ВАНИЛИН

Кондитердик азыктарды жегенде таттуу жыпар жыт жана керемет даам табитти ачып, жеген сайын жегиңди келтирет. Өзгөчө вафли жегенде. Мына ушундай жыт жана даам берген татымал ванилин. Ал эмнеден алынат?
Ваниль өсүмдүгү Колумб Американы ачканга чейин эле ацтектер (Мексикадагы индей эли) тарабынан колдонулуп келген. Тагыраак айтканда, ванилдин узун, ичке мөмөлөрү (узундугу 10-20 см) шоколад үчүн татымал катары пайдаланылган.
Ваниль – орхидея түркүмүндөгү лиана сымал көп жылдык өсүмдүк. Табигый мекени Мексика жана Борбордук Америка болгон ванилден ванилин татымалы, жогоруда айтылгандай, илгертен алынат. Учурда бул баалуу өсүмдүк көптөгөн өлкөлөрдө өстүрүлөт.

ВАНИЛИНДИ КАНТИП АЛЫШАТ?
Ванилдин көк мөмөлөрүн чогултуп, бир нече ай коюп коюшат. Айта кетчү нерсе, көк мөмөнүн жыты болбойт. Анан мөмөлөрдү 20 секунддай кайнак сууда кармашат. Кийинки кадам аларды күнгө жайып, кактап кургатып алууга, кайра ысык бууга кармоого келет. Мөмөлөр эртеси кайра күнгө жайылып кургатылат да, кечинде маталарга оролуп, аба кирбей турган контейнерлерге салынат.
Мындай процесстин жүрүшүндө мөмөлөрдүн өңү кочкул күрөңгө айланат. Жыты да чыга баштайт. Контейнерлердеги ванилдер канчалык узакка сакталса, жыты да ошончолук күчөй берет. Жакшы кургатылган жогорку сорттогу ванилдердин сыртынан ванилин ак порошок же кыроо сымал көрүнүп турат. Бирок ванилде ванилинден тышкары жыпар жыт берүүчү 200дөй зат да бар. Андыктан ваниль турган турушу менен баалуу.
Ванилден ванилинди бөлүп алуу үчүн учурда ишканаларда атайын технологиялар колдонулат. Айта кетсек, мөмөлөрдү майдалап, тоңдуруп, анан ысытып, түрдүү химикаттарды колдонуу жолу аркылуу.
Дүйнө боюнча ванилинге талап 1 жылда 12 миң тоннадан ашат. Мунун 1800 тоннага жакыны табигый жол менен алынса, калганы химиялык синтез жолу менен алынат.
Өндүрүлгөн ванилиндердин 75 пайызы балмуздак менен шоколаддарга даам бергич каражат катары колдонулат. Кондитердик азыктардан тышкары медициналык жана кир жуугуч каражаттарга жагымсыз жытты басуу үчүн кошушат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан