28-декабрь күнү Бишкек шаардык кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, анын депутаттары төрага кылып Марат Аманкуловду шайлашты. Айтмакчы, көпчүлүктүн курамына КСДП менен «Замандаш-Современник» партиясынан тышкары «Ата Мекен» да кошулду. Ал эми 11 мандат алган «Республика» оппозицияда калды.
Биринчи жыйын башталбай жатып КСДПнын депутаты Василий Дашков «республикачылардан» үч жолу кечирим суроого мажбур болгон «күнөө» кылды. Дашков оппозицияда калган эл өкүлдөрүн «утулдуңарбы, эми болсо үрүп жатасыңар» деп кагып өткөн. Бирок шаардык парламенттин спикери Аманкуловдун айтымында, ошол эле күнү Дашков кечирим сурап, эки тарап өз ара түшүнүшүп алышкан.
Бишкек шаардык кеңештин кезектеги жыйыны январь айынын соңуна белгиленди.