АЛЫСТЫ ЖАКЫН КЫЛГАН КЫЗ ЭМЕС, ВИДЕОБАЙЛАНЫШ

Жакынкы эле сексенинчи жылдары кабар алышуу үчүн кат жазышсак, токсонунчу жылдардан тартып уюлдук телефон пайда болду. Ал кайсы жерде жүрсөң да каалаган адамың менен сүйлөшүп, байланышууга мүмкүнчүлүк берди. Бүгүнкү күндө видеобайланыш модада. Бул кызмат тууралуу кеп кылалы.

ӨЗҮН КӨРҮП, АЗ ДА БОЛСО САГЫНЫЧЫҢДЫ ТАРАТ
Эгер интернетке компьютерден кирүү мүмкүнчүлүгүңүз болсо, анда видеобайланыш үчүн түзүлгөн программалардын кызматынан пайдалансаңыз болот. Мунун артыкчылыгы – түз байланышта кабарлашып жаткан адамыңыздын үнүн гана укпастан, анын жүзүн, кыймыл-аракетин көрүүгө болот. Бул жөн гана телефон менен сүйлөшүүгө караганда алда канча жагымдуу жана ал адамдын өзүн көрүп, эт жебесең да, шорпо ичкендей болосуң.
Учурда видеобайланыш кызматын көрсөткөн бир нече программалар бар. Алардын ичинен Кыргызстанда белгилүү болгондору – скайп жана агент. Агент аркылуу түз байланышта бир адам менен баарлашууга болот. Ал эми скайп кызматы эки адамдын гана эмес, бир нече адамдын башын бир убакта бириктире алат. Аталган программалар интернет айдыңында бекер кызмат көрсөтүшөт. Баарлашуунун мүнөтү үчүн эч кандай акча талап кылынбайт. Бирок буларда акы төлөнүүчү кызматтар да бар. Ал үчүн аталган кызматтын сайтындагы эсепке акча салып, телефондорго чалууга да мүмкүн. Мындан сырткары файлдарды алмашууга, билдирүү жазып жиберүүгө шарт түзүлгөн.

КЫЗМАТТЫ КОЛДОНУУ ҮЧҮН...
Бул кызматты колдонуу үчүн эң алгач интернет түйүнүнө кирүүгө мүмкүнчүлүк, байланышты камсыздай турган программа жана веб-камера, наушник, микрофон сыяктуу жабдыктар керек. Мына ушулардын баары даяр болсо, анда жогорудагы программаны сунуштаган сайттарга катталып, кызматтан пайдалансаңыз болот.

АКЫРКЫ МУУНДАГЫ УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДОР ДА ВИДЕОБАЙЛАНЫШТЫ КАМСЫЗДАЙ АЛАТ
Учурда чыгып жаткан уюлдук телефондорго видеобайланыш кызматын көрсөткөн программаларды жүктөөгө мүмкүн. Уюлдук телефондордон видеочалуу уюлдук операторлордун 3G (уюлдук байланыштын үчүнчү муундагы технологиясы) түйүнүнүн негизинде ишке ашат. Кызматтан толук кандуу пайдалануу үчүн телефондун алдыңкы бетинде камера болууга тийиш. Муну менен сиз уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан адамды көрө аласыз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
kumarbeka
2013-01-07 16:47:27
дааааа адамдар эмнелерди кана ойлоб тапты
0
windows.kg
2013-01-07 17:47:15
kumarbeka, бирок бизде модемдин скорости жетпей акмак кылат катып кала берип.
0
aza150691
2013-01-07 20:16:36
Кыргызстанда эми келе баштад видео коңгуроо Модем а чет жактарда кеңири таралган и интернеттин ылдамдыгы да тез .
0
maha_zum
2013-01-08 00:28:31
azirki zamandin jetishkendigi da men gobuncho skypti kop koldonom skypka akcha juktosom kyrgyzstan menen suyloshsom ayabay ele az akcha getet maga osho jeri abdan jagat da,i telefonum menen da kamera arkiluu suylosho alam birok kee birde kyrgyzstanda svyaz nachar bolup svyaz uzulo beret ...
0
Chiko.kg
2013-01-08 01:34:39
Скайп жакшы идеяа безлимит интернент болуш керек мен да уюулдук телефон менен суйлошуп турурам бирок нокиада бири бирин коро албайт экенсин прогрмма ошондой экен бирок интернетин эсебинде суйлошо бересин жакшы мага жакты баардык эл скайпка отсо дейм.
0
Asiyo
2013-01-09 01:23:33
Кыргызстанда безлимитный интернет канча сом айына?Скайп менен мен Египеттеги эжемдер менен кундо суйлошуп турам Москвадан.Ата-энем менен да суйлошкум келет(алар Кыргызстанда)бирок шарт жок,уйдо ноутбук жок.
0
nuradyl88
2013-01-09 22:18:01
Asiyo,
ар кандай баада, интернет ылдамдыгына жана провайдерлердин койгон баасына жараша, орто эсеп менен айтканда 235 сомдон баштап 4200 сомго чейин, Бирок бул Бишкектин баасы менен корсотулду, анан Бишкектин четиндеги жаны конуштарга да орнотулуп жатат зымсыз чеги жок интернет, бирок башка жактарда жок азырынча...
анан бизде жогорку ылдамдыктагы чексиз интернет модем азырынча пайда болбой жатат, неге компаниялар анын устундо иш алып барбай жатканы тушунуксуз...
0
kuzulalay
2013-01-10 08:34:11
скайпты скачать кылсан бекер эле болот бекен
0
Karagulov90
2013-01-11 19:48:09
kuzulalay, bezlimit internet bolso skype juktoo beker bolush kerek.
0
one-ulutman
2013-01-12 22:09:38
у меня такое ошушение,будто вы все(некоторые) тупые)))) кечиресинер бетке айткан учун))))
-1
sayana
2013-06-12 02:31:28
one-ulutman,КРде инет жакшы эмес да азыр деле Бишкекте, болгондо да центр жерлеринде эле, анан облдардын центрлеринде эле инет жакшы иштебесе, айылдагылар комптон дээрлик копчулугу кирип инетте отуралгандары жокко эсе.Даже шаардагылардан интернетти пацдалана албагандары, билбегендери толтура, уйронгонго комп, инет, мумкунчулуктору, шарт жоктор.Ошондой экен теорияны мин окуса да, практика болбосо баарын тушунуш, билиш кыйын.Билбей сурагандын айыбы жок.Торолгондо эле баарын билип торолбойт го адам
0
sayana
2013-06-12 02:39:08
one-ulutman, Баары жокту билген адам тушунуктуу,озунун да, башкалардын да оюн сыйлай билет.Билбегендерге билгени болсо тен болушот, уйротот.Акылдуу , копту билген, копту коргон адамдар башкалардын катасына эч качан кулбойт, аларды ондошко жардам берет,анан да алардын эн жакшы сапаты башкаларга жардамы тийсе ушунчалык кубанат,жардамы тийгенин билсе жасаган ишинен ырахат алат. Создорундон озундун эле денгеелиндин томондугун билдирип коюпсун.
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан