КОНОКТОРДУ КУБАНТЫҢЫЗ!

Январь айынын ортосуна чейин жаңы жылыбыз менен куттуктап келген коноктордун аягы үзүлбөйт эмеспи. Албетте, келген конокторго сый көрсөтүү, аларды өзгөчө жасалган даамдар менен таң калтыруу – ар бир кожойкенин максаты. Эмесе, дал ушундай максатта жүргөн кожойкелерге рецепттерди сунуштайбыз.

ЭТ РУЛЕТИ

Керектелүүчү азыктар:
Эт туурамжысы (фарш) – 300 грамм
Пияз – 1 баш
Сабиз – 1 даана
Жумуртка – 1 даана
Козу карын – 300 грамм
Сыр – 100 грамм
Майонез – 1 аш кашык
Татымына жараша туз жана мурч, кооздоо үчүн петрушка

Даярдоо ыкмасы:
1. Эт туурамжысына жумуртканы жана майда тууралган пиязды кошуп аралаштырып, татымына жараша туз, кара мурч кошуу керек.
2. Сабизди сууга бышырып алабыз. Ал эми козу карын майда тууралып, майга 5 мүнөт куурулат.
3. Эт туурамжысын фольга кагазына жука кылып жайып, үстүнө козу карынды жана сабизди чачыратып салабыз. Анан аны рулет сыяктуу кылып оройбуз.
4. Оролгон рулеттин үстүнө майонезден сүйкөп, сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп, 200 градус температурада ысып турган духовкада 30 мүнөт бышырабыз. Бышкандан кийин кесимдерге бөлүп, петрушка менен кооздоп дасторконго койсок болот.

«ЭРКЕК КЫЯЛЫ» САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:
Уй же кой эти – 200 грамм
Көк пияз – 1 боо
Сыр – 100 грамм
Жумуртка – 4 даана
Майонез, татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач эт менен жумуртканы кайнатып бышырып алабыз.
2. Муздагандан кийин эт мүмкүн болушунча майда тууралат.
3. Ал эми жумуртка менен сырды сүргүчтөн өткөрүп, көк пиязды майда тууроо керек.
4. Эми даярдалган азыктарды ирети менен катмар кылып тарелкага сала баштайбыз. Ар бир катмардан кийин үстүнө майонез сүйкөөнү унутпаңыз. Алгач тарелкага пияз, андан кийин эт салынат. Эттин үстүнө жумуртка салынып, эң үстүнө сыр себеленет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zzz---zzz
2013-01-09 18:03:22
Чон рахмат Дамира Арстанова жолдошуна да тартуулайсынбы?
0
Sezy
2013-01-11 04:46:01
Рахмат Дамира Арстанова, мен эт рулетинизди жасадым, сонун болуптур! Кайындарым мактап жешти, дагы кутобуз кенештерден!
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан