КЫЗГАНЫЧ

– Кийин, биз бүгүн «Ала-Тоого» барабыз.
Бакыт көтөрө келген колундагы баштыгын келинчегине сунуп, алкымынан жыттап алды.
– Ресторангабы? Эмнеге? Бир жакшы иш болдубу?
Кымбат суроолуу көздөрү менен күйөөсүнө тигилип калды. Жакшы кабар бардай туюлбады, тескерисинче, Бакыттын өңү кумсарып турган.
– Сөзсүз эле бир "повод" болуш керекпи? Аялымды каалаган учурда каалаган жериме алып барам да?! Батыраак кийин, бүгүн сен сулуу болушуң керек.
Жакпай турду Кымбатка ушул кеч. Ыргылжың боло баштыкка кол сунду. Мына кызык, кыска, кара, тыкыйган көйнөк экен, төшү укмуш ачык. «Ушуну киемби?» Ичинен чочуп алды. Жо-ок, ал Кымбаттын солкулдаган жаш денесине, апакай өңүнө куп жарашат дечи. Бирок... Кызганчаак күйөөсү бул сыяктуу көйнөктү сатып берип кийгизип, эл алдына алып чыкмак мындай турсун, жаш келинчегин көчөгө жөнү жок чыгаргысы келбейт.
«Кыздын көңүлү кызылда» деген чын. Көйнөктү кийип, маралдай керилген келбетин күзгүдөн карап туруп таттуу жылмайып алды.
– Унутуп кала жаздаган турбаймынбы, бул көйнөккө сөзсүз мобу чынжыр, иймек керек.
Кичинекей кутуну сунуп кирип келген Бакыт саамга аптыгып туруп калды. Ооба, келинчеги сулуу. Бирок береги үлбүрөгөн алсыз, назик жарыктын алдында күзгүдөн чагылышып өзгөчө керемет жан көрүнүп кетти. Ансайын кызганычы күчөп, каны башына тээп чыкты. Анткени билет, Кымбаттын денеси жанында, өзүнүн колунда болгону менен, көңүлү... «Ухх! Болду, аны ойлой берсең жинди болуп кетесиң! Ал баары бир сеники! Акыры бут алдыңа мышыктай ийилип жатып берет, толугу менен сеники болот!» Ичинен ушинтип сүйлөнүп алды. Бүгүнкү кечтин кандай болору көз алдына тартыла түштү. Ал атайы баратат. Кымбатты байкап көрүшү керек. Унуттубу анысын?
«Ала-Тоонун» алдында машиналар көп экен. Чоң той болуп жатканбы?
– Айтчы, бирөөнүн тоюна келдикпи?
– Жок, бүгүн VIP кардарлары үчүн кече уюштуруп жатышыптыр.
– Аа.
Жаш келиндин кызыгуусу өчө түшүп, кымбат машиналарды кайдигер карап өтө берди.
«Сендей адам жалгыз, жалгы-ыз...» Көңүлгө жат болуп сиңген, түнү түшүнөн, күндүзү оюнан кетпеген үн! «Солк» дей түштү бүт денеси. Буттары кишенделип, күйөөсүнө байкатпай беймарал келаткан басыгын андан ары улантыш тозок болуп кетти. «Дагы эмне кыйноосуна туш болдум, Кудай?!»
Кантип адашсын? Үлбүрөгөн шамдардын сыйкырдуу жарыгында Самат ырдап жатыптыр. Анын Саматы! Коңур үндүү, кой көздүү, ал үчүн оттон да, суудан да тайбаган, анын бакыты үчүн өзүнүн бактысынан баш тарткан Саматы!
Бир калыпта созулуп жаткан үн күтүүсүздөн дирт үзүлө түштү. Кантип байкабасын, ал да көрдү залга кимдин киргенин. Саамга үзүлгөн үн кайрадан акырын уланды. Тиктешүү, тирешүү, көз менен сүйлөшүү башталды. Бири-бирин чексиз сүйгөн, ата-энелердин кызыкчылыгынан, коомдук пикирден аттап өтө албай баш ийип берген армандуу эки жүрөктүн сүйлөшүүсү, алардын кирпик ирмеминен бери көз жаздымда калтырбай байкап отурган үчүнчү адамдын каары, заары.
Залда, сыягы, көп эле адам чогулган өңдүү. Бакыт ата-энесинин жалгыз уулу. Кыргызстандын бир четин тиреп тургандай дымагы бар кишилердин уулу. Андыктан жүгүрүп келип аны менен учурашып, жаш келинчегине карата комплимент жаадыргандар көп эле болуп жатты. Көнүп калган «дежур» сөздөр менен жылмаюу өзүнөн-өзү айтылып, өзүнөн-өзү жаралып, келиндин кандай абалда турганын байкагандар деле болгон жок. Кошоматчылардын бири жүгүрүп барып атайы Кымбат үчүн ыр заказ кылып, Бакыт экөөнү ортого бийге чакырып калды. Кыжынып турган күйөөсү эрегише Кымбатты ырчынын алдына чейин жетелеп барып, капшыра кучактай бийлеп кирди. Айланасындагы элди көзүнө илсечи. Өөп-жыттап, шыбырап жатты: «Сен меникисиң, жалгыз гана меникисиң! Сени кызганам, анткени сен башканы сүйөсүң...»
«Келинчегине кумары кана элек жигит да!» деген эл жылмайып, анын обу жок жоругуна кечирим таап жатышты. Ошол залда жаш келин, каргылдана үн созуп жаткан ырчы, анан келинчегин уйпалаган жигит гана билди, бул обу жоктуктун себебин. Ар биринин арманы, өзү туура деп эсептеген чындыгы бар. Кимисиникин туура дей аласың? Сүйүү болгон жерде дайыма кызганыч болуп келген. Сүйүшкөн эки жүрөккө каршы турган үчүнчү жүрөк да дайыма болуп келген. Турмуштун кызыгы ушунда окшобойбу.

Айдай
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
windows.kg
2013-01-07 16:53:55
Ото кызык тема. Бирок ар бир ар бир адамдын озунун тандосу бар. Кыз деле бир нерсени коздоп ошол жигитке турмушка чыкса керек.
0
jazz007
2013-01-08 18:52:52
windows.kg, Жазыптыр го ата - энеси айынан деп.
0
rozka
2013-01-08 12:45:40
Эх суйуу суйуу
0
maratkuttugaliuulu
2013-01-09 09:57:28
tuura ata enenin aitkanynan chygyw kyiyngoo ai dostor ..
0
Akuicat_barby
2013-01-12 03:12:43
мен кошулбайм ата энени угуу керек бирок сен озундун жашоон келечегин тууралу да ойлош керексин
0
adiha
2013-01-16 03:44:31
тозок болуш керек суйбогон адамга турмушка чыккан же уйлонгон .
0
benissimo
2013-01-20 01:54:54
туура ата-эненин созу биз учун закон,ооба ар бир ата-эне оз кызынын бактысын ойлойт, бирок ата-эне дагы чоон ката кетиришет.... ар бир инсан оз тагдырын озу чечуусу керек!
0
nurlan1883
2013-01-22 10:13:17
Менин оюмча ортодо байкуш кызга эле жаман болуптур.
0
Daniel94
2013-03-27 11:52:37
ата -энени угуу керек дегенге 100% каршымын озунор ойлонгулачы сен жашайсынбы ал менен же ата эненби ушул ата эне табыштырып уйлонгондордун канчасы арманын жазып жатат!!!!!! сен озун танда ошол адам менен омурундун акырына чейин жашай аласынбы жокбу мына суйуу кана уйбулону сактай алат!!!!
0
belosnejka1
2013-06-15 09:34:02
Суйуу жашай берет аны менен кошо

кызганыч да.
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан