Адатта кызамык менен ооруган наристенин температурасы көтөрүлөт, суусайт. Ага алма как менен ит мурундун кайнатмасын ичирет. Же болбосо бөрү карагат (барбарис) менен ит мурундун тамырын кайнатып суусундук катары ичирүү кажет. Мындай суусундукту 7-8 күн ичирген соң кызамык толук кайтат.
ИММУНИТЕТТИ КӨТӨРҮҮ
Өрүк менен жаңгакты майдалап, үстүнө балды куюп, жакшылап аралаштыруу керек. Муну күнүнө 3 жолу тамакка чейин 1 аш кашыктан ичүү зарыл (балдарга курагына жараша 1 чай же десерт кашыгы менен берет). Бир курс дарылоого мындай аралашмадан 2 ирет жасап, колдонуу талапка ылайык.
МАСТИТТИ ДАРЫЛОО
Маститке (эмчек безинин сезгениши) картошканын крахмалы менен күнкараманын майын бирдей өлчөмдө алып, аралаштыруу керек. Анан даяр боткону бинттин бетине сүртүп туруп, ооруган жерге тартуу кажет. Бул ыкманы оору басылып, катуу тарткан эмчек жумшаргыча жасоо зарыл.
КУРГАТЫЛГАН ӨРҮК
Оорудан кийин сакайып келе жаткандар, өнөкөт оорулар менен жапа чеккендер (мисалы, кургак учук), кош бойлуу аялдар жана балдар суткасына 100-150 грамм кургатылган өрүк жеш керек. Ал жогорку калориялуу болгону менен, оңой сиңе турган азык. Ошондой эле калийге бай, кальций, магний, фосфор, темир, витаминдер, органикалык кислоталар жана башка пайдалуу заттарды камтыйт.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg