«УУЛУМДУН ӨЛҮМҮНӨ ӨЗҮМДҮ КҮНӨӨЛӨЙМ»

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынан келген Гүлнара Каадатаева аттуу айымдын бизге жазган катын гезит бетине жарыялабай коё албадык. Катта эне өзүнүн оор турмушун баяндаган экен.

«КАРГАШАЛУУ КҮН»
– Ошол каргашалуу күндү эч качан унутпайм. 2010-жылдын 18-декабры эле... Кара-Балтадагы үйүмө келатсам эшиктин алдында топтошкон эл мени күтүп туруптур. Алардын арасынан кошунам «эже, жүрсөңүз» деп мени жетелей райондун жалпы дааратканасына жөнөдү. Жүрөгүм элеп-желеп боло түштү. Барсак, даараткананын ичинде уулум Азамат жипте асылып турат. Денеси жылуу эле экен. Дем алуусу токтоп, түбөлүк уйкуга кеткендей. Аны көргөндө ааламым сапырылып, өксүү, кайгы, күйүттөн бакырып ыйлап кирдим. Ошол мүнөттө ааламымдын жарыгы өчүп, көзгө сайса көрүнгүс караңгылык көөдөнүмдү каптап турду. Жашоодон эң акыркы үмүтүм чарт үзүлө, сербейген көлөкөдөй болуп калдым.
Баламдын сөөгүн Ысык-Көлгө, айылга алып бардым. Өзүм Көлдүн кызы болгонум менен, күйөөмдөн 1 кыз, 1 уул менен 24 жашымда ажырашып, Чүйгө келип жашап калганыма быйыл 22 жыл болот. Азамат бир келген өмүргө тиешелүү сыноону көтөрө албай, ачууга, балалыкка алдырып, жаңыдан гана жоогазындай ачылып келе жаткан жаштыгын садага чапты. Уулумдун сөөгүн чыгарганы жатканда «мен бул сыноону көтөрө албайм! Уулумду алып чыкпагыла!» деп ыйлап-зарладым. «Чыгаргыла! Убакыты келип калды» деген молдонун үнүн укканымда эстен тандым. Көп өтпөй жаакка чапкылап, «апа, апа-а!» деп ыйлаган кызымдын үнүнөн улам селт этип кайра эсиме келдим. Орду толгус жоготуу, бүткүс арман-өксүү, уйкусуз түн...

«ООРУ ЖАНА ТАГДЫР»
– Кошунама турмушка чыккам. Акылсыз адамга баш кошуп, башымдан таяк кетпей, далай ажырашып, далай элдештик. Аягында кызым 2ге, уулум 1ге чыккан кезде үстүмө аял алып келгенде ажырашып тындык. Ажырашкандан кийин нерв оорулуу болуп калганымды билдим. Бирде акылымдан айнып, бирде өзүмө келип, турмуштун маңдайга жазган сыноосун далбас ура, жеңгенге аракет кылдым. Көлдө 4 жылдай батирде жашадык. Балдарымды эптеп чоңойтуп алайын деп тамак жасап саттым. Балдарым боорун жерден көтөрүп калганда Чүйгө келип, талбаган эмгегимдин аркасынан үйгө жеттим.
Ошол маалда кызым 9га чыгып, уулум 8де эле. Кокустан автокырсыкка учурап, башымдан оор жаракат алып, оорукчан болуп калдым. Жүлүнүмдөн суу алдырдым, суу аралаш кан чыкты. Ошондон бери 20 жылдан ашты, жылда оорукананын неврология бөлүмүнө жатып дарыланам. Акырындап отуруп башымда шишик пайда болду. Сыртымдан дени сак көрүнгөнүм менен, ага кошул-ташыл кан басымым көтөрүлүп, кант диабетине да чалдыктым. Кызым чоңоюп, Таласка турмушка чыгып кетти.
Уулум жөнүндө айтсам, 3-класстан баштап жашоонун түйшүгү, жоопкерчилиги, турмуштун тузагы анын моюнуна илинди. Түшкө чейин окуйт. Окуудан үйдү көздөй келе жатканда ырдап келер эле. «Аа, байкушум, кайсы ырысына ырдайт?» деп ичимден кейий жылмаям. Анан дарбазаны бир тебет да, тамашалай:
– Эй, чоң катын! Ач эшикти!- дейт. Чай ичип болгондо колуна сыра, лимонад, майда-чүйдө таттуулар салынган баштыкты берем, ал поездди көздөй чуркайт. Кара-Балтадан өтчү поездге отуруп, Луговоеге чейин колундагыларын сатып барып, кайра ал жактан башка поездге түшүп үйгө келет.
Ошол маалда башым катуу ооруганынан бир бөлкөнү да көтөрө алчу эмесмин. Түйшүк баламдын моюнунан ныгыра басып, байкушумдун ыйлаган күндөрү көп болду. Көзүнөн буурчак-буурчак жашы тоголонуп «апа, мен мындай жашоодон тажап кеттим» дечү да, поездди көздөй жөнөйт. Колумдан эч нерсе келбегендиктен, күчүмдү көз жашыман чыгарып калам. Күнүгө ушундай окшош күндөр өтөт. Балам таттуу балалык кездин даамын татпай, эски кийим менен чоңойду. Үй-бүлөнүн жүгүн балама көтөртүп койгонума, айыккыс оору туш-туштан басканына, жакырчылыктан башыбызды көтөрө албаганыма ичтен сызам.

