Президент Алмазбек Атамбаев:«БИЗГЕ «КЫРГЫЗГАЗ» ЭМЕС, ГАЗДЫН ӨЗҮ КЕРЕК»

Мамлекет башчы бир жылдык башкаруусунун ичинде эң чоң маалымат жыйынын берип, үч саатка созулган суроо-жоопто ага 60ка чукул собол узатылды. «Курч болобу же башкабы, каалаган сурооңорго жооп берүүгө даярмын» деген Алмазбек мырзанын сөзүнөн улам журналисттер учурдан пайдаланып калууга жетишишти.

«ДАТКА-КЕМИН» БҮТМӨЙҮНЧӨ БУЛ МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛБЕЙТ»
Маалымат жыйыны башталары менен энергетикага байланыштуу «Газ эмнеге жок? Жарык качан өчкөнүн токтотот?» сыяктуу суроолор жаап баштады.
Көгүлтүр от маселесине биринчи токтолгон президент: «Бизге «Кыргызгаз» эмес, газдын өзү керек. Ал компанияны «Газпромго» 1 долларга сатышат экен деген сөз кайдан чыкканын билбейм. Бирок биз аны керек болсо үстүнө акча кошуп беришибиз шарт. Анткени ал мурунку карыздарды, баш-аягы 30-40 миллион долларды кошо төлөйт. Мен
«Газпромго» төрт шарт койдум: Кыргызстанды жыл бою үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылууну, газдын баасы Өзбекстан же Казакстандан арзаныраак болуусун, орусиялык компания жок дегенде «Кыргызгаздын» инфраструктурасына 500 миллион доллар каражат кошуусун, эң аягында өлкөдө газдын чалгындоосун жүргүзүү керектигин айттым»,-
деди.
Электр энергияга келгенде Алмазбек мырза агынан жарыла «калп айткым келбейт» деп баштады. Анын айтымында, «Датка-Кемин» электр берүү линиясы курулуп бүтмөйүнчө бул тармактагы маселелер аягына чейин чечилбейт. Демек, дагы 2,5 жылдай кыйналууга туура келет. Бул кыш эле эмес, дагы алдыда эки кыш турарын эске салды.

120 ДЕПУТАТ КӨП ЭМЕСПИ?
«2010-жылы парламентте биринчи өкмөт башчыны шайлоодо бул кызматты ээлегиси келген талапкерлердин бири депутаттарга акча тараткан. Кээ бири ошол акчаны алышкан. Бирок 60 депутатка караганда 120нын баарын сатып алуу оор. Эл өкүлдөрүнүн саны канчалык аз болсо, ал жактагы кырдаалды көзөмөл алдында кармоо ошончолук кыйындайт»,- деп жооп берди Атамбаев.
Жогорку Кеңешти таркатууну талап кылгандарга байланыштуу акыркы шайлоонун кандай өткөнүн эске салды. «Биз адилеттүү шайлоого даяр эмес экенбиз. Мыйзам жагынан да, техникалык жактан да. Ошондон кийин чоң тапшырманы койдум. Кийинки парламенттик шайлоонун болушунча таза, ачык өтүшү үчүн колдон келгенин жасоо зарыл. Мейли, бул биометрдик паспорттор болсун. Монголияда ушундай документтер менен добуш берүүгө келгенде бармагынын изи менен каттоодон өтүшөт. Шайлоо канчалык адилет өтсө, элдин парламентке болгон ишеними ошончолук артат»,- деди мамлекет башчы.

ПРЕЗИДЕНТТИН БИР КҮНДҮК ИШИ КАНЧА ТУРАТ?
Алмазбек мырза өкмөткө салыштырмалуу президенттик укугу чектелүү болгонуна карабастан, экономикалык суроодон аттап өткөн жок. «Көбү мени акча сурап жүрөт деп айтышат. Ооба, ошондой. Быйыл биз 600 миллион доллардык грант-насыя алып, карызыбыз жоюлду. Бөлө келгенде ар бир иштеген күнүмдө 2 миллион доллар грант алып же карызды жойдурууга аракет кылган болом. Бирок мындан ары бул иш кайталанбайт»,- деди.
Анын айтымында, биздин бир гана жолубуз бар, ал – сырттан инвестиция тартып келүү. «Ал үчүн өлкө ичиндеги атмосфераны өзгөртүүгө муктажбыз, маалыматтык колдоо керек»,- деп журналисттерге да кайрылды.
Коррупцияга токтолгон президент: «Эгерде үй-бүлөмдүн ичинен бирөөсү кылмыш кылса, анда ал тиешелүү жазасын алат. Мыйзам баарына бирдей. Президенттик кызматтан жакшы нерсе көрө элекмин. Дос, туугандардан ажыраганы турам»,- деп жооп кылды. Анан да Алмазбек Атамбаев эч жакка качып кетпей турганын айтты.

«КЫРГЫЗДЫН ДУШМАНЫ – КЫРГЫЗ»
Президент «кыргыздын башкы душманы – кыргыздар, өзүн башкалардан акылдуураак сезген улутчулдар» деди. Бул сөздү ар ким өз акыл-оюна жараша кабыл алды. Ал эмес, президентти мунун айынан «орусташып кеткен» деп сындагандар болду. Бирок түпкү маңызында президент «өзүбүзгө өзүбүз эле бут тособуз» дегенди айтып кейиди. Мамлекет башчы Манас баатырды да кыргыздар өзү уулантканын, анын уулу Семетейди да кайра эле кыргыздардан Ташкентте жашырып жүрүп өстүрүшкөнүн эскерди.
«Мына, Лаврова (Каржы министри) боюнча улутчулдар кыргыз тилин билген келсин дешти. Бизге филолог керекпи же финансистпи? Прокуратура дагы мындай улуттук душмандыкка көкүткөндөрдүн көзүн ачыш керек»,- деди.

«КЕРЕМЕТКЕ ИШЕНЕЛИ»
Маалымат жыйыны аяктаарда резиденцияда электр жарыгы өчүп калды. Журналисттер менен баарлашууну президент жагымдуу нотада аяктоону туура көрүп, бир баянды айтып берди: «Шаарлардын биринде көпкө чейин жаан жаабай коёт, ошондо анын тургундары чогулуп, дуба кылышмак болот. Аянтка келген улуулардын арасынан кол чатыр көтөргөн кичинекей баланы көрүп калышып, андан «эмне үчүн сен кол чатыр менен келдиң?» деп сурай башташат. Ошондо ал бала «а биз жамгыр сурайлы деп келбедикпи» деген экен.
Биз бири-бирибизге ишенсек, кереметке ишенсек, өлкөбүз да күчтүү болот»,- деп жыйынтыктады өлкө башчы.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aote
2013-01-01 18:23:00
созу ишине дал келишине ишенем!
0
Beka90
2013-01-01 18:40:45
Суроо жооп болсо эле чечилип калат беле Кыргызстаныбыздын койгойу же Атамбаевдин ой миненясын билип алабызбы? Кыргызда айтылган соз атылган октой болбойт.
0
Taisiya
2013-01-01 19:06:32
Коро жатарбыз созунун устунон чыгаарын. Айта берет,кайта берет,кача берет болбосо эле....
0
zhorobekt
2013-01-02 11:43:43
Убакыт корсотот
0
ainabaz82
2013-01-03 00:43:29
Жакшылыка умут этип жашаш керек туура айтат.Адам суйлоп жатканда козунон эле билинет коодондон чыккан создор. Мен Атамбаевке ишенем.
+1
OMG
2013-01-03 07:22:11
Men sizge ishenem Uurmattu Almazbek Atambaev bizdin Prezident.
+1
maksat
2013-01-04 01:45:16
туура айтат... кыргызстандын жаштарына жаныча тарбия беришибиз керек.. бири бирибизди буттан тартпай тескеринен которгонду уйронолу.. емне болуп осуп келе жатат жаны муун??ЫЙМАН деген нерсе тап такыр унутулмай болду.. келгиле баарыбыз салым кошолу жаны жакшы жашоого??
0
Beko_1
2013-01-04 12:02:58
Akirinda svettin ochup kalgani maga atayin uyuwturulgan sayasat bolgondoy sezilet. Antkeni rezidenciya ozgocho obyekt al jerde voobwe elektr energiyasi ochpoyt iwi kilip kulakka lapwa ilmey da.
0
mars-el
2013-01-05 14:11:07
Beko_1, tura aitasyn.
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан