ОЙ, КОРКОМ, КОРКОМ!..

Ар бир адам өзүн миң күчтүүмүн деп эсептегени менен, кандайдыр бир нерселерден же көрүнүштөрдөн коркот. Муну илимде фобия деп коёт. «Фобия кайдан пайда болот? Анын алдын алууга болобу? Фобиядан кантип арылууга мүмкүн?» деген суроолор менен «ParadiseSun» психологиялык борборунун психологу Гуля Акбутинага кайрылып, төмөнкүдөй маалыматтарды алдык.

ФОБИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ? АНЫН ТҮРЛӨРҮ
Фобия грек тилинен которгондо «коркунуч» дегенди түшүндүрөт. Дүйнөдө канча түрдүү мүнөздөгү адам болсо, фобиянын саны да ошончо. Мисалы, бразилиялык Игорь Рафаилов аттуу жазуучунун фобия тууралуу сөздүгүндө анын 1029 түрү жазылган. Фобиялардын ар бири өзүнчө зор мааниге ээ. Мисалы, кайнененин каарынан корккондорго пентерафобия «жарлыгы» тагылса, кибиреген жөжөдөн безе качуу – алекторофобия, велосипед тепкенден жүрөгү түшүү – циклофобия, сойкулардан чочулоо – кипридофобия, жыландан коркуу – офидиофобия деп аталат. Ошондой эле фобиянын трискайдекафобия деген түрү бар. Бул 13 санынан коркуу. Мисалы, дүйнө элинин көпчүлүгү айдын 13-күнү жумага дал келсе, ал күндү ийгиликсиз, кооптуу деп эсептешет. Ал тургай айрым өлкөлөрдүн асман тиреген үйлөрүндө 13-кабат жок. Ошондой эле абройлуу аэропорттордун 13-терминалын жана ооруканаларда 13-палата дегенди түп орду менен жоготушкан. Ал эми математик-физиктер мындай көрүнүштү четке кагып, 13 санынын башка сандардан эч бир айырмасы жок экенин баса белгилешет.

КАЧАН, КАНТИП ПАЙДА БОЛОТ?
Фобиянын көп түрлөрү жаш кезден эле калыптанат. Мисалы, балдардын бир коркунучу – жалгыздык. Бала ээн бөлмөдө көп убакытка чейин жалгыз отуруп калса, андан коркок адам калыптана баштайт. Ошондой эле жаш балдар врачтардан, уколдон, жаныбарлардан, чуңкурдан, бийиктиктен, жомок каармандарынан (жез кемпир, дөө, карышкыр, аюудан) коркушат. Башында бул коркунуч катары гана кабыл алынат да, бара-бара фобияга айланып кетиши толук мүмкүн. Андыктан ар бир адам баласынын коркунучу фобияга айланып кетпөөсүн алдын алышы керек. Ал үчүн төмөнкүлөрдү эске алуусу шарт:

  • Көп учурда ата-эне өзү байкабай баласындагы коркунучтун пайда болушуна себепчи болуп калат. Бала жакын адамдарынын эмоциясын бат өзүнө сиңирип алат. Мисалы, бала башында курт-кумурскадан коркчу эмес. Бир күнү апасынын андан коркконун көрүп калып, ошол күндөн тарта бала да курт-кумурскадан корко баштайт. Андыктан балаңыздын көзүнчө бирөөлөргө коркунучтуу түшүңүздү, бир нерседен катуу коркконуңузду айтпаңыз.
  • Баланы ээн бөлмөгө жалгыз калтыруу туура эмес.
  • Ар кандай жаныбарлар, мейли, оюнчук болсун, алар менен коркутуу болбойт.
  • Баланы коркоктугу үчүн шылдыңдоо туура эмес көрүнүш, айрыкча башка балдардын көзүнчө.
  • Корккондугу үчүн жазалоого болбойт.
  • Уктаар алдында ызы-чуулуу оюндарды уюштурууга, коркунучтуу фильмдерди көрсөтүүгө, каардуу сыйкырчы, жез кемпир тууралуу жомокторду окуп берүү сунушталбайт
  • Ал эми чоң адамдар арасында фобияга көпчүлүк учурда эмоционалдуу, сезимтал адамдар учурашат.

ЗАПКЫЛАРЫ

  • Фобия адамдын ден соолугуна зыян алып келет. Корккон нерсесине туш келгенде адам ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болот.
  • Адамдын деми кысылып, бирөө муунткандай болот.
  • Жүрөктүн кагышы жогорулайт.
  • Көкүрөгүндө оорутуу пайда болуп, өзүн жаман сезет.
  • Денесин калтырак басат.
  • Тердеп чыгат.
  • Көңүлү азып, кускусу келет.
  • Дене табы көтөрүлөт же, тескерисинче, чыйрыгат.
  • Эс-учун жоготушу мүмкүн.

Фобиясы бар адамдар көбүнчө жүрөк ооруларына дуушар болушат. Мындан сырткары АКШнын Гарвард университетинин изилдөөчүлөрү 5000 айымга изилдөө жүргүзүп, жыйынтыгында фобиясы бар адам 5-6 жылга эрте картаярын айтып чыгышкан.

ФОБИЯҢЫЗДЫ «ӨЛТҮРҮҢҮЗ»
1. Кыргызда «коркконго кош көрүнөт» деген сөз бар. Андыктан фобияңызды «азыктандырбаңыз». Андан өзүңүздү күчтүү сезип, ага жолугуудан эч убакта качпаңыз.
2. Сезимдериңизди башкара билиңиз. Мисалы, сиз лифтке түшкөндөн коркосуз дейли. Лифтке түшөрдө «менден башка канча адамдар түшүп жатат, алар эч нерсе болгон жок го» деп өзүңүздү тарбиялаңыз.
3. Күнүнө 15 мүнөттөн корккон нерселериңиздин (жыландын, баканын, жол кырсыгынын жана башкалар) сүрөтүн тартып машыгыңыз. Мындай ыкма менен 21 күндүн ичинде фобиядан арылууга болорлугу изилдөөлөрдүн жыйынтыгында билинген.
4. Көпчүлүк адамдар, өзгөчө 60 жаштан ашкандар өлүмдөн коркушат. Өлүмдөн корккон адам эртедир-кечтир бул дүйнөдөн кетерибизди эске алуусу кажет. Ушул жерден акылман Сократтын «мен өлүмдөн коркпоймун. Себеби мен тирүү турганда өлүм жок. А качан ал келгенде мен жок боломун» деген сөзүн эске салганыбыз оң.

АТАКТУУЛАРДЫН ФОБИЯСЫ

  • Француз императору Наполеон Бонапарт ак боз аттардан коркчу экен. Психиатрлар бул жерден анын эки нерседен: аттан жана ак түстөн коркорун айтып чыгышкан.
  • Өлүмдөн корккон орустун улуу жазуучусу Лев Толстой кээде ызы-чууга алдырып, үйүнөн жылаңач качып чыккан күндөрү болгон деп айтылып келет.
  • Орустун примадоннасы Алла Пугачёва асманга көкөлөп учкандан аябай коркот. Фобиясынын айынан мындан бир нече жыл мурда жеке поезд вагонун сатып алгандыгы да айтылат. Эгерде аргасыздан учакка түшүүгө туура келсе, анда ырчы чымындай жаны аман туруусун Кудайдан миң мертебе суранат экен.
  • Белгилүү актриса Николь Кидмандын биринчи «душманы» көпөлөк болсо, Бритни Спирс кескелдирикти көргөндө акыл-эсин жоготот.
  • Коркунучтуу фильмдердин «падышасы», режиссёр Альфред Хичкок тооктун жумурткасын көргөндө коркконунан кирерге тешик таппай калат имиш.
  • Голливуд актёру Том Круз таз болуп калуудан коркуп, ар бир түшкөн чачын санайт.
  • Жазуучу Гёте бийиктикке чыгуудан абдан коркчу. Фобиясынан арылуу үчүн күнүгө мунараларга чыгып жүргөндүгү айтылат.
  • Иосиф Сталиндин фобиясы – токсикофобия. Тагыраак айтканда, ал тамакка ууланып калуудан коркчу.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
Knt
2013-01-09 12:20:58
menin fobiyam - stomatologtooor!!!!
0
shirin27
2013-01-09 13:48:27
He he ukmush eken
0
Karagulov90
2013-01-09 21:27:51
Мен өзүмдөн өзүм корком:))) бул фобиянын кайсы түрүнө кирет айтып койгулачы?
0
ramashka
2013-01-10 03:55:32
men albarstidan ayabai korkom,uktaarda chalkalap jatpoogo araket kilam,chalkaladim degiche albarsti kelchudoi bolo beret.((
0
Voin.teni
2013-01-10 03:58:24
Мен Кыргызстандын жок болуп кетишинен корком.....
0
Shekerbek
2013-01-10 14:06:22
Voin.teni, мен дагы... ):
0
miki98
2013-02-02 04:04:49
Voin.teni, Туура айтасын менда Кыргызстандын жоголуп кетишинен корком.чондор сатып салбаса эле деп.
0
sezim_osmonalieva111
2013-01-10 09:28:57
Мышыктан аябай корком,кантип жогото алам фоббиямды?
0
Aijana89
2013-01-10 13:39:09
Озум жыландын жылы торолсом да.Жыландардан аябай корком,такие отвратительные.
0
Датка кыз
2013-01-10 16:13:04
sezim_osmonalieva111, отуруп алып мышыктын суротун тарта бер. Мышыкка жакын барып анын сага жага тургандай жерин изде
0
asyl85
2013-01-11 03:24:15
мен кутулбогон кырсыктан корком
0
ALBIKA
2013-01-11 15:50:52
Баканы коргондо озумду жоготуп коем.А жыландан коркпойм.Жайындасы жерден не кыбыраса баары мага бака болуп корунот.Ой мунун азабынан ооруп жаткан кундорум да болду го.Азыр куда шугур шаарда турабыз.Бакалар айылга караганда азыраак.Фоббияны жогото алса болот дептир,эч качан жогото албайбыз го.Бул азаптын кандай экенин кобубуз эле тушуно бербейбиз,андыктан айтыш оной.
0
alatoo_akmongu
2013-01-11 18:22:39
бака бака балчак башын неге жалпак демекчу жыланды корсом тируулой кармап ойунчук ойногондой ойнойм бирок баканы корсом буту куйгон тооктой чуркап егер ушунун чынында еле даарысы болсо сатып алмакмын ато инилерим жинге тийип тойгозмой болушта жаз келеери менен болмомду кулптап жатам ачык болсо койнума салып койушать кыйкыртышып
0
Gulzat-88
2013-01-11 21:36:51
призрактан корком
0
aika2009
2013-01-11 23:09:16
мен уйдун ээсинен корком ,азыр москвадамын уйумо барсам кантем ?бир жолу оруктун 2 сабагынын ортосунда караан корунгон ошол ошол бойдон журогум тушуп калган
+1
maugli
2013-01-13 19:02:39
aika2009, mumkun al senin kowunan bolgondur, ke4inde eki oruktun ortosuna turup alyp daarat kylyp jatkandyr!)))))
0
oscar
2013-01-13 16:13:25
сырткары коркунучтар сага эч зыян алып келбейт,эн коркунучтуусу адам адамдан запкы тартуусу, бирин бири алдоо, зордуктоо, карактоо, олтуруу,же жонокой эле коро албастык, шакаба чегуу, ж.б. коркунучтарды айтса болот
0
Aisuluu7
2013-05-21 14:08:49
азыр кобунор тан калышынар мумкун мен мышыктан корком ,аны коргондо тамак жегим келбей да калат иши кылса мышык менин фобиям.
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан