ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КАНДАЙ ТОСТУҢУЗ?

Жаңы жылды тосуп дуулдап алып, азыр элибиз мемиреген уйкуда. Дегенибиз, жыл ичи талыкпай эмгектенип, эми жаңы жылдын башталышы менен эс алып жаткан чагы. Спортчу, депутат жана шоу адамдары Жаңы жылды кандай тосту экен деп кызыгып суроо салып көрдүк.

«2012-жылдын сахна адамы» Омар: «ЖАҢЫ ҮЙҮБҮЗДӨ ЖАҢЫ ЖЫЛ ТОСТУК»
– Көптөн бери үй-бүлөм менен майрамдасам экен деп кыялданып жүрдүм эле. Эстеп көрсөм, Жаңы жылды үй-бүлөм менен чогуу тоспогонума 4-5 жылдай болуп калыптыр. Бул жылы да заказдарым бар болчу. Бирок майрам астынан үнүм чыкпай калып, баарынан баш тартууга туура келди. Анан кыялдангандай, апама салаттарды даярдашып, кол кабыш кылдым. Салып жаткан үйүбүз да майрам алдынан бүтүп, жаңы үйдө Жаңы жылды тостук. Саат 3төн өткөндө досторум келип куттуктап, көбүнчө китептерди белек кылышты. Өзүм болсо апама атайын көйнөк тиктиртип бердим. Өтүп кеткен жыл мен үчүн аябай сонун болду.

«2010, 2011, 2012-жылдын супер ырчы айымы» Каныкей: «СҮТ МЕНЕН ТОСТ АЙТТЫК»
– Быйыл биринчи жолу апам экөөбүз Жаңы жылды Бишкекте тостук. Жылан жылын сүт менен тосуп алыш керек деген ырымды уккан элем, ошондуктан каалоо-тилектерди да элдикиндей шампан менен эмес, сүт менен айттык. Анан да жыл ичинде жетишкен ийгиликтерге саресеп салып, апам «бул жылы турмуш курушуңду каалайм» деген тилегин айтты. Ар кандай белектердин ичинен мен үчүн өзгөчөсү, дизайнерим Айдай Асангулованын силердин концертиңерде кийип чыккан кийиз көйнөгүн белек кылганы болду. Жакында гана «Супердин» ырчы айымы» аталгандан кийин Ош телеканалы тарабынан «Жылдын мыкты ырчысы» деген наамга татыдым, Кыргызстандагы БУУнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалдым, мен үчүн Балык жылы ийгиликтүү болду.

«Жылдын ырчысы-2012» Айнура Салахидинова: «БЫЙЫЛКЫ ЖАҢЫ ЖЫЛ ӨЗГӨЧӨ БОЛДУ»
– Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам да. Ошондуктан майрамдык дасторкон жайып, сахналаш курбуларым Роза Шакирова, Азиза келип, жакшы тилектерин айтып кетишти. Розанын уулу салют көтөрө келген экен, сааттын жебеси туптуура 12ни какканда сыртка чыгып, майрамдын шаанисин кылып эл катары биз да аттырып койдук. Быйылкы жаңы жылдык майрам мен үчүн өзгөчө болду. Анткени ар жылы ата-энем менен тосуп жүрсөм, быйыл өзүмчө үй-бүлө куруп, жолдошумдун жанында болдум. Жолдошум Жаңы жылга деп кожойке үчүн негизги белек болгон идиш-аяктарды белекке берди. Жаңы жылда элибизде ден соолук, тынчтык, токчулук болсун, өзүм болсо аман-эсен көз жарып алайын деп ниет кылдым.

Чыңгыз Мырзаев, алпаруучу: «КЕЛИНЧЕГИМ ЖАНЫМДА, ЖАЛГЫЗ ЭМЕСМИН»
– Жаңы жылды, Кудайга шүгүр, көңүлдөгүдөй тостук. Былтыр бойдок болсом, быйыл келинчегим жанымда, жалгыз эмесмин. 12ге чейин кайын журтума барып куттуктап, 12де үйгө келип калдык. Анан ата-энем, бир туугандарымдын кашында, чогуу каалоо-тилектерди айтып, Жылан жылын тосуп алдык. Жаңы жыл кирип келери менен кошуна-колоңдор келип, алар менен жакшы маанайда майрамды өткөрдүк. Көп эле белектер болду, бирок материалдык байлык негизги эмес да, эң негизгиси көңүл эмеспи.

Арсен Эралиев, балбан:«ӨЗҮМӨ БЫЙЫЛ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛОМ ДЕГЕН ТАПШЫРМА КОЙДУМ»
– Алгач жалпы журтчулукту Жаңы жылы менен куттуктап кетейин. Быйыл мен үчүн жаңы жылдык маанай 28-декабрда олимпиадалык бал менен башталып, машыктыруучуларыбызды куттуктаганбыз. 31-декабрда болсо, саат 23:30га чейинки убакытты досторума арнап, 12ни үйдө тостум. Буга чейин же Таласка барып үй-бүлөм менен, же Бишкекте досторум менен тосчумун. Быйыл атамдын шаарда турган 3 карындашы менен бир үйдө чогулуп тостук. Өткөн жылда кыргыз спорту кичине начарыраак натыйжага туш болуп калганын эске алып, өзүмө «быйыл Дүйнө чемпиону болом» деген тапшырма койдум.

Бактыбек Калмаматов, ЖКнын депутаты: «КУТТУКТОО КАГАЗЫНАН БАШКАНЫ АЛБАДЫМ»
– Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан, бул күндү келинчегим, балдарым жана туугандарым менен биргеликте өткөздүм. Албетте, белектер да берилбей койгон жок, дос-туугандын балдарына ар кандай кооз аттыргычтарды алып бердим, келинчегиме аялзатына тиешелүү болгон гүлдү тартууладым. Өзүм болсо, коррупциядан коркуп калган жаным, куттуктоо кагазынан башкасын ала алган жокмун.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ainura220888
2013-01-07 22:37:59
Ну и правельно делаешь
+2
antivir
2013-01-08 17:28:33
ха-ха дале депутат бечара
+1
kirgiz-i-ya
2013-01-16 15:20:16
Омар жана Каныкей шоу бизнестин каймактары.Лучщие голоса Кыргызстана и мира.
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан