ЖКнын депутаттары 2013-ЖЫЛДЫН 8-12-ЯНВАРЬ күндөрү аймактардагы шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрөт.
Башкы прокуратура ОШ ШААРДЫК СОТУ менен ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНДУК СОТУНУН судьяларына кылмыш иши козголгонун билдирип, Соттор кеңешине аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү көрсөтмөсү жөнөтүлдү.
Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын айтымында, Жаңы жыл түнү өлкөдө 189 ЫМЫРКАЙ төрөлгөн.
Ош облусундагы МЫРЗАКЕ – КАРА-КУЛЖА – АЛАЙКУУ АВТОЖОЛУ 5-январга чейин жабылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2-январга карата 14 МИЛЛИАРД 889 МИЛЛИОН м3ду түздү.
Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, 2012-жылдын 31-декабрынан 2013-жылдын 2-январына чейин түрдүү жардыргыч заттардан 30 КИШИ жабыр тартып, анын ичинен жетөөсү ооруканага жеткирилген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.