..Балаты! Ар жылы балдарым үчүн балатыны жасалгалап жатып өзүмдүн бала чагымды эстейм. Балатынын түбүнөн белегимди таап алып, кудуңдап сүйүнүп калар элем. Кичинемден бери эле балаты мага кыялдын туу чокусу катары туюлуп келет. А жытычы, бах... Өзү менен тазалыкты, Жаңы жылга жаңылыкты алып келгендей.
Балаты, сен мага көбүрөөк керексиңби же мен сагабы? Сен мага көбүрөөк ырахат тартуулайсыңбы же мен сени кооздогондо ырахат аласыңбы? Мага сен кандай болсоң да жагасың, балаты, сен анан бир адам... Экөөңдү мен кандай болсоңор да кабыл алам. Анткени ар жылы мен ал тууралуу гана кыялданам. Мен аны жакшы көрөм! Миң, жүз жолу кыялы туураланып, көңүлүмдү калтырса да, баары бир мен аны жакшы көрөм. Көрдүң го өзүң, заматта чарт-чурт эте эшикти шарт жаап кетип калганын. Бирок жини кандай бат келсе, ошончолук тез тарайт. Тамекисин удаа-удаа тартып, жиндеп алып кайра эле келип калат. Бир аз тултуюп отурат да, «макул, баары сен айткандай болсун» деп көнүп берет.
Эх, балаты, мен жашоодогу эң бактылуу аялмын. А сен мыкты балатысың. Сен жөн гана бак эмессиң, Жаңы жылдын символу да эмессиң. Сен турган турушуң менен үмүтсүң. Эртең баары жакшы болот. Анткени эртең Жаңы жыл, тентек эки балам сени айлана чуркашат. Таарынба, биз сени жупуну бөлмөбүздө, арзан оюнчуктар менен жасалгаласак да, жакшы көрөбүз.
...Аяз ата! Балдарым эртең менен тура калып дароо балатынын түбүн карашат. Улуусу 5 жашта, кичүүсү 3 жашта.
– Ай, али биздин белектерди алып келише элек экен го.
– Аяз ата кечинде келет да, Адилет,- дейт кичүүсү көздөрүн бакырайтып.
– Ий, сен ошого ишенип алдыңбы? Эй, аны апам менен атам бизден жашырып алып келип коюшат. Аяз ата деген жок.
– Ики, Аяз ата бар, ал мага чана алып келет. Чынбы, апа?
– Акылдуусунба, Аяз ата кечинде алып келет,- деп уулдарын тыйган болот атасы.
– Аяз ата көп балдарга барып, бизди унутуп калбайбы?
– Жок, унутуп калбайт, биз, апаң экөөбүз, «биздин эки уулубуз бар, анын бирине чана, экинчисине робот» деп жаздырып койгонбуз,- дейт көзүн кыскан жолдошум.
Ишенип-ишенбей делдейип турушкан аларды көрүп күлкүмдү жашырам. Аяз ата, сен биздин үй-бүлөбүзгө, жаман чүрпөлөрүбүзгө бакыт, ден соолук алып кел. Биз сенден жакшылык гана күтөбүз!
...Майрамдык толкундоолор! Миң, жүз дирилдектер ичиме кирип кеткендей дил кубанткан кубанычтан жүзүм албырат. Бир жыл бою ушул кубанычты күтөм. Жумуштан эрте келип жаңы жылдык дасторкон жасап, үй-бүлөбүз менен жакшынакай кийинип алабыз. Мейли, балдар чурулдап кыйкырышсын, оюнчуктарын чачсын, бул күнү мен аларды уруша албайм. Анткени алар дагы мендей толкуп, Жаңы жылды апкааруу менен күтүп турганын сезем. Эшик тыкылдады.
– Азамат, Адилет деген балдар ушундабы?- деп кирип келген Аяз атаны жабыла туруп тосуп алдык.
– Мына алыстан келдим, балдар, бул чана сеники, Азамат, бул оюнчук сага, Адилет.
– Вау!
Оюнчуктарын бооруна кыскан балдарымдын көзүндөгү кубаныч! Рахмат сага, Аяз ата!
...Белек! Балдарыбыз белектерин алган соң мен ичимден өзүмдүн белегимди күтөм. Ар дайым биринчи мен берсемби же күтсөмбү күйөөмдү деген ой кыйнайт. Шашмамын да, чыдабай кетем да, белегимди сууруп чыгам.
Бул жылы мен ага жылуу моюн орогуч жана үй-бүлөбүздүн сүрөтүн чыгарып, рамкага салып белек кылдым. Анткени жумушундагы столуна коюп алсын. Анча-мынчага азгырылбай, үй-бүлөсүн дайым эстеп турсун дегеним болчу. Реакция нөл! Ооз учунан «рахмат!» деди да, кайрадан телевизорду тиктеп отуруп алды. Мына сага тамаша, көздөрүм алайып кетти. Ызакор жаным ашканага чыгып баратсам, ал мени кучактап так көтөрдү да, каткырып алды.
– Рахмат, кызганчаагым. Сүрөттүн аркасына «сөзсүз столго кой» деп жазыштын кажети бар беле? Менин көзүмө ансыз деле сенден башка эч ким көрүнбөйт. Ушунча жылдан бери ошону биле элексиңби?
– Коё бер, балдар көрөт,- дедим буттарымды тыбыратып.
Ал мени коё берди да, чөнтөгүнөн кутучаны алып чыгып, алтын чынжырды мойнума такты.
– Бул сага, ак куум, кандай жарашат экен?
Күзгүдөн өзүмдү көрүп, тилимди чыгарып, мурдумду чүрүштүрүп алдым. Бул кыймыл менин эң бактылуу мүнөттөрүмдөн кабар берет.
Шап күйөөмдүн мойнуна асыла бердим.
– Рахмат, белек бериштин кереги жок эле. Өзүңдүн бар экениң мен үчүн баа жеткис белек!
...Ким менен Жаңы жылды чогуу майрамдайм? Бүткүл дүйнө менен! Ааламдагы ар бир адам сааттын жебеси 12ни какканда, менин оюмча, баары чогуу майрамдашат. Жүрөгүнүн эң түпкүрүнө каткан тилектерин тилешип, кийинки жылды үмүт менен тосуп, мурунку жылды жакшылык менен узатышат. Мейли шаарда, мейли айылда бол, Москвада, Түркияда бол, бир тилек менен тособуз. Ааламдагы адамдардын баарынын тилегени – жакшылык.
...Саат 12ни какты. Баарыбыз сыртка чыктык. Балдарыбыз чуркап жүрөт. Күйөөм экөөбүз да алар менен кошо оюнга кирдик. Жупжумшак, апакай кар жаап жатат. Жаай бер, ак карым, ар бир бүртүгү жакшылык, жакшы тилек, илгери үмүт алып келсин. Ак тилектер жаай берсин! Кош кел, Жаңы жылым! Эч бир жан бактысыз болбосун, эч бир жан Жаңы жылды жалгыз тоспосун!
Рахат