«АПА, СИЗДИ ӨМҮР БОЮ ДАРЫЛАТАМ!»
– Кийин мектепти бүтүп, Бишкекте үй куруучу болуп иштеп, мени өмүрү өткүчө дарылатты. Күндөрдүн биринде:
– Апа, мен кыз албайм. Ага калыңга көп акча керек. Мен бир кызды сүйбөйм, бирок жакшы көрөм. Турмушту алып кете алат,- деп астына ачуу басар менен барып кыз аты бар келин алдык. Мен Кара-Балтада, уулум келинчеги менен Бишкекте батирде жашап калышты. Азамат курулушта, келинчеги тигүү цехинде иштейт. Алардын тапканы ичкен-жегенинен артпай кыйналып жатышты. Ошондой болсо да уулум жума сайын келип, мага тамак-ашыма тыйын таштап турду. Бир жолу да түнкү саат 12лерде келип эшикти такылдатты. Терезеден анын меникиндей алаңдаган көздөрүн көрүп кубанып кеттим. Кудайыма миң мертебе ыраазы боло уулума бой таштадым. «Апа, мен сизди сагынып кеттим» деп кучактай бетимен өпкүлөдү да, адатынча мени бир кытыгылап, анан өзү каткырып алды. Анан Бишкектеги жаңылыктардан саймедиреп өттү. Мага тыйын таштап, эртеси Бишкекке кетти. Кийин уксам, «апаңа неге акча бересиң, өзүбүз араң жашап жатсак?!» деген келинчеги менен уруша кетиптир. Ушундан кийин келинчеги кетип калган экен. Эзели ичкенин көрбөгөн жаным балам үйгө ичип келгенде жер астын-үстүн боло түштү.
– Апа, кечириңизчи мени... Экинчи ичпейм! Сизден башка менин кимим бар? Сиз мага керексиз,- деди алаканын жая карылуу колдорун көргөзө.
– Мен сиз үчүн иштеп келгем жана иштей берем. Ушунча жыл сизди дарылатып жүрүп, аял алганда таштап коёмбу? Аял деген толтура, эне деген бирөө,- деп ыйлады. Экөөбүз тең ыйладык.
– Атаң үстүмө аял алып келгенде, кенедей экөөңөр менен көчөдө калганда деле мен ичпей, жинди болбой эле силерди чоңойтподум беле? Ушунчалык өзүңдү жоготосуңбу?- деп ыйлап жаттым. Анан баламды сүйлөшпөй коркутуп коёюн деп чечтим. Бир аз коркутсам, бул каталыгына чекит коёт болуш керек деп ойлоп, аны жалгыз таштап эжемдин үйүнө кетип калгам. Эртеси келсем терезелер сынып, талкаланган. Азамат менен сүйлөшпөй койдум. Балам уялганынан үйгө кире албай жүрдү. Келинчеги да келген жок.
Азамат эки ортодо калгансыды. Акыры турмуштун бороон-чапкынына туруштук бере албадыбы, кыйын жашоону таштап кетүүгө бел байлаптыр... Уулум кичинесинен бери турмуштун алп казанында кайнап, өзү күткөн бакубат жашоого жетеринен үмүт үздү окшойт.

«УУЛУМА ТҮШҮМДӨ ЖОЛУКТУМ»
– Балам өлгөнү үйдүн босогосун аттаган жокмун. Уулумдун жыты, элеси сиңген ошол үй, теңтуштары менен баскан ошол көчө көз алдыма Азаматты тартат. Баарын саттым да, эжемдин үйүнө көчтүм. Ошентсем уулума болгон эскерүү, сагыныч-күйүт, тозоктун отунан кутулам деп ойлопмун. Өмүрдө, жашоодо баарын көрдүм дегеним менен, мен баса элек турмуштун миң кырлуу жолу али алдыда экен. Үйдү сатканым менен эле уулума болгон сагынычым жоголуп кеткен жок, кайра күчөдү.
Быйыл Азаматтын каза болгонуна 3 жыл толду. Бир жумадан бери түшүмөн кетпейт. Сагыныч, куса толгон көздөрү менен моюнумдан кучактай «апа, мен сизди сагындым» деп өпкүлөйт. Уулума тойбой мен да өпкүлөйм. Түшүм болсо да жүрөгүм сезип, «сенин өлүмүңө мен себепкермин» деп өзүмдү күнөөлөйм...
Эмне үчүн уулумдун бир кылган каталыгына ырайым кылган жокмун? Ушунча жыл мен үчүн жашап, мени дарылаткан уулумдун бир каталыгын эмнеге кечирбедим? Жашоодогу түйшүктү чогуу өткөргөнүбүз менен, баламдын али бала экенин кыязыма албаптырмын да. Азыр төрт дубалдын ичинде жан көтөрө алгыс жалгыздыктан өзүмдү коёрго жер таппай, бул дүйнөдөн өтүп кеткиче өзүмдү кечире албасымды түшүнүп, өксүү менен «уулум, мени кечир!» деп ыйлап күн өткөрүп келем.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

Психологдун кеңеши
«ЭНЕ ӨЗҮН КҮНӨӨЛӨБӨШҮ КЕРЕК»

Жогорудагы каарманыбызга «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА төмөнкүдөй кеңеш берет:
– Бул жерде энеси уулун кыйнаган жок. Ар бир эне баласын урушат. Демек, бул баласынын тандоосу. Айтар кеңешим, Гүлнара эже баласынын тандоосун түшүнүү менен кабыл алганга аракет кылышы керек. Балким, уулу бул чечимди мурда эле чечип койгон. Балким, башка да көйгөйлөрү бардыр. Ошондуктан өзүн-өзү күнөөлөгөн болбойт. Анда өзүнүн ден соолугуна зыян. Үмүт жана ишенич менен жашап, келечекти ойлоо керек. Жалгыз эмес, кызы, кошуна-колоңдору бар. Алар менен сүйлөшүп, алаксуу зарыл. Мындан тышкары кризистик борборлорго кайрылганы оң.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
angelo4ka_96
2013-01-08 05:18:51
Жаткан жери жайлуу болсун! :((
0
zamko
2013-01-08 05:44:29
Kydai balasinin kiligin kechirsin Özun ölturuu chon kunoo ekenin ar dayim dinden baldaribizga uyrotibuz kerek Alla ar dayim tuura joldu körsötsun InsAllah
0
Tynka
2013-01-08 11:24:29
Бул жерде эч кандай сиздин куноонуз жок, жон гана ажалы жеткен пещенесине жазган. жаткан жери жайлуу болсун жайы жаннаттан болсун
0
Sometimes
2013-01-08 13:28:25
Бул жашоонун ойдо томон сыноосу коп. Жакынымды жоготтум д озун жоготкон эн жаман адат. Сиздин бул окуяда куноонуз жок. Сиздин баланызга болгон кусанызды тушунуп турам бирок, жашоо алдыда. Сизге сабыр тилейм.
0
Sometimes
2013-01-08 13:34:47
Дагы кыздар ойлонгула, Азамат чыныгы эркек экен. Келин экенине карабай сыйын ордуна коюп уйлонсо, сооп жок кайра Азаматты таштап кетиптир андай катындын барынан жогу чынында.
0
zulya
2013-01-08 18:44:57
Sometimes, 2 баласын таштап уйлонуп алган куйоосундочу ?
0
Aisuluusha
2013-01-08 19:21:14
Эмне учун атанын кылган куноосу учун,балдары,аялы жабыр тартыш керек?ээ кудайым куноокор болбоюнчу ашык суйлоп,эмнеси болсо да энеге куч кубат бер кудайым,окуп алып,козумдон он талаа жаш кетти,бул дуйнодо энелер наристесинен ажырашпасынчы.
0
aza1000
2013-01-09 11:34:00
Ne deibiz ar bir adam bawyna tuwkon synoonu kotoruw kerekpiz. Bul bizge Allanyn jonotkon synoosu,sabyr kylynyz degenden bawka ailabyz jok. Biroonu kunoologongo e4 kimdin akysy jok,balkim Azamattyn ordunda bolgondo men antmekmin mintmekmin dewibiz mumkun birok. Bizdin bawybyzga tuwso balkim andan da jaman akybalga tuwmokpuz kim bilet.
0
Куштарбегим
2013-01-09 19:23:20
Албетте сиздин урушканыныз эн туура болгон,анткени ичкенчилик жакшылыка алып барбайт жана койгойду чечпейт.Сизди омуру откончо дарылаганга милдеттуу,сиз 9 ай боюнузда которгонунуз, ак сутунуз учун уулунуз омур бою карыз эле.Эси жоктук кылыптыр.сабыр кылыныз.
0
Tendik
2013-01-11 15:34:45
Ким канчалык күнөөлүү экенин Сиз өзүңүз гана билесиз, кайгынуу жеңүү деген аны унутуп, качуу же алаксуу эмес, ошонун баарын жүрөктөн өткөрүп, аны көтөрө билүү, анан тирүүлүктү баарынан жогору коюп жашоону улантуу,Жараткан бизди жашасын деп жараткан. Андыктан эч нерсе болбогондой жүрө бер деген жөнөкөй адам,
0
Tendik
2013-01-11 15:48:14
болобу, психологиялык борбор болобу, берген кеңештерине мен кошулбайм..Эстеп туруңуз, куран окутуңуз.
0
powar
2013-01-12 17:00:14
Бул окуяга атасы гуноолуу баласына тарбия бериш керек болчу,башка аял алып албай
0
Zverchik
2013-01-13 14:37:42
Журогум ооруп кетти окуп алып
0
balshirin
2013-01-14 00:18:04
окуп жатып козумо жаш алдым чынында, жаткан жери жайлуу болсун. баланыз сизди аябай жакшы корот экен эле
0
nadira89
2013-03-21 08:09:54
Туура биринчи куноо жолдошунузда экен, мындан ары озунузду колго алыныз,небере ширин бт дешет неберелериниз,кызыныз мн бактылуу болунуз,сизде эч кандай куноо жок!эми кызыныз бактылуу болсун, сиз коргон кундорду корбосун!
0
ak.rab.ai13
2013-11-16 04:27:05
Аллахым уулунузду кечирсин, аллахым кечиримдуу баарыбызды кечирет, бул дуйнодо тарткан кыйынчылыктарыныздарды туболук жашоодо бейишке чыгарсын, сизге жана бул макаланы окуган баарыбызга сабыр берсин! АЛЛАХЫМ!!!
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан