ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН (жаӊы сериал)

«Бөлүнүп-жарылуу кыргыздын канына сиңип бүткөн көрүнүшкө айланып калды. Бир айылда туруп, ар ким өзү каалаган жөрөлгөсүн адатка айландырып алышат. Алакандай Ала-Тоо койнуна адамдар неге батышпайт? Неге түндүк-түштүк, кокту-колот, жек-жаат болуп бөлүнүшөт?» Айтор, Болот ата ушинтип кейип, ойлуу отурат.
– Ассалоому алейкум, Болот аба!
– Валейкум ассалом, кел, аттан түш.
– Жок, мен өтүп баратып сизди көрүп калып учурашайын дедим. Уулуңуз аялынын артынан кеттиби шаарга? Карыганда эне-атасын таштап, тээ Арпанын ары жагынан аял алып, бизде кыз түгөнүп калгансып...
– Ушу сен эле калдың эле, балам. Жөн койчу, жаштар бир күн урушат, бир күн табышат. Кемпир экөөбүз, Кудайга шүгүр, Асылбектин ини-карындаштары менен тиричилик өткөрө беребиз.
– Ошентсе да...- деп сүйлөп бараткан айылдык кишини Болот аксакал колу менен токтотуп койду эле, тиги жолго түштү. Бир чети ардандыбы, айтор, тебетейин оңдоп, карыя кайра терең ойго батып кетти. «Келиним дебей кызым дедим, өз кызымдан артык көрдүм, анан эмнеге балдарын жетелеп кетип калды? Эч кур десе Асманымды таштап кетсе болбойт беле?» Бырыш баскан жүзүнөн жаш сызылып агып турду карыянын. Аксакалдын минтип кейигенинин да жөнү бар эле. Тун баласы Фрунзеде окуп, ошол жактан келини Марал экөө табышып, түтүн булатып, бүлө болушкан. Бирок алардын аруу махабатына жолдун алыстыгы кедергисин тийгизбей койбоду. Экөө тең эле бир өлкөдө, күнөстүү Кыргызстанда төрөлгөн. Жаратылышы эч айырмачылыгы деле жок, бийик тоолуу аймактан. Болгону, бала түштүктөн, кыз түндүктөн. Бар балээнин башы мына ушунда жатпайбы...
– Күнгө какталып бүтмөй болдуң го, абышка. Үйгө кир, мен жолго камынайын. Келиндин кеткенине көп болду. Уулуң артынан кетип жок, мен барып жараштырып алып келейин.
– Уулкан, эч жакка барба! Бир балалуу болгончо он жолу алып келдиң, экинчисин төрөгөндө шаардан үй алып бердик. Үчүнчүсүндө ата-энесине кеткен сайын жүгүнүп бардык, колдо барын көтөрүп. Ыйлактап «бага албай жатам» дегенинен чүрпө кезинде алып келдик Асманды, торолгондо кайра көтөрүп кетти. Бала бакчага берди, биз барганда неберебиз ээрчип келди, кайра алып кетти. Жетишет, ушунчасы жетишет, кемпир. Болду, барба. Неберелер аман болсо издеп келишет! Мен өмүрүм өткөнчө тоо койнунан чыкпайм эми. Уулуң шаарда жашай берсин, бактылуу болсун!
Абышкасынын айтканы айткан, дегени деген. Мостоюп кала берди кемпир. Ошондон аз убакыт өтпөй үйдүн жанына машина келип токтоду. Азыр эле эмшиңдеп отурган карыянын жүзүнө кубаныч кирди.
– Чоң ата, мен бакчада ырдабадымбы, анан мамам мени «чалга кет» деп урушпадыбы,- деп бал тилдүү кичинекей кыз бирде мактанып, бирде апасына болгон таарынычын чоң атасына бежирей баштады.
– Марал сени уруштубу? Маралдыбы...- деп кемпири келинин айыптап киргенде абышка көзү менен токтотуп койду.
– Тегеренейин сенден, тегеренейин, кана, ырдап койчу, Асманым.
– Ай чыкты, карачы, Айдан биз жаралдык,
Ай нуру төгүлгөн алтындай балалык!..
