2012-ЖЫЛ. ЭМНЕ ТАПТЫК? ЭМНЕ ЖОГОТТУК?

Коштошуп жаткан жыл баналдуу эмес, күтүүсүз окуялар менен коштолду. Баягы эле митингдерге бай болгону менен, анын соңкуларынын бири үч депутаттын СИЗОго отуруп калуусу менен эсте калды. Аларга карата сот өкүмү кандай чыгары азырынча белгисиз, бирок биз жылдын башка дагы маанилүү окуяларына тыянак чыгарып көрөлү.

КЫРГЫЗСТАНДА

Январь

  • Жаңы жыл кирип келгенде эле, 4-январда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында казино жана оюн автоматтарынын иштөөсүнө каршы митинг болуп өттү.
  • 30-январь күнү УМККнын Коррупцияга каршы кызматы «Альфа Телеком» («Мегаком») компаниясынын башкы директору Азамат Мурзалиев баштаган дагы башка кызматкерлерин камакка алды. Аларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ишенип тапшырылган менчикти ээлеп алуу жана башка айыптар коюлду.

ФЕВРАЛЬ

  • 10-февралдан тартып Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда визасыз режим келишими ишке кирди.

МАРТ

  • Марттын биринчи күнүндө «Ата Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары Ош шаарында митинг өткөрүштү, ал эми 31-мартта Баткенде.
  • Бул айдын эң дүрбөлөңдүү окуясы экс-президенттин бир тууган иниси Акмат Бакиевдин качып кетүүсү болду. Ал 6-февралда түрмөдөн медициналык борборго дарылоого которулуп, күн сайын текшерип турган колониянын кызматкерлери 3-мартта аны ордунан таппай калышкан. Ушул күнгө чейин анын дайыны белгисиз.
  • 13-мартта Башкы прокуратура Кыргызстанга ташылып келинген уулуу көмүр боюнча Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге кылмыш ишин козгоду.

Апрель

  • 6-апрелде Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков кызматынан бошотулду.

Май

  • Бул айда ИИМдин эксперттик-криминалисттик борборунун кызматкери Надыр Абдыракматов иш бөлмөсүндө өзүн кокустуктан атып алды. Милиция кызматкери кырсык катталган жерден эле жан берген.
  • Көп өтпөй УМККнын офицери үйүндө өз өмүрүнө кол салды. Ал да өзүнө тапанчадан ок чыгарып, ооруканадан көз жумду.

Июнь

  • Бишкек шаарынын экс-мэри, ЖКнын депутаты Нариман Түлеев УМККнын тергөө изоляторуна жеткирилип, ага коррупция боюнча айып тагылды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Нариман Түлеев шаар башчы болуп турганда мамлекетке 1 миллион доллардан ашуун зыян тийгизген.
  • 4-июнда Алмазбек Атамбаев Кытайга барды. Бул сапарда эки өлкөнүн мамлекет башчылары «Датка-Кемин» электр энергиясын өткөрүүчү линияларын жана «Кемин» подстанциясын куруу долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууга кол коюшту.

Июль

  • 4-июлда «пара алганга тиешеси бар» деген айып менен Социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров камакка алынды. Бирок 21-ноябрда Биринчи Май райондук соту экс-министрди бардык айыптоолор боюнча актаган чечим чыгарды.
  • 16-июлда Чубак ажы Жалилов кызматын тапшыруу боюнча Уламалар кеңешине арыз жазды. Анын ордуна 17-июлда Рахматулла ажы Эгембердиев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп шайланды.
  • Айдын аягында Бишкек шаарынын тургундарын Ала-Арча дарыясынын башында жайгашкан Тез-Төр көлү кыйла эле чочутту. «Көлдүн суусунун деңгээли жогорулап кеткендиги үчүн борборду топон суу каптайт экен» деген ушак дуу тарап, Байтик жана Чоң-Арык айылдарынын эли өз алдынча коопсуз жайларга көчүп, коомчулуктагы дүрбөлөң араң токтоду.

Август

  • 13-августта «өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго түркиялык ишкер тарабынан кымбат баалуу аргымак тартууланган, бул пара алууга барабар» деген билдирүү менен «Ата Мекен» фракциясы кезексиз жыйын өткөздү.
  • 16-августта Бишкекке Орусия өкмөт башчысынын биринчи орун басары Игорь Шувалов башында турган делегация келип, президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул иш сапарында эки тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин, ошондой эле Нарын дарыясынын башында жаңы ГЭСтердин каскадын курууга макулдашышты. Ошондой эле Орусия Кыргызстандын 2005-жылдан берки 489 миллион долларлык карызын кечери белгилүү болду.
  • 20-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш бекетинде Балбай Кулбарак уулу аттуу чек арачы төрт кызматташын жана алардын биринин аялын атып өлтүрдү. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учту.
  • 22-августта Парламенттик көпчүлүк коалициясынын жетекчиси, депутат Канатбек Исаев «Биримдик» коалициясы тараганын расмий түрдө билдирди.

Сентябрь

  • 1-сентябрда Өмүрбек Бабанов өкмөт башчынын милдетин аткаруудан бошоду.
  • 3-сентябрда Жогорку Кеңеште КСДП, «Ар-намыс» жана «Ата Мекен» фракцияларынан турган коалиция түзүлүп, премьерликке Жантөрө Сатыбалдиев келди.
  • 3-сентябрда Социалдык коргоо министрлигине караштуу Социалдык жактан камсыздандыруу департаментинин башчысы Гүлнара Дербишева «пара алды» деген шек менен бир айлык мөөнөткө УМККнын СИЗОсуна камакка алынды.
  • 15-сентябрда Башкы прокуратура ЖКнын депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери Элдар Мадылбековду камакка алды. Ал «мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына тиешелүү мүлктү жасалма документтер аркылуу өзүнө менчиктеп алган» деп шектелүүдө. Бул кылмыш ишинде фигурант катары депутат Садыр Жапаров, мурдагы Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов да бар.

Октябрь

  • 3-октябрда «Кумтөрдү» улутташтыруу демилгеси менен чыккан «Ата Журт» фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров «Ала-Тоо» борбордук аянтында митинг өткөрүүдө Ак үйдү басып алуу иш-аракеттерин жасады» деген айып менен УМККнын абагына камалышты.
  • 12-октябрда Британиянын укук коргоо органдары Кыргызстан жана АКШнын өтүнүчү боюнча Максим Бакиевди кармады.
  • 29-октябрда Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кызматтан алынып, анын ордуна Шамиль Атаханов келди. УМККнын төрагасы болуп Бейшенбай Жунусов дайындалды.

Ноябрь

  • 25-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосу өтүп, эртеси «Республика» партиясынын өкүлдөрүнүн добуш берүүдөгү мыйзам бузууларын жашыруун камерага тартып алгандар тасманы интернетке жарыялап жиберишти. Мында «Республика» партиясынын жаштар канатынын лидери Наргиза Ажибаева башкаларга «карусель» боюнча сабак өтүп жаткандыгы тартылган.
  • 26-ноябрда Медет Садыркулов жана дагы 2 кишинин өлүмү боюнча сот өкүмү чыгып, кылмышка катышкан «Альфа» атайын тобунун кызматкери Бакыт Байжанов жана күзөт агенттигинин башчысы Эргешбек Маткайымов 15 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратылды. Ал эми жогорку кызматтагы жетекчилерди кайтаруу кызматынын мурдагы башчысы Марат Турдукулов 18 жылын темир тордо өткөрмөй болду. Чек ара кызматынын экс-башчысы Замир Молдошев болсо 5 жылга күчөтүлгөн тартипте камакка алынды.
  • 30-ноябрда «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды», «Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаев 2 айлык мөөнөткө УМККнын СИЗОсуна камалды.

Декабрь

  • 8-декабрда Бишкекке криминалдык авторитет Камчы Көлбаев Дубайдан келгендиги маалым болду. Ага «Адам уурдоо», «Мыйзамсыз курал-жарак сактоо, аны алып жүрүү» сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айып тагылып, УМККнын СИЗОсуна абакка алынды.
  • 10-декабрда «Супер-Инфо» гезитинин журналисти Асхат Субанбеков УМКК тарабынан уюштурулган «Басылмалар арасындагы коррупцияга каршы күрөштө чагылдырган мыкты макала» сынагында 3-орунду ээлеп, УМКК төрагасынын Ардак грамотасы жана баалуу белеги менен сыйланды.
  • 27-декабрда Түркиянын борбор шаары – Анкарада өткөн Махмуд Кашгари атындагы Эл аралык адабият сынагында кыргыз жазуучусу Айдарбек Сарманбетов 2-орунга арзыды.

ДҮЙНӨДӨ

Январь
23-январда Европалык Биримдик Ирандын нефти продуктуларын импорттоого тыюу салды.

Февраль
4-февралда Москва шаарында Орусиянын Мамлекеттик Думасы менен президенттик шайлоонун жыйынтыгынын бурмалануусуна каршы нааразычылык акция болуп өттү.
17-февралда Германиянын президенти Кристиан Вульф коррупция чатагына байланыштуу отставкага кетти.

Март
4-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтүп, Владимир Путин үчүнчү ирет президент болуп шайланды.

Апрель
16-апрелде Жим Ен Ким Дүйнөлүк банктын башчысы болуп дайындалды.

Май
30-майда Түндүк Корея өзүн өзөктүү куралы бар өлкө деп жар салды.

Июнь
2-июнда Египеттин соту экс-президент Хосни Мубаракты 2011-жылдагы элдик толкундоолордо 850дөй адамды өлтүрүүгө жооптуу деп, өмүр бою эркинен ажыратты.

Июль
6-июлда Румыния парламенти Румыния президенти Траян Бэсескуга импичмент жарыялады.

Август
16-августта курамына 57 мамлекет кирген Ислам кызматташтык уюму Сириядагы каргашалуу окуялардан улам Сирия мамлекетин катардан чыгарып салды.

Сентябрь
9-сентябрда Орусия Федерациясы менен АКШнын ортосунда визалык режимди жөнөкөйлөтүү тууралуу макулдашуу ишке кирди.

Октябрь
7-октябрда Венесуэлада президенттик шайлоо өтүп, ага үчүнчү жолу Уго Чавес мамлекет башчысы болуп шайланды.

Ноябрь
6-ноябрда Барак Обама экинчи мөөнөткө АКШнын президенти болуп шайланды.

Декабрь
19-декабрда «Сэнури» консервативдик партиясынын төрайымы Пак Кын Хе Түштүк Кореянын биринчи аял президенти болуп шайланды.
25-декабрда Казакстандын «Чымкент» аэропортунан учак кырсыкка учурап, 27 адам каза болду. Учакта 20 аскер кызматкерлери, анын ичинде Казакстан Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Турганбек Стамбеков жана экипаждын 7 мүчөсү бар болчу.

Мээрим Жеңишбек кызы
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Begim8678
2013-01-14 08:12:20
Эми бул жылдан Кыргызстандын экономикасы мынчага осту, эли жакшы ийгиликтерге жетти деген гана кубанычтуу жанылыктарды кутом.
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан