«Кыргызгаз» ААКсынын башкы директорунун орун басары Евгений Орленконун айтымында, жаратылыш газы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. «Казакстан менен Өзбекстандын өкмөтү баа боюнча өз чечимин чыгарышы керек. Ал дайын болору менен бизге кабарлашат. Бирок Кыргызстан бааны мурунку бойдон калтырууну сурады»,- деди Евгений Орленко.
Алдын ала макулдашуу боюнча, быйыл Өзбекстандан 100 миллион, ал эми Казакстандан 300 миллион м3 газ сатылып алынат.