Көрсө, талант-шык тээ балалык кезде эле пайда болот тура. Ушинтип ырдаган Асманды тагдыр бирде көккө көтөрүп, бирде жерге чапкан. Чоң атасынын көзү өтүп кетти, чоң энеси да небересинин эл адамы болгонун көрбөй калды. Атасы канчалык «балам, ушул артист болуп эмне табасың, башка кесипти танда» дебесин, кыз сахна деп туруп алды. Анын үстүнө ата-энеси эки бөлөк түтүн булатып калганы Асманды дайыма кейитчү. Атасына барайын десе, апакесин кыя албайт, таштап басып кете албайт. Дүйнөдө ар бир баланы ата-энесинен тирүүлөй айырбасын. Баарынан жаманы ушул экен. Дегеним, Асман Кант шаарында окуп калды. Агасы студент, эжеси экөө тырмалаңдап апасына көмөк көрсөтүмүш болушат. Атасынан болсо окуу жылынын башында гана кийим-кечеге жетерлик акча келет, анда да апасынын жемеси менен араң алышат аны. «Өзүм кийиндирем, өзүм багам, ал жаман сарттын бергенин албагыла» деп айтканда кыздарынын бакырайып кеткен көздөрүн көргөн эне байкуш аргасыз макул болот.
Айрыкча 90-жылдан беркиси кыйын болду, бул үй-бүлө үчүн. Бир гана бул үй-бүлө үчүн эмес, жалпы эле журт үчүн кыйын кырдаал эле. Асмандын жакындары жээрге нан, жылынарга отун таппай калган учур өттү. Окуудан келип апасына барат, каралашат. Ишенгени эле агасы окуусун бүтсө, баары жакшы болуп кетчүдөй сезилет. Ошон үчүн да эжеси, апасы, Асман болушуп Саматты окуудан калтыргысы келишпейт. Илгери үмүт да, үйдө ишенген жалгыз эркеги Самат болсо кантсин?.. Булардын үй-бүлөсүнүн курсагы ач болсо да, маңдайы жарык. Үч бир тууган бири-бирине ат коюп алышкан. Кулк-мүнөзүнө, бой-келбетине карап жаныбарлардан баштап мультфильмдеги каармандарга дейре үчөөнүн жок эле дегенде үчтөн кличкалары бар. Айрыкча ат коюуга Асман уста. Бир күнү ал апасынан сурады.
– Апа, эжемдин аты – Жылдыз. Агамдыкы – Самат. Менин атымды ким койгон Асман деп? Классташтарымдан кээде уялам, «Асман, Жер, Күн» деп мазактай беришет.
– Асман деген атка мен да каршы болгом. Папаң да, атасынын сөзүн эки кылбаган. Кийин ойлонуп көрүп, өзүм да макул болгом. Кызым, атыңдан уялбай эле кой. Асман деген асман.
– Ой да, мен да бир түшүндүрмө айтат го десем, мен билген эле сөздөрдү айтасыз да. Мейли, неге капа болоюн, асман жакшы да, Болдукан деген аттарга караганда,- деп каткырып калды.
Бул кыз үйдүн шайыры, каш-кирпиги төгүлүп, карагат көз, узун моюн, кырдач мурун, татына кыз. Бирок жетишпеген тиричилик. Башкалардай болуп кийимдин акыркы үлгүсүн алып бер деп кыйнабайт апасын. 5-классынан баштап турмуштун ачуусун кыйла эле көрдү, башта айткандай, ач калып, ток калып жүрүп бышкан. Жайкы каникулда жер-жемиш сатат, кышкы каникулда атасына барганга шашат. Айтор, күндөр өтүп жатты. Агасы окуусун бүтүп, маянасы аз болсо да жумушка орношту, эжеси да студент болду, а Асман керилген сулуу болуп бой жетти. Мектепте сабактардан мыкты окубаганы менен, аябай тырышчу. Эң жаман көргөн сабагы – математика, сүйгөн сабагы – орус тили, адабияты. Мектепте 8-Март майрамы сайын ар кандай сынактар өткөрүлөт эмеспи. Бир күнү мектептин дубал тактайында илинип турган жарыяны кыздардын баары жабалактап окуп жатканын көрүп басып барды. «Мектептин миссин аныктайбыз» деген аталыштагы жарыя экен. «Мен мындай сынактарга катышпайм да, биздин класстан баягы эле завучтун кызы Камила катышат» деп ойлоп, кайдигер басып кетти кыз. Тарбиялык саат учурунда класс жетекчиси Катя Абдрахмановна окуучуларга кайрылды.
– 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүндө биздин класстан Тилек катышып, класстын атагын көтөрдү. Өзүнүн таланты менен баарынын оозун ачырды. Тилек бир гана сабактан мыкты эмес, коомдук иштерге активдүү экендигин, маданий иш-чараларда мыктылыгын көрөсөтө алды, балдар. Биз Тилек менен сыймыктанып калдык. Анча-мынча силерден улуу класстын кыздары «келиниңиз болоюн» деп мага подход кыла башташты...- дегенде жанатан бери унчукпай отурган окуучулар күлүп калышты.
– Албетте, аяккы сүйлөм тамаша. Эми 8-а класстын балдары эмес, кыздары да мыкты экендигин далилдейли. Кана, мектеп сулуусуна бизден ким катышат, ким татыктуу? Талапкерлерди көрсөтүп берсеңер.
– Альбина!
– Айсулуу, Бермет!
– Жок, албетте, Камила.
– Кечке эле Камила боло береби? Камила ырдап-бийлей алабы?
Ушундай талаш-тартыштар болуп, класстын ичи чуру-чууга түштү да калды. Бир убакта дайыма кийимдин түрүн кийип, алдыңкы партада отуруп, эмнегедир агай-эжейлердин оозунан түшпөгөн Камила чыдабай кетти окшойт, ордунан ыргып турду да, колун көтөрдү.

Жаңыл Калыкова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Evelet
2013-01-07 09:55:27
Kyzygyna kelgende buturup koiupsunar.
0
Sakyw
2013-01-07 12:45:05
Menim4e synaKKa Asman katywatda anan jenip alat anan Kamila aga 040wo bawtait. .M.m.m dagy bilbeim. .))
0
windows.kg
2013-01-07 17:21:07
Sakyw, туура эле суротоп жатасын анан жанакы тилекти камила суйуп, Тилек Асманды суйуп Камила м.н Асман бири бирине очошуп дегендей
0
Baha909090
2013-01-07 19:42:43
Бактыгул Бадыеванын омур баяны турбайбы бул. Мен адашкан жокмун достор, точно ошол. Элдин баары эле билет болуш керек муну.
0
Periwa
2013-01-07 20:17:45
Baha909090, emne Badyeva mn jawaisynby je syrdawysynby???
0
nuraly
2013-01-08 03:35:20
Мен да Бактыгулдуку го деп ойлоп койдум. Болгону аябай эле коркомдолуп жазылган....
0
Jamalym
2013-01-08 04:17:25
Бактыгулдун омур баяны болсо жакшы экен.Дуйного белгилуу жылдыздар деле мемуар китептерин чыгарып жатышпайбы?
+1
altinim
2013-01-08 18:29:56
м точна точна жашылча жемиш сатканачы оа ей
0
shirin27
2013-01-09 02:02:37
Badievanin jashoonuna okshosh eken
0
N.Bakazova
2013-01-09 14:44:49
Baktyguldun jagdyr tarjymalyn jakwy bilesinerbi? Kimdin tagdyry jazylgany kiyinchereek bilinse kerek.
0
Cyldyzka
2013-01-10 16:44:06
Kimdiki bolgonun aytışpasa kerek
0
NurAngel
2013-01-10 19:43:44
Jakwi ele serialdardi okubaym dedim ele kayra 4iday albay okup koroyun kizikpayt boluwum kerek dep kizigip kaldim emi dagi kutmoy iylamay
0
Nur_meerim
2013-01-10 20:53:25
Эй ооба мен да окуп атып Бадыеванын жашоосу го деваткам. Анын апасы да тундук, атасы туштук. Мен анын чон эне чон атасын тааныйм, чын эле алар анын ырчы болгонун корушкон жок. Анын да 1 байке, 1 эжеси бар. Точно эле про нее гооо.
0
Sydykova
2013-01-10 21:25:24
:)
0
Sheva
2013-01-11 02:37:33
ой-боой элдер,укмуш элесинер деги,Бадыева дей салгандарын кара...ха-ха-ха.....
0
AtankulovaB
2013-01-11 19:50:56
уландысын окуйлукчу балким Бадыева эместир неси болсо да уландысы чыга берсинчи анан билебизда
0
listopad_toy_oseni
2013-01-14 06:57:21
Badyeva turaluu bolso anda sonun eken.Baktygul ejenin kantip Bakyttyn gulu bolgonu bilgileri kelgender kop chygaar!Kim bolgonu maaniluu emes,Kim boldu,owol maaniluu!Baktygul mykty,kuchtuu,en suluu ayim!Siymiktanam uwunday yrchy kyzybyz menen.Alga!
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан