ИТТИН АТЫ, «ИТТИН СТИЛИ» МЕНЕН АТАКТУУ БОЛГОН СНУП ДОГГ

 Ырчылар менен дуэт ырдоо жагынан алдына эч кимди салбаган америкалык рэпер Снуп Догг бүгүн биздин «Дүйнө жылдыздары» рубрикабыздын каарманы.

Толук аты-жөнү – Кэльвин Кордозар Броадус (кичүүсү)
Туулган жылы – 1971-жыл, 20-октябрь   
Туулган жери – АКШнын Калифорния штатынын Лонг-Бич шаары
Бою – 192 см
Салмагы – 75 кг
Кесиби – Рэпер, музыкант, актёр
Жанры – Хип-хоп, рэп, R&B
Жакшы көргөн тобу – «Metallica»
Дини – Ислам

МУЛЬТФИЛЬМДЕН УЛАМ СНУП ДОГГ АТАЛГАН 
Бул таланттуу рэперди апасы бала кезинде анын көз карашынан, мүнөзүнөн, чачынын тармалдашып турганынан улам америкалык мультфильмдеги каарман күчүккө окшоштуруп, тамашалап анын атынан Снуп Догги Догг деп атап койгон. «Snoopy» деген сөздү англис тилинен которгондо «изине түшүү», «артынан түшүү» деген маанини берет.
Кэльвин кичине кезинде дал ошол мультфильмдеги күчүккө окшоп бир нерсеге абдан кызыкдар болуп, ал жөнүндө толук маалымат алмайынча жаны тынчу эмес экен. Ошондон улам аны бардыгы Снуп деп атап жүрүп, бара-бара Снуп Догги Догг деп тааныла баштайт. «Бул лакап атты мага апам ыйгарган. Кийинчерээк ысымыма айланып кетти. Анан да мен рэпер болгондон кийин элге башкача ат менен таанылгым келди»,- деп эскерет Снуп каймана аты тууралуу.
Рэпердин атасы Вернелл Вэрнадо Вьетнам согушунун ардагери, жергиликтүү почта кызматкери жана ырчылык менен да алектенген адам болгон. Ата-энеси Снупту абдан жакшы көрүшчү. Бирок алардын уулуна болгон сүйүүсү бул үй-бүлөнү сактап кала алган эмес. Снуп үч айында бактылуу үй-бүлө эки жолго түшөт. Апасы Беверли Тэйт бир аз убакыттан соң Кэльвин Кордозар Броадус аттуу адамга турмушка чыгып, уулун ошол күйөөсүнүн фамилиясына өткөрөт. Окуучу кезинде мектептеги үлгүлүү окуучулардын катарын толуктачу.
Снуп табиятынан абдан арык, карагаттай көздөрү чанагынан чыгайын деп тургандыктан, мугалимдер аны оорулуу деп ойлоп, тынчсызданышчу. Бирок кийин спортзалга барып машыгып жүрүп, мурунку оорулуу көрүнгөн жүзүнүн изи да калган эмес.

БАҢГИЗАТЫНЫН КУЛУНА АЙЛАНГАН
«Дени сак жашоо үчүн!» деген ураанды туу туткан, бою узун, колдору шадылуу келген Снуп бир кездерде Лонг-Бичтеги баскетбол талааларынын жылдызына айланып кетет.
Мектеп курагынан өтүп, колледжге тапшыргандан тарта аны достору оюндан чанда гана көрүп, кийинчерээк такыр эле жолобой калганын байкашат. Анткени Снуп баңгизатын алып-саткан жергиликтүү бир топтун курамына кирип кетет. Мындан улам колледжди бүтүп жатканда үч жыл темир тор артында отурууга мажбур болуп, жашоонун оор сыноосуна тушугат. «Минтип жашоо түбөлүккө созулмак экен, эгерде бир таанышым мени адам болууга үмүттөндүрбөгөндө. Ал «сенде ырчылык талант бар экен. Бул жакта, кааласаң, өмүр бою деле отура бересиң. Эптеп чыгуунун аракетин кылып, талантыңды чыгарышың керек» деген. Анын мындай жүрөккө жеткен сөздөрү мага, чынында, дем берген»,- деп эскерет Снуп. Ошондон кийин ырчылык менен алектенүүнү чечип, абактан чыккандан кийин олуттуу түрдө рэперликке киришип, акырындан атагы чыга баштайт. Бирок анын баңгизатынын кулуна айланып, ушул кезге чейин колдонуп келгени тууралуу кептер менен «марихуана мени күчтүү кылып, жакшы маанай тартуулайт» деп айтканы кейитет. Керек болсо атасы менен бирге маңзатын чегип жаткан сүрөттөрдү Снуптун уулу «Твиттердеги» баракчасына жүктөп салган.

БАЛДАРЫНЫН РЭПЕР БОЛУШУН КААЛАБАЙТ
«Атасыз өсүү, менин оюмча, жаман эмес. Себеби өзүмдү мисал кылсам, бул мага келечекте балдарыма татыктуу ата болууга чоң түрткү берди. Атанын балдары үчүн болгон милдети – жоопкерчилик. Бул ар бир эркектин жашоо образына айланышы керек»,- деген Снуптун үй-бүлөсүнө кайрылалы. Алгачкы сүйүүсү, мектепте бир класста окуган Шанте Тейлор менен баш кошуп, учурда экөөнүн ортосунда Корд, Корделл аттуу уулдары, Кори деген кызы бар. Жубайы менен 2004-жылы түшүнбөстүктөн улам ажырашып, бирок сүйүү күчтүүлүк кылганбы, 2008-жылы кайрадан түтүн булатууну чечип жарашышат. Кызыгы, рэпер балдарын келечекте музыка дүйнөсүнөн көргүсү келбейт. Мунун себебин ал өмүр бою гастролдордо жүрүп акча табуу көкүрөгүнө көк талкандай тийгенин, балдарынын да минтип кыйналышын каалабаганы менен түшүндүрөт.

ЖАШТЫГЫ МЕНЕН КОШТОШО АЛБАГАН СНУП ДОГГ
Снуп Догг 1993-жылы алгачкы ирет «Иттин стили» Doggystyle») аттуу ыр жыйнагын чыгарат. Рэпердин популярдуулугун мындан билиңиз, ыр жыйнак чыкканга чейин эле, күйөрмандарынан алдын ала бир жарым миллион буйрутма түшкөн. Анан да музыка сынчылары тарабынан көптөгөн позитивдүү комментарийлер айтылып, ыр жыйнактагы чыгармалар америкалык хит-параддардын сап башын ээлеп турган. Белгилей кетчү жагдай, рэпер чыгармачылык жылдар аралыгында ондогон лакап аттар менен сахнага чыгып келсе, учурда ысымын Снуп Лайон деп өзгөрткөн. Маалыматтарга караганда, Снуп өзүн жарнамалаганды жакшы көргөн адам. Муну ал 2009-жылы орус рэпери Тимати менен ырдап чыккан «Чер жазуу» Groove On») дуэтинен кийин айтып чыгышкан. «Тимати Снуп аркылуу дүйнөгө таанылгысы келсе, Снуп Европада да атактуулугун арттырууну көздөгөн» деген маалыматтар айтылып келет. Снуп мындан башка Девид Гетта, Эйкон, Эминем, Николь Шерзингер, Бейонс менен да дуэт ырдаган. Снуптун бир чочулаганы – жаштыгы менен коштошуу. Кайсы бир интервьюсунда «такыр картайгым келбейт. Картайганда менин жашоомо айланган рэпти окуй албай калам да. Ушундан абдан корком» деп айтканы бар.

Асел Асанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
N.Bakazova
2013-01-07 12:51:45
Bul kartaigancha emne bolup ketet kim bilet?
0
altinim
2013-01-07 14:43:58
картайбай калдыгооо
0
windows.kg
2013-01-07 16:45:12
сноуп до
0
messidinho
2013-01-08 15:19:18
бул да айныды, каяктагы клубняктарга аралашып!
0
Aida91
2013-01-11 12:06:37
Я вот одному удивляюсь, если у него религия "Ислам" зачем он тогда снимает такие клипы с полуголыми девушками, и как я знаю Snoop Dog часто употребляет наркотические вещества,если он недавно принял "Ислам" может в будущем изменится как подобает к этой религии.
0
admin_media
2013-01-11 13:19:12
Aida91,
Кыргыз тилинде жазуу сайттын талабына ылайык.
0
one-ulutman
2013-01-13 02:32:37
Иттин баласы десе! :D
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан