Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси, генерал-майор Зарылбек Рысалиев: «МЕНИ АТЫП ӨЛТҮРӨМ ДЕГЕНДЕР ТОЛТУРА»

Кыргыз бийлиги «кылмыштуу топторду жоготобуз» деп аларга согуш ачып, жакшы эле көрсөткүчтөргө жетишкен. Ошол согуштун алдыңкы сабында тургандардын арасында мурунку Ички иштер министри, учурда ЖАМКтын жетекчиси Зарылбек Рысалиев бар. «Кекчил эмесмин, бирөө-жарым менен урушуп кетсем, жарым сааттан кийин таарынычым таркап, кайра элдешкенге аракет кылам. Кек сактап, көкүрөктү бир нерсе эзип жүргөнүн каалабайм» деген Зарылбек мырза менен маек курдук.

Туулган жылы –1960-жыл, 19-декабрь
Туулган жери – Бакай-Ата районунун Үр-Марал айылы
Үй-бүлөдө – 10 бир туугандын үчүнчүсү
Өкүнгөнү – Арам тамак саясатчыларды тазалоого жетише албаганы
Сүйүнгөнү – Балдары
Жаккан сапаты – Ичине жамандык сактабаганы
Жакпаган сапаты – Шашмалыгы

«АТАМДЫ ТАРТПАГАНЫМА НАМЫСТАНАМ»
– Атам Кылычбек өтө чынчыл, кайраттуу киши болчу. Облуста айыл чарбасы боюнча мыкты адистерден эле. Комуз, балалайка, мандолина жана гитарада мыкты ойноп, ыр жазып, обон чыгарчу. Атамды тартпай калганыма кээде намыстанып да кетем. Аныкындай курч мүнөз, чечкиндүүлүк менде азыраак. Апамдын аты – Жаңыл, Баатыр эне. Токтоо, сөзгө бай киши, азыркыга чейин баарыбызга акыл-насаатын айтып келет. 10 бир тууганбыз, мен үчүнчүсүмүн. Баары жогорку билимдүү.

«ТЕНТЕК БОЛГОНУМ МЕНЕН, САБАКТЫ ЖАКШЫ ОКУДУМ»
– Аябай эрке, бейбаш болуп өстүм. Бир кандек күчүгүм бар эле. Биздин короого кошуналардын тооктору кирип кетсе, ошол күчүк кубалап чыкчу. Бир күнү мен жокто кошунабыз «тоокторду кубалайт» деп күчүгүмдү атып салыптыр. Аябай ыза болуп, ыйлап, күчүктү бир чоң түп алманын түбүнө кишини койгонсуп көмдүм. «Менин күчүгүмдү атса, анын бүт тоогун кырам» дедим да, селитрага буудай менен жүгөрүнү аралаштырып, аны сууга кайнатып, ошол кошунамдын тоокканасына алып барып чачып салдым. Эртеси сарайда тамеки тизип отурсак кошунабыздын аялы келип «ай, өлүгүңдү көрөйүн, эмне экенин билбейбиз, тоок-үндүктөрүбүз бүт кырылып калыптыр» деп наалып кеткен. Ошол жоругумду эстегенде азыр да уялам.

«МЕКТЕПКЕ ЭШЕК МИНИП БАРЫП КЕЛЧҮБҮЗ»
– Айылыбыз токойдун арасында, суунун башындагы кичинекей айыл. Ушул кезге чейин жолдоруна асфальт төшөлгөн эмес, таштак. Биздин айылда мектеп жок болгондуктан, 8-9 чакырым алыстыктагы коңшу айылга барып окучубуз. Жаз-күз велосипед менен, кышында эшек менен барар элек. Себеби жол жок, айдоодогу баткакты басууга туура келчү. Чоң көк эшегибиз бар болчу, ошого карындашымды учкаштырып алып жөнөп калам. Мектептин жанында металлолом бар эле, эшек минип баргандар ошол темирлерге эшектерибизди байлап койчубуз.
5-6-класста окуп калганымда айылга мектеп салынды, ал деле үйдөн 3 чакырым алыс болгондуктан, мектепке жөө барып окуп келчүбүз. Жакшы окудум, 1-класстан 10-класска чейин класском болдум. Математика сабагы боюнча олимпиадаларга катышып жүрчүмүн.
Биздин айылдын тегерегинде алма бактар көп, токойлуу. 5-класста окуп жүргөндө бактардын түбүн чаап-отоп иштеп, бир айда 43 рубль акча тапкам. Чоң атам мени атка учкаштырып райондун борборуна барып, ал акчага «Орлёнек» деген велосипед алып берген.

