«Гүл кармап басып келем, Күн сымал күйүп денем...» деп кыздарга сүйүүсүн арнап ырдаган Автандил аттуу жигит да Токтогулдун жаңыдан чыгып жаткан торгою. Байкап көргүлө, кыздар, жүрөгү да бош экен.
Толук аты-жөнү – Абылкасымов Автандил
Туулган жери – Токтогул районунун Жетиген айылы
Туулган жылы – 1988-жыл, 20-март
Хоббиси – Бильярд ойноо, сууда сүзүү, балык кармоо
Үй-бүлөдө – 11 бир туугандын онунчусу
Кызыгуусу – Комуз, гитарада кол ойнотот
– Автандил, сенин бул чөйрөнү тандаганыңа ким же эмне түрткү болду?
– Эң биринчи себеп эле Токтогулдун суусун ичип калганым болсо керек. Апам да ырга шыктуу жан, ар кандай кечелерде созуп коёт, анын таасири болушу мүмкүн.
Андан сырткары мектепте окуп жүргөндө классташтарымдан эки нерсе менен айырмаланчумун. Биринчиси – чеги жок тентектигим болсо, экинчиси – ырга жакын болгонум менен. Андыктан мектепти бүтүп, борборго келип М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. Бирок ал жакты да айрым себептерден улам таштап, кафелерде ырдап жүрдүм. Көп ырчылар менен тааныштым. Мени уккан дос-тааныштарым "ырдап чыкпайсыңбы" деп айтышчу. Анан мен да ырчылыкка киришип, «Ишенчи» деген ырымды жаздырып, акырындап шоу чөйрөсүнө аралаша баштадым.
– «Ишенчи» деген армандуу ырыңдан улам сүйүү азабына чалдыккан окшойсуң деген ой келди...
– Кайсы гана ыр болбосун, жөн отуруп эле жазылып калбайт. Сөзсүз жүрөгүңө таасир эткен бир нерсе түрткү болот. Анын сыңары бул ырым кусаланганда жаралган. Бир кыз менен жакшы эле кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп таарынышып кеттик. Ал башка жигитке турмушка чыгып, анын келинчеги болуп калды. Ошол кездеги жүрөгүмдөгү болгон арман, муң-кайгы, сагынычтын баарын "Ишенчи" деген ырым менен чыгардым.
– Кыздар демекчи, кандай бийкечтерди баалайсың?
– Мурунку кызымды ички дүйнөсүнө карап сүйгөн экем. Азыр көңүлүм калдыбы, көп деле издебейм. Негизи, сөздү орду менен сүйлөгөн, өзүн таза алып жүргөн, тыкан кыздар жагат. Анан да такыр боёнбогон айылдын сулуу кыздарын сыйлайм. Ыймандуу, мени түшүнгөн кыз болсо жашап кете алам.
– Клиптериңден байкап калам. Артыңдагы өрүлгөн чач эмнени түшүндүрөт?
– Өрүлгөн чачтын түшүндүрмөсү деле жок, болгону өзгөчөлүк. Менин чач жасалгамдын үстүндө иштеген стилисттерим бар. Өзүм да бир калыпта жүрө бербей, ар кандай кылып имиджимди өзгөрткүм келет. Эми жакында чачымды такыр эле алдырып салсамбы деп жатам.
– Жогоруда тентекмин деп калдың. Шоктук кылган күндөрүңдөн айта кетсең...
– Окуучу кезимде ата-энем «кыз балага тийбе» деп дайым айтчу. 4-классымда бир классташ кызым мага тийишип коюп балээге калган. Агай анын айынан мени сабап жатпайбы. Ызаланганымдан классташ кызымды турган жеринен чуркап барып тээп салсам, ал байкуш өзөрүп эле жатып калды. Катуу тийгенин билип, мугалимге карматпай класстан атып чыктым. Кийинки күнү «агай урат, сабакка барбайм» деп көгөрүп туруп алып, мугалимдер «урбайбыз» деп келип алып кетишкен.
Чоңойгондо да каны суюк деп коёбу, ошол сапатым ойноп турчу. Балдар жинге тийсе, сөз менен айтышып отурбай, тарс эле бир салчумун. Эми гана шоу чөйрөгө келип, эл адамы болгондон кийин өзүмдү кармайын деп токтолуп келатам.
– Азыркы жаш ырчылардан өзгөчөлүгүң эмнеде?
– Башкалардан өзгөчө болуп чыгыш деле максат эмес. Мен жөн гана жүрөктөн чыккан ырларымды элге жеткирсем, ошол мага жетиштүү. Буга чейин жалаң сүйүү ырларын ырдап келгем, жана да ырдай берем. Учурда белгилүү акындарга сөзүн жаздырып, улуу муунга жакчу ырларды да жаздырып жатам.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg