Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов Токтогул ГЭСинде орун алган аварияга байланыштуу маалымат берип, анын кесепети бир аптанын ичинде жоюларын жана жакын арада электр энергиясына болгон чектөө да алынарын айтты.
Андан тышкары Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы Жогорку Нарын ГЭС каскады менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашууну карап чыгып, аны добуш берүүгө жөнөттү. Автандил Калмамбетовдун айтымында, эки өлкөнүн арасында кол коюлган келишимге ылайык, Нарын каскадында 8 ГЭС курулат, алардын үлүшүнө теңме-тең Кыргызстан менен Орусия ээлик кылмакчы. Талкуу учурунда депутат Карганбек Самаков ГЭСтин курулушуна Нарында цемент заводун курууну, жергиликтүү тургундарды электр кубаты менен бекер камсыз кылуу демилгесин көтөрдү.