НАРЫН ЖАШТАРЫ КАЙДА ЭС АЛЫШАТ?

Нарын шаарынын жаштары окуу же жумушунан сырткары кандай жайларда, кантип эс алышат? Бош убактыларын эмне менен өткөрүшөт? Ушул суроолорго жооп издеп, Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин кеңешчиси, Нарын облустук Жаштар ордосунун директору Бакыт Эгембердиевге кайрылдык.
– Чындыгында, Нарын шаарында жаштар эс ала турган, эстетикалык жактан тарбиялоочу коомдук жайлар жок. Бул маселеге буга чейин эч ким көңүл бурган эмес. Көңүл бурулган күндө да, мамлекеттен бөлүнүүчү каражаттын аздыгы кендирди кесип келет. 2012-жылдын 22-июнунда биринчи жолу Нарын шаарына республикалык деңгээлдеги облустук Жаштар ордосун ачтык. Шаар ичинде спорт тармагында жакшы эле жетишкендиктер бар. Машыгуу залдары, теннис корттору, футбол аянттары кичинекей шаарыбызга жетишерлик деңгээлде. Ал эми жаштарды маданият жаатында өнүктүрүү көйгөйлүү маселе болуп келет.
Шаарда Нарын музыкалык академиялык театры, райондук Маданият үйү бар, бирок жаштар үчүн өзүнчө жетишерлик көңүл бура алышпайт, себеби алардын милдети – жалпы калкты маданият жагынан тейлөө.
Жаштарды эстетикалык жактан тарбиялоочу кинотасмалардын да мааниси чоң. Андыктан жакында эле Бишкек шаарындагы «Кыргыз киносу» кинотеатры менен келишим түзүп, анын филиалын ачтык. Жашоочулар ордобуздун 400 орундуу концерттик залында кино көрө алышат. Жалаң кыргыздын сапаттуу кинолорун жума сайын көрсөтүп туруу шартын түздүк. Ачылганына аз эле убакыт болду. Жаз алды менен кадимкидей заманбап кылып, кире беришке сеанстар ортосунда тамак-аш, суусундук ичип, эс алып отурууга ылайыкташкан жайларды жасайлы деген пландарыбыз бар.
Жаштардын демилгеси абдан жогорку деңгээлде экен. Идея, ой-талаптарын айтып, сунуш киргизип келип калган жаштар бизди абдан кубантат. Поэзия кечелери, ток-шоу программалары уюшулса, жаштардын көйгөйлөрү же жетишкендиктери талкууланып, жергиликтүү көрсөтүүлөрдүн жардамы менен элге чагылдырылса деген идеяларын айтышууда. Айрымдары өтө таланттуу. Кол өнөрчүлүгү менен, ыр-бий жагынан да өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп турушат. Андай жаштарга колдоо гана керек. Буюрса, мунун баары алдыдагы пландарыбызда бар. 
Жаштар – демилгелери менен өлкөнү гүлдөтүп-өнүктүрүүгө же тыптыйпыл кылып салууга күчү жете турган катмар. Аларга пайдалуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, жыйынтык гана күтүп туруу керек экенин түшүндүк.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
pyeon hwa
2013-01-01 21:21:15
orkyndop oso ber NARYN
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан