ЖАРЫК ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ӨЧҮҮДӨ?

Жаңы жыл «жарык жок» деген маселе менен башталды. Анткени 2-январь күнү Кемин районунун жашоочулары борбор шаарыбыздагы маалыматтык борборлордун бирине телефон чалып, эртең менен жана кечинде электр энергиясы 2 сааттан өчүп жатканын билдиришкен. Алар өз билдирүүсүндө «Кемин районунда электр энергияны чектөө убактылуу алынып салынган. Эмне үчүн өчүрүлүүдө?» деген талаптарын коюшту.
Райондук электр станциясынын кызматкерлеринин маалыматына караганда, электр энергиясынын көп пайдаланылганына байланыштуу электр станциясы жарыкты толук бергенге алы жетпей, өчүрүүгө аргасыз болуп жатышкан экен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан