«ТААРЫНБА»

– Султан, клиптин сюжети эмне жөнүндө?
– Клиптин кыскача мазмунун айта кетсем, төмөн­күчө: Сүйүш­көн кыз менен жигит көлдө кемеде сүзүп жүрүшүп, жигиттин олдоксондугунун айынан кыз суу­га түшүп кетет. Суудан чыккандан кийин кыз жигитине таарынып үйүнө келет да, буюмдарын чогултуп, ачкычты кошуналарына калтырып кетип калат. А жигити белек кылган жумшак оюнчуктун жерге түшүп калганын байкабайт. Жигит үйүнө келсе кошуналары ачкыч менен оюнчукту беришет. Ошентип, ал машина менен кызын кууп жетет да, оюнчугун берет. Кыскасы, аягында экөө кайра жарашышат. Бул жерде жигиттин ролун өзүм, кыздын ролун Нуржан аттуу кыз аткарды.

– Кызды атайын конкурс менен таптыңбы?
– Атайын конкурс жарыялаган жокпуз. Бирок, акыркы күндөрү көчөдө жүрсөк да продюсерим экөөбүз бардык жагынан мага туура келе турган кыз издеп калганбыз. Акыры бир тааныштар аркылуу ушул Нуржанды таптык.

– Клипти канча убакытта тарттыңар?
– Элдер бир күндө эле бир клипти даяр кылып коюшат экен. Биз болсо даярдыктардан тышкары съёмканы эле төрт күндө тарттык. Бишкекте бир күн, Көлдө үч күн бою клип тартуу менен убараландык.

– Ушул клибиңе тартылуу эмнеси менен сенин эсиңде калды?
– Көлдүн жээгинен эч ким тоскоол болбой турган ылайыктуу жай тапкан соң, машинабызды кумдун үстүнө коюп, өзүбүз ишке киришкенбиз. Бир маалда тартып бү­түп, кетели десек эле машинабыз жүр­бөйт. Көрсө, кумга тыгылып калыптыр. Түр­түп да такыр чыгара албай койдук. Жардамга чакыралы десек айланабызда эч ким жок. Акыры айла жок Чолпонатада эс алып жүргөн Марлис деген демөөрчүмө телефон чалдык. Алар келгенче жөн отурбай машинабыздын кумга тыгылып, биздин чыгара албай жатканыбызды камерага тартып алганбыз. Кийин ошол сюжетти клипке кошуп койдук.

– Канча каражат сарптаганың сыр эмеспи?
– Мен буга чейин клип тарттырып көргөн эмес болчумун. Ошондуктан, мынчалык көп каражат кетет деп ойлогон эмесмин. Өзүмдүн башыма түшкөндө баарын билдим. Клипке баш-аягы болуп миң доллар сарптадык. Мен үчүн акчасы маанилүү эмес. Негизгиси, элдин көңүлүнө жакса болгону.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 201, 8-14-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан