КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

ТАКСИСТТИ ӨЛТҮРГӨНДӨР КОЛГО ТҮШҮРҮЛДҮ
6-декабрда милицияга борбор калаабыздын 32 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал аял өз арызында анын жакын тууганы, 1987-жылы туулган Илим Таштанбеков эки күн мурун Мерседес үлгүсүндөгү автоунаасы менен чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирген. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, бул факт боюнча Биринчи Май РИИБи издөө иштерин баштаган. Белгилүү болгондой, И.Таштанбеков автоунаасы менен киши ташып иштечү экен, ошол күнү да акча табуу үчүн чыккан.
8-декабрь күнү анын автоунаасы Сокулук районуна караштуу Селекция айылынан табылып, ошол эле күнү Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 123-беренеси (киши уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй оперкызматкерлер таксисттин дайынсыз кеткенине тийиштүү адамдардын изине түшүшкөн. 18-декабрда кылмышка шектелип 1992-жылы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган А.Н. жана ушул эле айылдын 18 жаштагы тургуну С.А. кармалган. Экөө “Беш-Сары” базарында уюлдук телефон сатып иштешчү экен. Иликтөө иштеринин учурунда кылмышка шектүүлөр таксистти өлтүрүп койгондугун мойнуна алышып, анын сөөгүн кайда ташташканын болжолдуу көрсөтүп беришкен. Милиция кызматкерлери Тунгуч кичи районуна жакын жердеги аңдан кар астынан киши колдуу болуп каза болгон И.Таштанбековдун денесин табышкан.
Белгилүү болгондой, алар таксисттен жеткирип коюшун суранышып, жолдо баратканда кол салышкан. Айдоочуну сабап, муунтуп өлтүрүп, жанында болгон буюмдарын жана 800 сом акчасын алып, өзүн аңга таштап салышкан. Автоунаасын айдап жүрүшүп, бензин түгөнүп калганда Селекция айылына таштап качып кетишкен. Учурда бул кылмыш иши боюнча керектүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

3 АЙЛЫК НАРИСТЕНИ СУУКТА СЫРТКА ТАШТАП КЕТИШКЕН
20-декабрда Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз бирөөлөр таштап кеткен наристенин табылганы тууралуу маалымат түшкөн. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүндө жайгашкан павильондун эшигинин алдына белгисиз адамдар эмчек эмген наристени таштап кетишкен. Азиат улутундагы, болжол менен 3 айлык эркек бала ак жуурканга оролуу болгон. Ымыркайды павильондо иштегендер көрүп, милицияга кабарлашкан. Наристе борбордук ооруканалардын бирине жеткирилип, учурда баланы таштап кеткендерди аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

ӨРТТҮН АЙЫНАН 2 КИШИ КАЗА БОЛДУ
Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы өрт кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 24-декабрда саат 23:00 чамасында өрт өчүрүү кызматына аталган райондогу Ровный айылынын Совет көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт чыкканы тууралуу телефон чалуу келип түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр үйдөн 3 адамды табышкан. 84 жаштагы Михаил Свечниковдун жана 52 жаштагы Владимир Свечниковдун жансыз денеси табылса, ууланып калган 84 жаштагы Анна Свечникова райондук ооруканага жеткирилди. Маалыматка ылайык, каза болгондор иске ууланышкан. Кошумчалай кетсек, өрт үйдүн 16 метр чарчы аянтын, эмеректерди, буюмдарды күйгүзүп кеткен. Учурда анын келип чыгуу себеби такталууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nura94
2013-01-01 05:01:27
JEST
0
kurguz...
2013-01-05 12:35:21
Таксисти олтургондорго олум жазасын бергилее оо соттор,колдон келбесе олгон баланын тууган уругуга тапшыргыла еки айбанды!
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан