Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер көп.
«КАЙДАСЫҢАР, КУРБУЛАР?»
– Курбуларым менен өткөн кызыктуу күндөрүм эстен кетпейт. Андыктан мен сиздердин гезитке алардын кабарын билмекке кабарлашып жатам. Аты-жөнүм Роза Соотканова. 1982-1984-жылдары Бишкек шаарында окуган курбуларым 1965-жылы туулган Дүйшалиева Динара Кашымбековнаны жана Токон Кожекованы издейм. Динара Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынан болчу. Кийин Сокулук районунун Киров айылына Шакирдин Султанов деген жигитке турмушка чыккан. Ал эми Токон Ат-Башыдан болчу. Токонду биз Тамара дечүбүз. Менин билдирүүмдү окусаңар, курбуларым, мага байланышка чыгып койгула.
Роза
Тел:. 0553 889094
«НОМЕРИМ МЕНЕН КОШО КУРБУМДУ ЖОГОТТУМ»
– Мен Атыргүл Убайдуллаева Адыловна 2001-2006-жылдары Кыргыз улуттук университетинде кыргыз филологиясы факультетинин КТАОМ, 1-01 тайпасында бирге окуган группалаштарымды жана дайыма бирге жүргөн курбу кызым Садыкова Курсанай Халиловнаны тапкым келет. Ал Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын №18-кварталынан болот, бирок ал азыркы учурда Бишкек шаарында жашайт деп угуп келем. 2006-жылдан бери телефон номерлерибиз өзгөрүп, байланышпай калдык. Сиздерден суранарым, менин телефон номеримди жана электрондук почтамды (atyrgulu@mail.ru ) жарыялап койсоңуздар.
Тел.: 0770 227298
«ТОКМОКТУК СУЛУУНУ ИЗДЕП КЕЛЕМ»
– Мен Токмок шаарында жашаган Элизаны издейм. Атым Нурдин. Ал болжол менен 1994 -95-жылы төрөлгөн, Балыкчы шаарынан болом. Өзүм Бишкекте шахмат, нарда жасап иштейм. Элиза экөөбүз 2010-жылы таанышкан элек. Кийин бири-бирибизди таппай калдык.
Нурдин
Тел.: 0709 090536
«КЛАССТАШ КЫЗЫБЫЗДЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– Таластын тургуну Гулиза Кубатбек кызын (Бишкектеги Ш.Сыдыков атындагы спорт жатак мектебинде окуп кеткен) издейбиз.
Классташтарың
Тел.: 0703 337717
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26
Асхат Субанбеков
koom@super.kg