2012- ЖЫЛДА КЫРГЫЗ СПОРТУ ЭМНЕСИ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ?

2012-жылдын өзгөчөлүгү – анын олимпиадалык жыл экенинде. Лондондо өткөн мааракелик 30-Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 14 гана спортчу жолдомо алды. Бул эгемендүү болгондон кийинки ата мекендик спорттун тарыхындагы эң жаман көрсөткүч. Ал жолдомонун бир канчасы ЭОК (Эл аралык Олимпиада Комитети) тарабынан спорт өнүгө элек өлкөлөргө колдоо катары берилүүчү жолдомолордон болду. Негизи, мындай курам менен Лондонго узатпай эле коюш керек болчу, узаткан соң алардан ийгилик үмүт этүү да кыйын эле. Ошентсе да артта калган жылга көз чаптырып көрдүк.

ОЛИМПИАДА ЖАНА АНДАН БАШКА ЖОГОТУУЛАР
Январь айында футбол боюнча жаштардан турган улуттук курама командабыз Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Шериктештик Кубогуна катышып келди. Украина, Молдавия жана Латвия менен бир тайпада ойногон мекендештерибиз бир упай ала албай кайтышты.
Сентябрь айында Дүйшөмбү шаарында АФКнын президентинин Кубогунда «Дордой» 7-ирет катышып, биринчи жолу финалга чыга албай калды. Ошондой эле жолсуз жүрүш деп «Лондон-2012» Олимпиадасына жолдомо ойнотулган 3 мелдеште шагыраган балбандарыбыздан 4 гана жолдомого илингенин кошсок болот. Ал эми Олимпиадага 14 спортчунун төртөө ЭОКтун (Эл аралык Олимпиада Комитети) жолдомосу менен барып, баары ийгиликсиз кайтканын унута элек чыгарсыз. Мындай жоготуу тууралуу талкуу өткөрүү үчүн кыргыз спортунун тарыхында быйыл биринчи жолу спорттук курултай өттү. Андан соң Рио-де-Жанейродо өтүүчү кийинки Олимпиадага кызуу даярдык көрүлүп, атайын базалардын да долбоору чийиле баштады.

СПОРТТУК ЭМГЕКТЕР
Ален Офойо. «Кара кыргыз» атка конгон кикбоксчу Ален Офойонун беттештерин камтыган атайын диск жарык көрдү. Муну спортчу өзү чуркап бүтүрдү.
«КРнын Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы». Улуттук Олимпиада Комитетинин долбоорунун негизинде аталган энциклопедия жарык көрдү. Анда азиялык, олимпиадалык оюндар, дене тарбия жана спорт тарыхы, маалыматтар, спорт түрлөрүнүн Кыргызстандагы өнүгүүсү жана башка маалыматтар камтылган.

Сыйлык алышты. Айымдар арасындагы күрөш боюнча башкы машыктыруучулукту аркала- ган Нурбек Изабеков баш болуп, Бахтияр Юсупов, Идирис Ботиков, Кубанычбек
Идинов жана Казакбай Нуров сыяктуу машыктыруучулар «КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу» наамына татышты.

ОРУН АЛМАШУУЛАР
Футбол боюнча улуттук курама команда өзгөрүүлөргө учурады. Команданын башкы машыктыруучусу Муратбек Жумакеев ордун бошотту. Кыргыз футболунун сапатын арттыруу максатында бул орунга 6 жылдан бери «Дордойдун» башында туруп келген Сергей Дворянков дайындалды. Ал эми КРнын Футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев 4 жылдык кызматтан соң президенттин жарлыгы менен ээлеген кызматын өткөрдү. Көрсөтүлгөн 3 талапкердин ичинен бул орунга Семетей Султанов келип отурду.
Жыл башында КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Үмбеталы Кыдыралиев кызматтан алынып, ордуна Байгазы Кенжебаев дайындалды. Ошондой эле грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучулары алмашты. Грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Эмил Алыкуловдун ордуна «Бээжин-2008» Олимпиадасынын триумфатору Канатбек Бегалиев келсе, эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучу болуп Руслан Маджинов дайындалды (Анарбек Усенкановдун ордуна).

АЧЫЛЫШТАР
Бул жылы кыргыз спортунда анча көп эмес ачылыштар болду. Кыргызстанда өткөн бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду алып Канат Сыдыков атын чыгарса, эрежесиз эр уруш боюнча бир катар беттештерди өткөргөн Актилек Жумабек уулу да атын тааныта алды. Ошондой эле айымдар арасындагы күрөш боюнча «чү» дегенде эле «Лондон-2012» Олимпиадасына жолдомо алган Айсулуу Тыныбекова менен футбол боюнча «Дордойдун» курамында өзгөчөлөнгөн Каюмжан Шариповду ачылыштардын катарына кошо алабыз.

МЫКТЫЛАР
Биринчи болуп шахмат боюнча Нуриза Оторбаева Өлкө чемпиону аталды. Кикбокстун К-1 версиясы боюнча Континенттер аралык чемпион Алексей Федосеев Ялтада кикбокс боюнча Дүйнө Кубогунда кур тагынып кайтты. 2012-жыл Алексей үчүн ийгиликтүү болуп, К-1 версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугунун жана W5 Fighter мелдешинин чемпиондук курун тагынды.
Кылычбек Саркарбаев үчүн да жыл жемиштүү болду. Беларуста өткөн уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кылычбек Саркарбаев 5-орунду алса, Кыргызстанда бир катар рейтингдик беттештерде жеңүүчү аталды. Анан, албетте, «Супер-Инфонун» тандоосу менен «2012-жылдын Супер спортчусу» наамын жеўип алды.
Футбол боюнча «Дордой» үчүн жыл ийгиликтүү болору сезон башында эле байкалган. Алар башында «Абдыш-Ата» командасын утуп, КРнын Суперкубогун камсыздаса, Көз карандысыздык Кубогунун финалында «Алганы» 6:0 эсебинде утуп алды. Андан тышкары Өлкө чемпиондугунда сезон жыйынтыкталарына 6 тур калганда мөөнөтүнөн мурда чемпион аталды. Бул алардын 8-чемпиондугу болуп калды.
Жылдын кайтып келүүсү катары көк бөрү боюнча «Бөрүлү» командасын көрсөтүүгө болот. Бир жылдык тыныгуудан кийин сокулуктуктар кайрадан көк бөрү боюнча Өлкө чемпиону аталышты. Бул эле эмес, көк бөрүчүлөрүбүз Казакстандын Чымкент шаарында өткөн эл аралык мелдешти утуп алышты. Казакстан менен Кытайдын ат үстүндөгү азаматтарын артка калтырып, финалда кыргызстандык эки команда – «Кабылан» менен «Кожомкул» кез келди. Бул кыргыздар көк бөрү боюнча Борбордук Азияда биринчи дегенди билдирет.
Чет жерлерде жүргөн спортчуларыбыздан Эмил Кенжесариев Өзбекстандын «Бунёдкор» клубуна өткөн. Көп өтпөй казакстандык «Актөбеге» кайтып келди. Жаш футболчу Эрбол Атабаев «Барселонанын» футболдук мектебине кабыл алынып, сентябрь айынан тарта окуй баштады.

ЧЫРЛАР
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында балбан Айсулуу Тыныбекова жана Розалия Тилегенованын ишине чекит койду. Аталган спортчуларыбызды Кылмыш кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, Айсулуу 2 жылга, Розалия 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылышты. Ошентип,«көчөдө эмес», спорт дүйнөсүндө чуу сала турчу Айсулуу «17 жашар кызды сабады» деген айып менен соттолду.
Чырлардын катарын Дзюдо федерациясынын президенти Азамат Бакасовго байланышкан иштер толуктайт. «Кылмыштуу топтун мүчөсү» деген айып менен аны ИИМ кармап, кийин кайра коё берген. Кийин журналисттер менен жолугуп, бир катар суроолорго жооп берди. «Көпчүлүккө жалгыз каршы туруудан тажадым» деген Азамат мырза ноябрь айында жумуштан кетүү тууралуу арызын берген эле. «Арызым карала элек. Январда чогулушта каралат. Ошого чейин иштей берем»,-деп билдирди жакында.


КЫРГЫЗСТАНДА БОЛУП КАЙТКАН КОНОКТОР
Жыл ичинде бир-эки спорттук мелдештер жана спортко байланыштуу сүйлөшүү үчүн атактуу спорттук ишмерлер жана спортчулар өлкөбүздө болуп кайтышты. Март айында Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп, 100гө жакын кий чебери өлкөбүздө болсо, сентябрда УЕФАнын президенти Мишель Платини расмий иш сапары менен келип кетти. Ошондой эле эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугу өтсө, кийин Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган бел боо күрөшүнүн алыш түрү боюнча Азия чемпиондугу өттү. Ага дүйнөнүн түрдүү 8 өлкөсүнөн балбандар келип, күч сынашты.
Аншлаг менен өткөн спорттук иш-чаралардын бири деп швециялык Мартин Актардын кикбокстун К-1 версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугунун чемпиондук куру үчүн Алексей Федосеев менен беттешке келгенин айтсак болот. Анан да өлкөдө шахматты өнүктүрүү максатында Алмазбек Атамбаев Эл аралык шахмат федерациясынын президенти (ФИДЕ) Кирсан Илюмжинов менен кезикти.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
jhanibek
2013-01-07 10:30:35
жанагы Айсулуу деген кызды чын эле камап жибериштиби? жаман болуптур эми ЗЕЧКА болот турбайбы
0
jooshbala
2013-01-08 05:39:27
Кырг да спорт онолбойт.Себеби биздин баштан сасыйбыз.Мисалы: тренировка кылам деп кызыгып барасын .Ал жерде мен тренеринди кээде эле корбосон а так корбойсун ал озунун ишенген балдарына дайындап озу катышпайт кундо конул буруп уйротпойт.
Мен озумдун башымдан отконду айттым
0
ELIMA91
2013-01-09 01:06:29
Эн деп жазгансыздарбы? Эу депби тушунбой калдым макаланын башына.
0
admin_media
2013-01-09 09:40:32
ELIMA91,
Катачылык кеткен, рахмат түзөтүлдү.
0
shok_Jigit
2013-01-10 00:24:10
admin_media сиз менен кантип туз байланышсак болот?Сизге болгон бир катаар суроолорум,жана ой пикирлерим бар болчу?
0
anteya
2013-01-12 05:18:51
Кыргызстандын спортун которо тургандарды иштетпесе, алардын ордуна чондор акчасына карап оз тааныштарын коюп атса ал кайсы кыйраткан спорт болот. Ал тааныштары иштей албаса эмне болот деп ойлошпойт. УЯТ да ушундай кылган.Олимпиада буткучо кайра кайра таблицаны карап: жок дегенде 4-5 медаль алса деп умуттонуп аттык, анан томсоруп отуруп калдык, ырымга да 1 да медаль жок. Же чондорубуз креслодон кресло талашкандан башка билген иши жокпу? абдан окунучтуу, элин ойлогон башкаруучулар калбай калган го
0
joysin77
2013-01-13 12:40:05
Жаркын Байзаков жокко
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан