Нарын облусунда өрт кырсыгы быйыл көп катталганына байланыштуу Жаңы жылды утурлай ушул макаланы берүүнү чечтик. Макала даярдоодо Нарын облусунун ӨКМКБнын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы, капитан Таалайбек уулу Талгат салым кошту.
Урматтуу теңир-тоолуктар, Жаңы жыл эмнеден башталат? Ооба, балаты, кубаныч-шаттык, белектер... Жаңы жылда мектеп, бала бакча, клуб, театр жана башка мекемелерде балаты майрамы өткөрүлөт. Анда оюн-тамашанын ыгы жок, эрежеден тышкары өткөрүлүшүнүн себебинен өрт чыгып, күтүлбөгөн кырсыкка учурап калышыбыз ыктымал эмеспи. Ошондуктан балаты орноткондо жана майрамдык оюн-тамашаларды уюштурууда коопсуздук эрежелерине айрыкча көңүл буруу керек. Анткени жаңы жылдык майрам көп күнгө уланып, балатылар алынбай турары да белгилүү.
Нарын облусунун Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын жалпы жамааты элибизди Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана эмгектеги зор жетишкендиктерди каалайт!