«АТАМ ОКУУГА ӨТПӨСӨҢ, КОЙЧУ БОЛОСУҢ ДЕГЕН»
– Мектепти бүткөндө атам мени Фрунзе шаарына алып келип, «Спартак» стадионундагы мейманканага жайгаштырып, колума 63 сом карматкан. Ал акчанын 7 сомуна электр чайнегин алып берген. «Ушул сабактар боюнча экзамен болот, мына китептериң, даярдан. Ар бир экзаменден кийин телефон чалып тур. Өтсөң өтүп кеттиң, өтпөсөң айылдан бир короо кой алып берем, ошону багасың, сенден башка да 9 балам бар. Анан баланча деген кишинин кызын алып берем, ошого үйлөнөсүң» деди. Тааныш издеп, акча берип өткөзөм деп аракет кылбаптыр.
Бишкектеги Дене тарбия институтун аяктагандан кийин Талас шаарына барып, бокс боюнча машыктыруучу болуп иштедим. Облустук милициянын жетекчилиги «бизге келип иште» деп сунуш киргизип калды. Ошентип милиция кызматкери болуп калгам, ага чейин биздин уруудан милиция чыккан эмес. Эгер спортко берилип, милицияда иштеп калбасам, менден жакшы кинорежиссёр же врач чыкмак болуш керек эле. Себеби бул эки кесип боюнча менде шык бар экенин сезип калам.

«АТАМАН БОЛУШ ҮЧҮН БОКС МЕНЕН МАШЫККАМ»
– Таласта экинчи атаман деген жок, баары эле биринчи атаман. Спорт менен машыккан балдар өзүнчө эле авторитет болчу. 7-классымдан тарта бокс менен машыгып баштадым. Биздин айылдан Талас шаарына чейин 46 чакырым, жумасына 3 жолу ошол жакка автобус менен барып, атайын залдан машыгып келер элем. Мага спорттун жардамы жакшы эле тийди. Чечкиндүүлүк, өзүнө ишенгендиктин кылмыш иликтөө кызматтарында иштеп жүргөндө чоң мааниси бар. Жетишип жаткан ийгиликтеримдин көп пайызы спорттун пайдасы деп ойлойм. Азыр да залдын жытын, бокс мээлейинин жытын сагынып калганда бош убакыт таап бокс залына барам. Мээлей кийип «груша» уруп кара терге түшсөм, эс алып калам.

«10-20 ТЫЙЫНДЫК НАН АЛЫП ЖЕГЕН КҮНДӨР ӨТТҮ»
– Аскерден келгенде айылдык мектепке орус тили боюнча мугалим кыз келгени тууралуу угуп калдым. Мен да кызыгып, аны көрмөккө атамдын автоунаасын айдап алып бардым. Экөөбүз сүйлөшүп көрүп, бир көргөндө эле бири-бирибизди жактырып калдык. Үч-төрт ай сүйлөшүп, анан үйлөнүп алганбыз. Үйлөнгөндөн кийин көп эле кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк.
Чүй облусундагы Жаңы-Жер айылындагы түзөтүү мекемесинде инспектор болуп иштеп келдим. Келинчегим үйдө, мен 125 сом айлык алып, анын 40-50 сомун батирге берчүмүн. Айдын аягында 10-20 тыйындык нан алып, ошо менен жашап калчу элек. Балдарымдын улуусу төрөлүп, аны жаткырганга жер жок, аскерден көтөрүп келген чемодандын үстүнө жаздык коюп, ошонун үстүнө жаткырчубуз.

«УЛУУ БАЛАМ ЖОЛУМДУ ЖОЛДОДУ»
– 2 уул, 2 кызым бар. Улуу балам Султан грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, Кыргызстандын, Азия чемпиондуктарында жеңиштерге жетишкен. Учурда милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштейт. Чолпон аттуу кызым турмушка чыккан, андан кичүү кызым Анима фирмалардын биринде иштесе, кичүү уулум Кутман мектепте окуйт. Ушунча болуп балдарыма катуу сүйлөп, уруша элекмин.

«БИШКЕКТЕ КАФЕМ БАР»
– Бир туугандарым менен чогуу Бишкектин Жибек Жолу көчөсүнөн жер тилкесин алып, 10 жыл кафе салдык. Банктан 1 жылга деп насыя алып, аны 4 жыл дегенде гана төлөп бүттүк. Ал кафе баарыбыздыкы, мен да меники деп айтам, иним да меники деп айтат. Бир туугандарым иштетишет, мен өзүмдүн үлүшүмдү алып турам.

«МЕНИ АТЫП ӨЛТҮРӨМ ДЕГЕНДЕР ТОЛТУРА»
– Өзүмдү жаман опер болдум деп эсептебейм. Кыргызстанда болгон буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн көбүнүн бетин ачтым. Кылмышкерлерди кармоо жагынан бир да опер менин көрсөткүчтөрүмө жете элек, ошол көрсөткүчтөрүм менен сыймыктанам. Мени «атып өлтүрөм» дегендер толтура. «Атып таштайбыз, жылкыңды даярдай бер, бала-чакаңдын каерде окуганын, үйүңдү билебиз» деген сыяктуу коркутуулар көп эле болду. Артымдан аңдуулар түшүп, «мына, азыр атат» деген учурлар да кездешкен.
«Эгер акча жесем, абакта жетекчи эмес, соттолуучу болуп отурмакмын»
– Мени каралоого көп аракет кылышууда. Жакында эле «14 миллион сом жеп коюптур» деп да айтып чыгышты. Эгер мен 14 миллион эмес, 14 сом жеп койсом, бул жерде башчы эмес, соттолгон адам болуп отурмакмын. ИИМди өкмөттүк комиссия текшерди. Алардын максаты менин үстүмөн эптеп эле бир нерсе таап, кылмыш ишин козгоп, абийиримди төгүп айдап жибериш болчу. Эч нерсе таба албай, аргасыздан мени, орун басарларым Бактыбек Алымбековду, Мелис Турганбаевди кетирип жиберип, анан жамандап жазып жатышат. Мени менен чогуу намыс деп жанын оозуна тиштеп иштеп жүргөн балдар «биздин командир акча жеп койду беле?» деген күмөн ойдо болушун каалабайм.
Жакында ИИМде коллегиялык жыйналыш болот, ошондо барып комиссия мүчөлөрүн, басма сөз кызматкерлерин чакыртып, мени каралап жазылгандардын ар бир пунктуна жооп берем.

«ЖАМКта ДАЛЕ КӨЙГӨЙЛӨР КӨП»
– ЖАМКта да өтө көп көйгөйлөр бар экен, азыр жакшыртуу үчүн иш алып баруудабыз. 20 жылдан бери бир да кызматкерге үй же жер тилкеси берилбептир, жазында үй салып, 50-60 кызматкерге батир беребиз. Анан биздин кызматка тиешелүү оорукана же бейтапкана да жок экен. Түрмөлөрдө кургак учук сыяктуу ар кандай оору менен ооругандар бар. Алар менен түздөн-түз иш алып барган кызматкерлер жумуштан кийин үйүнө барат, алардын да бала-чакасы бар дегендей. Текшерилип туруш керек да, ошого госпиталь курабыз. Автоунаалардын да 80 пайызы керектен чыгып калыптыр. Кызматтык автоунаа жок, өзүмдүн автоунаам менен жүрөм. Түрмөлөрдүн абалы начар, айрыкча аялдар, балдар кармалган түрмөлөрдүн шартын жакшыртсакпы деп жатабыз.

«БИР ДАГЫ АВТОРИТЕТТИН ӨМҮРҮ УЗУН БОЛГОН ЭМЕС»
– Абактагыларды «чёрныйлардын мыйзамы» менен жашабагыла деп тыя албайбыз, кааласа жашай берсин. Бир дагы авторитеттин өмүрү узун болгон эмес. Алар же өлтүрүлөт, же элдин каргышы тийип өлөт. Ким жашоосун кандай өткөрөм десе, ал өз эрки, бирок жашоону адамча жашап өтүш керек.
Абактардагы кээ бир камералардын эшиктери ачык эмеспи деп текшертип көрсөм, Батукаев отурган Нарындагы түрмөдөгү кээ бир камералардын эшиги ачык экен. Аны жаптырып, түрмөнүн жетекчисине, орун басарына акыркы эскертүүлөрдү бердим. Кайра текшертсем, ачылбаптыр. Башка жерлерде баарында камералар жабык.
Менде «Чыңгыз хандын принциби» деген бар, мен иштеп жаткан жерде мыйзам иштеш керек. Эгер кээ бири мыйзамсыз иш кыла турган болсо, андай кызматкерди мен аябайм. Кылтыңдай турган болсо, башка жакка барып кылтыңдасын, бул жерде андай болбойт.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Зарылбек Рысалиев: "Мени атып өлтүрөм дегендер толтура"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
jhanibek
2013-01-07 09:54:01
ээ брат токто токто
+1
Sov
2013-01-07 17:42:25
Кантип акча жебей кафе салышат мамлекеттин акчасына?
0
Shekerbek
2013-06-03 15:55:47
Sov, насыя "кредит" алдым деп жатпайбы! Создорундо мааниси бар жакшы киши экен мурун жакчу эмес негедир, негизгиси кыйынчылыкты, ачкачылыкты башынан откоргон адам ушундай болот!
0
Taisiya
2013-01-07 20:55:57
Эгер пландарынызды чын эле орундатсаныз жакшы болмок.Бирок ишенуу кыйын го....
0
altinim
2013-01-09 00:44:17
интервъю берсе баарыле иштешип атат, суттон ак, анан неге иш жузундо башкача
0
taalai.torkent
2013-01-10 21:18:56
хе хе министири деле депутаты деле батирге жетпей же нанга жетпей жашагам деп айта беришеткен. Байдын баласы бай кулдун баласы кул болот деген кыргыздын созу кайдан чыккан анан
0
kadam
2013-01-11 14:31:49
Эр журоктугу,шар жургондугу учун элге
жагат,сыйлайбыз.
0
kadam
2013-01-11 14:41:25
taalai.torkent
Сенин ал доорду башынан кечирбегенин билинип турат.Биз Совет доорунун тарбиясын коруп,нанын жеп чонойгонбуз.Бай-кедей деген болунуу болгон эмес.85-90-жылдары кыйналганыбыз чындык.10-15 жылдан бери эле бай-кедей болуп болунуп калбадыкпы.Атасынын Байлыгын сактай албай кулга айлангандар эми башталды го?
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан