Талас шаарындагы борбордук аянтка бийиктиги 12 метр болгон жаңы жылдык балаты орнотулду. Ал эми кооз балатынын жанына сүрөткө түшүүнү каалагандар үчүн Аяз ата менен жылдын ээси болгон жыландан баштап аюу, арстан жана жолборс сыяктуу оюнчуктар орнотулду. Талас эли 31-декабрда борбордук аянтка келип маанайларын көтөрүп, Жаңы жылды тосуп алууга шарттар түзүлдү.