БИР ТҮК САМАН ҮЧҮН АДАМ ӨМҮРҮ КЫЙЫЛДЫ

Бул каргашалуу окуя 2012-жылдын 3-декабрь күнү болгон. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук ИИБине Светлая Поляна айылынын тургуну киши колдуу болуп каза тапкандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Бул окуяга баягы эле акылдан азгыча арак ичкен адам себепкер.

ЖАҢЖАЛ ЭМНЕДЕН ЧЫККАН?
Тергөөнүн версиясы боюнча окуя төмөндөгүдөй болгон. Өткөн жылдын 1-декабрь, жекшемби күнү Светлая Поляна айылынын бир нече тургуну базарга мал сатабыз деп Караколдогу мал базарды көздөй жөнөшөт. Сата турган малдарын унаага жүктөшкөн соң машина баткакка тыгылып калат. Ары түртүп, бери түртүп чыгара албай бушайман болгон көпчүлүк жакын жерде жашаган Б.Кнын чарбагынын четиндеги бир түк саманын алып, машинанын дөңгөлөгүнүн алдына коюп, анан түртүп чыгарышат. Машина ордунан жылган соң бир түк саманды ордуна коюу эч кимдин эсине келбей, саман ошол жерде калып калат.
2-декабрь күнү эртең менен Б.К. үйүнөн чыгып, көчөдө бир түк саманы жатканын көрүп, муну ким чачкан деген ой менен жыйнап, анан базарга кетет. Базардагы иштерин бүтүргөн соң ичимдик ичип, мас абалында күүгүмдө айылга келет. Эсине баягы бир түк саман түшүп, дароо эле Ж.Б. аттуу жарандын үйүнө кирип, «үйүңө ичкичтердин баары келип-кетет, ким саманымды уурдады?» деп чатак чыгарат. Ал «мен көргөн жокмун, билбейм» десе да болбой ур-токмокко алган. Аны башка-көзгө койгулап жатканда короосунан кошунасы көрөт, үйүнүн ичине алып кирип сабап жатканын терезеден дагы бир айылдашы көрөт.
Акыры Б.К. Ж.Бны үйүнө алып кирип катуу сабап, темир чайнек, чара менен башка-көзгө ургулайт. Бир нече жеринен катуу жаракат алган Ж.Б. ошол жерде көз жумган. Маркум жалгыз жашагандыктан, өлүгүн таң атканга чейин эч бир жан көргөн эмес.

«ЖЕРДИН БААРЫ КАН БОЛГОН ЭКЕН»
Жети-Өгүз РИИБинин ага тергөөчүсү, милициянын майору Мурат Исмаилбеков:
– 2012-жылдын 3-декабрь күнү Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылынан тилкелик нускоочу Үмөталиев телефон аркылуу «Ж.Б. аттуу адам киши колдуу болуп каза тапты» деп билдирген. Кабарды угарыбыз менен эртең мененки саат 9:30дар чамасында оперативдүү топ окуя болгон жерге бардык. Каза тапкан адамдын үйүнө киргенде үйдө катуу жаңжал болгону ачык көрүндү. Идиш-аяк чачылган, жердин баары канга боёлгон. Анан үйгө ким келгенин, маркум ким менен жүргөнүн сураштыра баштадык. «Ошол күнү Карыбай аттуу айыл тургуну маркум менен чогуу арак ичип жүргөн» дегендер четтен табылды.
Ал маалыматтан соң Карыбай Сакеновду эки күн өткөндөн кийин Тоң районунан кармап келип, камакка алганбыз.
Көрсө, 3-декабрь күнү Карыбай Сакенов кошунасы Ж.Бнын үйүнө барып, анын жансыз денеси полдо жатканын көрөт. Андайды күтпөгөн Карыбай «эми мен жөн жерден соттолуп кетемби?» деп коркконунан үйүндөгү кийимдерин инисинен алдырып, качып жөнөгөн экен. Тергөө учурунда анын окуяга эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды. Кошуналарын сурап жатып, алардын көргөзмөсү менен маркумдун кошунасы Б.Кны кармадык. Тергөө учурунда ал аны кандай өлтүргөнүн толугу менен айтып берди.
Бүгүнкү күндө Б.Кга 97-берененин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, бирок учурда соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Экспертизанын алдын ала берген корутундусу боюнча Ж.Бнын бир нече кабыргасы сынып, боору, өпкөсү жарылып, мээси жанчылып, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Эми 97-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пункту менен тергөөнү аяктап, сотко өткөрөбүз. Калган чечим соттон кийин билинет.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
k-2
2013-01-07 15:15:17
Сот туура чечим чыгараар.
0
shirin27
2013-01-09 15:14:29
Arak Jana arak mina akiri emne bolushu
0
zzz---zzz
2013-01-09 17:59:49
Арак шайтандын ийдиги деген туура соз окшойт ээ?
0
Maksat81
2013-01-09 20:21:42
Адам кейпин кийгендерди айырмалап билсек эмне!
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан