2013-ЖЫЛГА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ

КОЙ
Иш, финансы
Бул жылы сиздин финансылык сезим-туюмуңуз жогорку деңгээлде. Андыктан кантип иштеп, канча акча таба аларыңызды жана канча акча коротуу керектигин алдын ала так билүүгө жетишүүңүз кажет. Ошондо керектүүлөрдөн тышкары чөнтөктө ашыкча акча жүрө алат. Карьерадан өсүү үчүн иштөө ыкмасын жаңыртууга, идеологиялык талаш-тартышка туш келүүгө даяр туруу керек.

Жеке жашоо
Каалаган максатка жетүү үчүн, мисалы, мамилелерди жөнгө салуу, үй-бүлө очогун тутантуу же үй-жайга ээ болууга көп тер төгүү кажет. Бирок жыйынтык кырдаалга жараша болуп калышы толук мүмкүн. Айталы, бирөөлөр жашоосун эскиче улантып, кээ бирөөлөр жаңыча жашоонун эшигин ачып.

Ден соолук
Ден соолугуңуз жүрүм-турумуңуздан, калыптанган адаттарыңыздан көз каранды. Энергияңыз толуп-ташып, эмоциянын көп болушун шарттайт. Бирок ашыкча активдүүлүк жана абайсыздык стресске, майда жаракаттарга кабылууга түртөрүн унутпоо зарыл.

БУКАЧАР
Иш, финансы
Букачарлар бул жылы профессионалдык жана чыгармачылык жактан автивдүү болуп, көзгө көрүнүп, материалдык абалын оңдошот.Карьерадан өсүүгө далалаттар да ийгилик менен коштолот. Кирешелер июндан баштап акырындап көбөйөт.

Жеке жашоо
Жашоого, дүйнөгө көз караштары өзгөрүп, мурун баалабаган нерселерди баалап чыга келишет. Кимде мамилелер али романтикалуу жолугушуулар деңгээлинде болсо, анда үй-бүлө маселеси башкы орунга чыгат. Алар бир жагына чыгууну каалашат: же үй-бүлө куруу, же мамилени жыйыштыруу. Мамилелеринде буга чейин жарака кеткендер бардыгы ордуна келгичекти күтүшпөй, жаңы таанышууларга басым жасашат. Сүйүктүүсүн кезиктире электердин көбү жана үй-бүлөлүүлөр жашоосун бир нукта улантышмакчы.

Ден соолук
Өпкөнүн өнөкөт оорусу барлардын оорусу жазда, кышта курчушу мүмкүн. Жүрөктү сактоо керектигин жылдыздар эскертишет.

ЭГИЗДЕР
Иш, финансы
Жеке ишин баштайм дегендерге тоскоолдук жок. Болгону, көп энергия, убакыт керек. Кызматкерлер атаандаштыкка туруштук берүү, ордун тарттырып жибербөө маселесине кабылышат. Ишин так аткарышса, баш оору жок. Жайдын ортосунда материалдык кыйынчылыкка кабылбоо үчүн акчаны үнөмдөө зарыл. Кыймылсыз мүлккө ээ болуу үчүн банктан насыя алуулары ыктымал.

Жеке жашоо
Үй-бүлөлүк бизнес, балдарды тарбиялоо же жакындарга жардам берүү... Булардын баары эгиздерден бул жылы көп убакытты талап кылат. Андыктан сүйүүгө, сүйүктүү болууга жетишүү өздөрүнөн көз каранды. Бойдок эгиздердин көбү баш кошууга жетпесе да, түбөлүк жар болчу адамдарына кезигишет.
Чет өлкөлөргө саякаттоо же пансионатта эс алууга мүмкүнчүлүк чыгарын кабарлашат.

Ден соолук
Эгиздердин бул жылы аярлуу органдары боор жана ашказан болмокчу. Андыктан диета кармоо, врачтарга кайрылуу ашыкча болбойт.

БӨЙӨН
Иш, финансы
Жаңы идеялар менен талбай иштөө, колдоо көрсөтүүчү адамдарга таянуу гана сизди алдыга алып чыга алат. Кыскасы, иште лидер болууга туура келет, болбосо четте калуу коркунучу бар. Өзүңүздү туура эмес баалоо да катачылык, анткени сиз профессионал жана табияттан уюштуруучусуз. Карыздардан кутулуу керек болгондуктан, акчаны абдан үнөмдөө сунушталат.

Жеке жашоо
Жаңы турак жайга көчүү же алыска саякатка чыгуу тилектери орундалат. Жаңыча жашоо баштоо жана аны гүлдөтүү мүмкүнчүлүгү да берилет. Муну колдон чыгарбай, керектүү жана жакшы адам экениңизди мамиле жана туура иш-аракеттер менен далилдөөгө жетишиңиз. Болбосо жашооңуздун жагымдуу барактарын ача албай каласыз.

Ден соолук
Жыл ичинде боор жана уйку безине көңүл буруп, керек учурда дарылануу сунушталат. Жайкысын көбүрөөк эс алууну да унутпаңыз.

АРСТАН
Иш, финансы
Бул жыл арстандар үчүн чоң секирикке даярдануу болмокчу. Ылайыгы келип калса эле өзүн көрсөтүүгө даяр туруп, чоң ишти аркалоодон качпоо кажет. Жана да ишенимдүү шериктештер менен иш алып барып, жетекчи менен дамамат акылдашып иш кылуу керек. Сырттагы тааныштар, чет элдик ишканалар менен иш алып баруу чоң кирешелерди тартуулайт.

Жеке жашоо
Бойдоктор өздөрүнө ылайык жандар менен таанышмайынча жандары жай албайт. Бирок баш кошуу, түбөлүк жар тандоого келгенде туура чечим кабыл албаса, турмуштун тайгалак жолун басып алуу коркунучу бар. Үй-бүлөлүүлөр күзгө таяп түшүнүшүү менен жашашпаса, үйгө кирер кутту кемитип алышат. Көптөр балалуу болууну пландашып, тилектери ишке ашат.

Ден соолук
Күтүлбөгөн кырсыкка, тезинен жасалуучу операцияга туш келүү коркунучу бар. Андыктан абайлап жүрүү, чала тааныштарга ишенбөө, убагында медициналык текшерүүдөн өтүп туруу зарыл.

БИЙКЕЧ
Иш, финансы
Лидер болууга, карьерадан көтөрүлүүгө, жеке ишти баштоого мүмкүнчүлүк бар. Көп нерсе ой-пикирди, максатты туура түшүндүрүү, ишендире билүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды экенин эске алуу зарыл. Көп акчалуу болуу үчүн пайдалуу байланыштарды табуу керектелет.

Жеке жашоо
Бул жылы өзгөрүүлөр көптөрдүн эшигин кагат. Каршылык көрсөтпөй, агым менен болууга аракет кылуулары кажет.
Бойдоктордо сүйүү көпүрөсүн уратып салса да, уратпаса да болот дегендей кырдаалдар чыгат. Туура эмес чечим чыгарып жибергиче, баарын мезгилге койгон туура. Анткени ал баарын өз ордуна коёт.
Үй-бүлөлүүлөр майда, жагымсыз нерселерге көңүл бурбай, мунусу менен жан шериги мурункудай эле жагымдуу адам экенин билдирүүгө жетишүүлөрү керек. Ошондо үй-бүлө кемеси аскага урунбайт.

Ден соолук
Жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучу бар. Андыктан витаминдүү азыктарды кабыл алып, спорт менен машыгуулары кажет.

ТАРАЗА
Иш, финансы
Эртеңки күнүңүздүн, карьераңыздын кандай болорлугу өзүңүздөн көз каранды. Башкысы, өзгөрүүлөрдү боло турган нерсе катары кабылдап, алдыга көжөлүп жыла берүү кажет. Ошондо жакшы жашоо үчүн күрөшүүнүн жыйынтыгы сиздин жеңишиңиз менен аяктайт. Курулуш же үй куруп баштоого улуу бир туугандар жардам берет. Жетекчилик тарабынан да колдоо болушу мүмкүн.

Жеке жашоо
Бойдоктор кыялындагы каарманын күтө беришсе болот. Сүйүктүүсүн командировка же сапар учурунда, же эмгек өргүүсүндө жүргөндө таба алышат. Эл эмне дейт деп кооптонууну жыйыштырып, сезимдерге орун берүү кажет. Анткени ал түгөйүңүз болуп калуусу толук мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр эриш-аркак үй-бүлө арабасын кийинки жылга чейин жакшы тартып барышат.

Ден соолук
Өздөрүн бир калыпта кармап, ооруга чалдыкпоо үчүн суу процедураларын (бассейн, дарылык ванна ж.б.) кабыл алуу сунушталат. Ден соолукта коркунучтуу эч нерсе деле күтүлгөн жок. Өнөкөт оорулар уйкуда.

ЧАЯН
Иш, финансы
Жылан жылы үй же жер тилкесин алуу, үй-бүлө куруу, жаңы иш издөө сыяктууларды ишке ашырууга жакшы шарт түзүп берет. Бирок чаяндар өзүнө жана жакындарына гана ишенүүлөрү кажет. Достордон жардамды жыл аягында күтүүгө болот.
Иште бирөөлөрдүн азгырыгына кирбей, колдон келчү, анан жаңы ыкмадагы ишти колго алуу кажет. Ошондо капчыгыңыз эч убакта бош калбайт.

Жеке жашоо
Чаяндар бул жылы «сүйүү өзүнчө дүйнө, анда таттуусу да, ачуусу да бар» дегенди баштарынан өткөрүшөт. Убагында мамилелерди бекемдеп, сактоого жетишкендер гана нике сарайынын эшигин аттай алышат. Үй-бүлөлүүлөр күздүн башында мамилелердеги кризисти жеңип, таттуу жашоону улантып кетүүгө жетишүүлөрү зарыл.

Ден соолук
Иммунитет жыл ичинде жаман деле болбойт. Бирок убагында эс ала билбегендерге депрессия «жолдош» болуп алат.

ЖААЧЫ
Иш, финансы
2013-жылы жаачылар тагдырын өздөрү каалаган багытка бура алышат. Жашоолоруна досторунун, жакындарынын, бирге иштешкендеринин таасири жана колдоосу көп тиет. Максаттарды ишке ашырууга пайдубал болчу убакыт – жылдын биринчи жарымы. Экинчисинде тайсалдабай, ишенич менен иш кылуу кажет.

Жеке жашоо
Жыл ичинде көңүл ачуу, достор жана туугандар арасында майрамдарды уюштуруу көп чыгат. Бирок ишенимдүүлүктү, туруктуулукту баалаган бойдоктор гана «сүйүктүүм ушул» деп бирөөнүн колун кармай алат. Үй-бүлөлүүлөрдүн көбү балалуу болуу кыялдарын ишке ашырышат. Үйлөрүндө ынтымак, сүйүү жыл боюнча конок болуп кала берет.

Ден соолук
Энергетикалык деңгээлдери төмөн болуп, өздөрүн көп убакта жакшы сезбөөлөрү, өнөкөт оорулардын кармашы күтүлүүдө. Мындайда, албетте, врачтарга кайрылуу турган иш.

ТЕКЕЧЕР
Иш, финансы
Кандай оор иш болсо да алып кетүүгө жөндөм жана тажрыйба жетиштүү болот. Жылдын акыркы 2 айында гана иште кыйынчылыктар жаралат. Финансы кыштын аягы, жаздын башында жана күздүн ортосунда ойдогудай болот. Бирок пландалбаган нерселерге да (мисалы, курста окуу) акча коротуу керектелет. Карьерадан ойдогудай өсүү күтүлбөйт.

Жеке жашоо
Үй-бүлөлүүлөр да, бойдок текечерлер да 2013-жылы романтикадан четте калбайт. Бирок андай убакыттар аз болуп, кайра эле иш же үй-жай, бала тарбиялоо менен алектенип кетүүлөрү күтүлүүдө. Кандай болгон күндө да сүйүктүүлөргө тамактануу же кино көрүү учурубу, айтор, жакшы сөздөрдү арнап, жашоону таттуу кылуу өздөрүнүн колунда.

Ден соолук
Ден соолукка көбүрөөк көңүл бурбаса, өнөкөт ооруларга жаңылары кошулушу мүмкүн. Жаман адаттардан арылуу, тамактануу режимин өзгөртүү кажет.

СУУ КУЯР
Иш, финансы
Ишкердик жана финансы жаатында тобокелдикке коркпой баруу керектелет. Жылдыздар сиздин утуп чыгарыңызды айтышууда. Материалдык маселени чечүү куулукту жана эптүүлүктү талап кылат. Болбосо жакшылыктуу эч нерсеге жетишпейсиз. Келечекте карьерадан өсүш үчүн керек болор билимди, маалыматтарды чогултууга да мүмкүнчүлүк табылат.

Жеке жашоо
Жылдын биринчи жарымы тынч жашоого эртелик кылат. Баары кызык, шаңдуу... Сүйүктүү адам үчүн баарын жасоого даяр туруу. Бирок жылдын экинчи бөлүгү жеке жашоо боюнча олуттуу ойлонууга түртөт. Туура эмес чечим кабыл алсаңыз, өкүнүчүңүз өзүңүздө калат.

Ден соолук
Ден соолук жаатындагы маселелерден качуу үчүн туура тамактанып, жылуу кийинип жүрүү керектелет. Өзгөчө бөйрөккө көңүл буруу кажет.

БАЛЫК
Иш, финансы
Жашоо деңгээлин оңдоо башкы орунга чыгат. Финансылык жактан көз каранды болбой, каалаган нерсени сатып алууга жетишүү үчүн өнөктөштөр ичинен ишенимдүүсүн тандоо кажет. Бизнестен четтегилер айлыгы жакшы иш орунга которулууга аракет кылышса, ойлору оңунан чыгат. Чет өлкөлүктөр менен иш алпарууга жетишкендер чоң кирешеге ээ болору күтүлүүдө.

Жеке жашоо
Сүйүүгө мас боло турган эле жыл. Бирок аша чаппай, ылайыктуу жандан өзүн артык көрбөй, туура жолдо болуу керек. Болбосо акыры «биз тандайбыз, бизди тандашат, бирок көбүнчө туура келбей калат...» менен бүтөт.

Ден соолук
Бул жылы богок, ашказан-ичеги ооруларына кабылуу коркунучу бар. Андыктан жеген тамак-ашка баа берип, эндокринологго (богок оорусу жаатында) көрүнүп, керектүү кеңештерди алуу кажет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
windows.kg
2013-01-07 17:35:53
айткандай эле болсо жакшы.
0
ulukbek
2013-01-08 18:18:08
ишенбейм болбогон жомокко
0
aydi
2013-01-08 18:26:30
ушул толго туура чыкса эн сонун болмок ,
0
kushtar.77.77
2013-01-09 20:17:47
кудай берет деп отура бербей озун да аракет кылышын керек
0
kilim
2013-01-09 23:32:02
вапшета нармално
-2
nurkojo
2013-01-10 02:27:21
Толук маалымат жок..... Окуп жылмайып койдуум
0
nazmar
2013-01-12 14:34:31
чын эле болсо жакшы эле,жакшы жылдардан болсун!
0
ketty
2013-01-12 18:06:34
мм,толук жазылбаптыр,мага жаккан жок...
+1
kenen
2013-01-13 01:29:59
хе, хе болушу мумукун, болуп калышы мумкун...
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан