Президент Алмазбек Атамбаев быйылкы жылды иштермандарга арнады. Мамлекет башчы жаңы жылдык куттуктоосунда: «Тарыхты карасак, биримдиги бар өлкөлөр гана ийгиликке жетишкен. Согушта талкаланып, тизелеп калган Япония менен Германия элинин күжүрмөн эмгеги менен гүлдөгөн өлкөлөргө айланышты.
Биз маңдай тери менен нан тапкан, өз күчү менен үй-бүлөсүн баккан иштерман адамдарды колдоого тийишпиз. Кыргызстандын накта каармандары ошол жөнөкөй күжүрмөндөр болуш керек. Иштей турган мезгил келди!»- деп кыргызстандыктарга чакырык таштады.