ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (7-январдан 13-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жылдыздар бул аптада сизди акчага байланыштуу чоң ийгилик күтөт деп билдиришет. Бирок ашыкча коротуудан сактаныңыз. Ден соолукка кам көрүп, убагында эс алып, уктоого аракеттенген оң. Аптанын соңунда үй-бүлөңүз, жакын адамдарыңыз менен бирге убакыт өткөргөнгө шарт түзүлөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Эмоцияга алдырбай, өзүңүздү токтоо алып жүрүүнү үйрөнсөңүз, ишиңизде ийгиликтер күтөт. Аптанын ортосунда маанилүү долбоорго кол коюшуңуз ыктымал. Шериктештер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө абайлаганыңыз туура. Сүйүктүүңүз тараптан таарынычтар болушу мүмкүн. Капалыкты жазууга аптанын аягы ыңгайлуу. Ашказан-ичеги ооруларынын алдын алып, врачка көрүнгөнүңүз ашыкча болбойт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында баштаган ишиңиз ийгилик алып келбейт. Үй-бүлөдө түгөйлөр ортосунда пикир келишпестиктер чыгат. Мындай учурда жалгыз табият кучагында болсоңуз, чырдын ырбап кетишинен алыс болосуз. Тыныгуу алып, эс алганыңыз да оң. Үй иштери менен алектенүүдө абайлабасаңыз, денеңизге оор жаракат келтирип алууңуз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында жашооңузда өзгөчө бурулуштардын болуусу күтүлүүдө. Апта соңу үй жасалгаларын алмаштырууга ыңгайлуу учур.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын биринчи бөлүгүндө мүмкүн болушунча активдүү болууга аракет жасаңыз. Башкы ийгилик күжүрмөн эмгегиңизге байланыштуу. Андыктан чечкиндүүлүк менен жакын адамыңыздын көмөгүнөн да баш тартпаңыз. Ошондо баары сиздин пайдаңызга чечилет. Бейшемби күнү капысынан келген акчага кубанбай, аны коротуу жаатында ойлонуп иш кылганыңыз жөндүү. Дал ушул аралыкта чогуу иштеген кесиптештериңиздин көңүлүн көтөрүп койгонуңуз оң.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта башында сиз ойлогон жаңы идея жамаат тарабынан колдоого алынат. Мындай көпчүлүк колдогон ишиңиз менен чет жакага чакыруу алып, жеке карьераңызды жогорулатууга жол ача аласыз. Шаршембиде конок күтүп, жума күнү үйгө буюм сатып алууңуз күтүлүүдө. Жекшембиде бир окуя маанайыңызды түшүрүшү мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Соода менен алектенгендерди бул аптада ийгиликтер күтмөкчү. Кирешелүү келишимдерди түзүүгө ыңгайлуу мезгил. Электр буюмдарын колдонууда этият болбосоңуз, токко урунуу коркунучу бар. Сүйүктүүңүз тараптан кандайдыр бир сунуш түшүшү ыктымал. Аптанын аягында сизди эски достор менен жолугушуу күтөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө ден соолугуңузга кам көрүп, таза абада көбүрөөк эс алганыңыз оң. Шейшемби жана шаршембиде көптөн бери жүрөк өйүткөн маселенин чечилүү ыңгайы жаралат. Мүмкүнчүлүктү кармап калыңыз. Жуманын экинчи жарымында көпчүлүк арасында өзүмчүлдүктү көрсөтүү аброюңузду түшүрөрүн эске алыңыз. Эс алуу күндөрү жакындарыңыз менен жолугушасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Чаяндарды ийгилик күтөт, бирок жөнөкөй апта болбостугун эсиңизге түйүңүз. Кесиптештер, достор жана жакын адамдардын колдоосуна арзыйсыз. Иште жакшы натыйжа чыксын үчүн баарына дыкаттык менен көңүл бурушуңуз керектелет. Аптанын аягында чакан кечеге чакырык аласыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын алгачкы күнү тааныштардын арасында баркыңыз түшпөс үчүн мурун берген убадаларды аткарууга туура келет. Шейшембиде туугандарыңыздын кеңешин угуңуз, ишиңизге жардамы тиет. Бейшембиде жолугушуу белгилебей эле койгон оң, убактыңыз текке кетет. Ишембиде жол жүрүүдө кырсыкка кабылып калуудан сак болуңуз. Жекшембиде жагымдуу кабардын келиши күтүлүүдө.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Өзүмчүлдүккө жол берүү жакын мамиледеги адамдардан кол үзүп калууга жеткирерин эске алыңыз. Шейшембиде шашылыш чечим кабыл албаңыз, өкүнүп каласыз. Бейшембиде жаңы таанышуулардан алыс болуу пайдалуу. Апта соңунда акчалуу болушуңуз күтүлүүдө.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жашоо образын өзгөртүүгө аракет кылар кез келди. Аптада бирөөлөргө «мындай же тигиндей эмерек, же кийим жакшы» деп кеңеш берүүдөн качыңыз. Сатып алынган буюм ойдогудай чыкпай, сиз күнөөлүү болуп каласыз. Ишкерлерге бир топ сунуштар түшөт, карап көрүп, ылайыктуусун тандоо кажет. Бейшембиде чакырылбаган конок үйүңүзгө баш багат. Апта акырында табият койнунда эс алып, энергия топтосоңуз, эмки аптада баары ойдогудай болот.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жеке бизнесин ачкандарга жылдыздар өзү жол көрсөтүп, акырындык менен турак жай же башка нерсе сатып алууларына жол ачат. Жеке жашоодо интригалардын чыгышына өзүңүз жол койбоңуз. Ошондой эле диетага отуруп, ден соолукту калыпка келтирүүгө киришкен оң. Шаршемби – соодадан жолдуу күн. Аптанын аягында унутулган достор өздөрү тууралуу кабар беришет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан