Урматтуу окурман, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Супер-Инфо» гезитиндеги «Өкмөт жооп берет» рубрикасына кайрылыңыз же www.super.kg сайтына кирип, «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Соболдоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Байланыш телефону: (0312) 32-33-27
Бул ирет Билим берүү жана илим министрлигине байланыштуу суроого орун бердик.
«ЭМНЕГЕ ОКУУ КИТЕПТЕРИ ЖЕТИШПЕЙТ?»
– Азыр мектепте көп китептер жетишпейт. Мисалы, Англис тили китеби. Былтыр, 9-класста биз Союз маалында чыккан китептерди окуп жүрдүк. Бир бети болсо, бир бети жок, аябай эскирген китептер. Эмнеге ушундай керектүү китептер чыгарылбайт? Бүгүнкү күндө Кыргызстанда окуу китептерин басып чыгаруу кандай каралган?
Салтанат Абышова, Бишкек шаары
– 2012-2013-окуу жылдын башталышына карата министрлик тарабынан республиканын билим берүү уюмдары үчүн 300 миллион сомго жалпы нускасы 3 203 890 болгон 72 аталыштагы окуу китептери басылып жана жеткирүү каралган. Бул үчүн 2011-жылы кыргыз өкмөтү тарабынан 100 миллион сом бөлүнгөн. Аталган акча каражатына министрлик тарабынан окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 25 аталыштагы 1 180 160 нускадагы окуу китептери басылып, облустук борборлорго жеткирилди. Ал эми «Өзгөчө кырдаалда бюджетке жардам берүү» долбоору тарабынан 2011-жылы 200 миллион сом бөлүнүп, бул каражатка 47 аталыштагы 2 023 730 нускада китеп чыгаруу белгиленген жана Каржы министрлиги тарабынан тендер өткөрүлгөн. Жыйынтыктап айтканда, 300 миллион сомго 72 аталыштагы 3 203 890 нуска окуу китептери басылууда.
Бүгүнкү күндө мунун ичинен 50 аталыштагы 1 869 570 нуска окуу китептери басылып, облустардын, шаарлардын борборлоруна жеткирилди. Булар толугу менен мектептерге жеткирилгенде камсыздоо 9 пайызга гана өсөт.
Мындан сырткары КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №55-«Туруктуулук жана татыктуу жашоо» (100 күн) деген токтомуна жараша окуу китептерин чыгарыш үчүн 100 миллион сом бөлүү каралган. Бул каражат менен «Айылдык билим берүү» долбоорунун алкагында жаңы куррикулумга ылайык 2-класстар үчүн Орус тили, Кыргыз тили, Адабий окуу, ИЗО, Музыка боюнча окуу китептерин чыгаруу белгиленген.
Жыл сайын белгилүү өлчөмдө китеп чыгарылганы менен, тартыштык дале сакталып жатат. Анткени биздин китепканалардагы китеп фондусу 62 пайыз деп айтылып жатканына карабастан, анын ичинде 50 пайыздан жогору китептер эскирип бүткөн. Санитардык жана мазмундук жактан эскирген китептер болгондуктан, дагы көп каражат талап кылынат.
Кыргызстанда жалпысынан 1 миллион 15 миңден ашуун мектеп окуучулары бар. 1-класстан 11-класска чейин ар бир класста орто эсеп менен 60-70 миңдей окуучу билим алат. Бардык окуучуларга жетиши үчүн бир эле сабактан республика боюнча 60-70 миң нускада китеп чыгышы керек.
Китептерди басууда жеке менчик типографияларга мүмкүнчүлүк берүү керек. Мамлекет өзү камсыз кыла албай жаткан учурда ата-энелер өздөрү арзаныраак, 80-90 сомдон (базарларда 300-350 сомду чапчыйт) сатып бергенге шарт түзүлөт. Ушундай ыкма менен төрт жылдан кийин Кыргызстандагы мектептерди жүз пайыз китеп менен камсыз кылууга болот.
Суроого Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева жооп берди