сунуш кылынбайт.
Азыктарды жайгаштыруу жана сактоо
Муздаткычты колдонууда айрым азыктар өтө муздаса даамы бузуларын эске алуу керек. Азык-түлүктөрдү туура сактасак, көпкө чейин сакталат. Мисалы, этти целлофанга ороп муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүндө 1 айга, ал эми балыкты 2 жумага чейин сактаса болот. Мөмө-жемиштерди целлофан баштыкта сактоого болбойт. Алар мында бат эле көгөрүп, чирип кетиши толук мүмкүн. Татымал чөптөрдү жууп, кургатып целлофан баштыкка салып эң төмөнкү текчеге коюп койсо, 3-4 жумага чейин тура берет. Ал эми сырды баштыкка салып сактоо оң. Анткени бул кургап кетүүдөн жана жытын жоготуудан сактайт. Маал-маалы менен шамалдатып турууну унутпаңыз. Быштакты эмаль же айнек идишке сактаган туура. Бышкан тамактар ортоңку текчеде капкагы бекем жабылган идиште сакталууга тийиш. Ал эми кургак жана чачыла турган азыктарды туз, кумшекер, кургак сүт, макарон азыктарын целлофан баштыкка салып сактоо керек. Сууга бышырылган жашылчаларды 1 күндөн ашык сактоого болбойт. Жумуртка, консерва, бөтөлкөлөрдү муздаткычтын эшигине орнотулган атайын текчелерге сактаган туура. Каймак май жытты өзүнө бат сиңирип алуучу зат. Ошондуктан аны капкагы бекем жабылган идишке сактоо керек. Эч качан ысык нерсени муздаткычка салбаңыз. Муздаткычка азык-түлүктү көп салуудан болушунча качыңыз.
Эгер муздаткычыңыз жок болсо...
Этти уксус менен суунун аралашмасына нымдалган чүпүрөккө ороп койсо, 2 күнгө чейин бузулбайт. Бирок колдонор алдында жакшылап жууп алуу керек. Ошондой эле эттин үстүнө лимондун ширесин чачып, даки же элек менен жаап салкын жерге коюп койсо да болот. Майга кызарта куурулган эт да бир нече күнгө чейин бузулбайт. Этти чалкандын же хрендин жалбырагына, анын үстүнөн уксуска нымдалган чүпүрөккө ороп да 2-3 күнгө чейин сактаса, сапатын жоготпойт. Чийки жумуртканы тоң май менен майлап, кагазга ороп салкын жерге илип койсо бузулбайт. Ошондой эле жумуртканын агынан сүйкөп, кургатып, кагазга ороп салкын жерге сактоо туура. Каймак майды пергамент кагазына ороп, туздуу сууда сактоого болот. Колбасаны үстүнө туздуу суудан улам-улам чачып турса, көпкө сакталат.
Муздаткычты тазалоо
Ал эми ичин 2 аш кашык аш содасын 1 литр ысык сууга аралаштырып жууш керек. Идиш жуучу каражаттарды жана самынды колдонууга болбойт. Анткени алардын жыты калып калат да, азыктар бат эле сиңирип алат. Жуулган муздаткычты шамалдатып, эшиктерин ачык таштоо зарыл. Ал эми ичиндеги контейнерлерин бөлмө температурасында коё туруп, анан жууган зарыл. Антпесеңиз жууп жатканда жарака кетиши мүмкүн.
жагымсыз жыттар менен күрөшүү
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg