Алия Жамантаева, ырчы:«ЫРЧЫЛЫК ӨНӨРҮМӨ САЛАМАТ САДЫКОВАНЫН ТААСИРИ ЧОҢ»

Өрүкзарлуу Баткенден чыккан Апаз Жайнаков, Саламат Садыкова өңдүү Кыргызстанга белгилүү ырчылар бар. Алардын шакирти, Баткен облусунда ырчы аталып, эл сыйлаган таланттардын катарында келе жаткан Алия Жамантаева бүгүн бизде конокто.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Билими – Ош педагогикалык ин­ститутунун музыка факультетин аяктаган
Кызматы – Баткен музыкалык драма теа­трынын көркөм жетек­чи­си
Үй-бүлөлүк абалы – Сүйүктүү жар жана 2 уулдун мээримдүү энеси

– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Мен кара сөз эмес, ыр менен айтып кетсем.
Ар дайым арман
кылып айтып жүрүп,
Аян болуп апамдын түшүндөгү.
Карасы жок,
кыпкызыл алты шуру,
Ата-энем болушуптур
алты кыздуу.
Шуру сымал, назик, кылдат,
өтө аяр,
Ыр жандуу, аруу болуп өсүштү алар.
Анткени ыр оозанып чоңоюшту,
«Кыз жүрөгү – ыр түнөгү»
деген сымал.
Жөпжөнөкөй колхозчунун
жупуну үйү,
Бул үйдө агып турчу түрдүү ырлар.
Жомоктор, не аңыз­дар,
кыргыздын дастандары,
Түрк элдерине таандык баары-баары.
Көроглы, Фархат, Ширин,
Равшанбек, Зулкумары,
Курманбек, Мөөр кыздын
армандары.
Чоң атам дутар менен ырдап берсе,
Алчадияр, лирика армандарды.
Өз атам миң бир саптуу
дастандарды,
Жатка айтчу, куюлушуп
ыр саптары...
Тасмадай чуурулуп көзгө элестеп,
Дым этпей угар элек биз аларды.
Көркөм сөз өрдөн-өргө жетелечү,
Көңүлүм алда недей көкөлөчү.
Тааныткан кыргыз элин
бүт дүйнөгө,
Таттыбүбүдөй актриса болгум келчү.
Муң-зары кылымдарды
боздото алган,
Самарадай комузчу да болгум келчү.

– Ыр саптарын укканда сизге талант ата-энеңиз тарабынан берилген го деген ойго келдим...
– Ооба, аткаруучулук өнөр мага ата-энем тарабынан берилген. Атам да, апам да өнөрдү баккан, искусствону жакшы түшүнгөн адамдар. Кичинемден ыр, дастан, жомоктор менен чоңойдум. Мындан сырткары менин ырчы болушума Саламат Садыкова эжебиздин да таасири чоң. Ата-энемдин дастандарына, ыр саптарына кошо Саламат эжебиздин ырларын ырахаттануу менен укчумун. Азыркы учурда Саламат эже менен байланышып, акыл-насааттарды алып турам. Ал борбордо жеке концертин бергенде бизди да концертке чакырат. Негизи эле өрүкзардан чыккан бир топ ырчылар менин чыгармачылыгыма салым кошушту.

– Балдарыңыздын арасынан сиздин өнөрүңүздү улай тургандары барбы?
– Мен бактылуу адаммын. Кайгымды да, кубанычымды да тең бөлүшкөн жолдошум жана 2 уулум бар. Жолдошум Баткен шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда дарыгер болуп эмгектенет. Жакында уулубузду үйлөнтүп, келиндин ысык чайын кубануу менен ичип жатабыз. Менин өнөрүмдү кичүү балам улантат окшойт. Ал 6-класста окуп, жан дүйнөсү музыкага жакын.

– Кандай жанрдагы ырларды аткарасыз?
– Мен Ош шаарындагы Педагогикалык институттун музыкалык факультетин аяктагам. Колума диплом алгандан кийин мектептерде музыка сабагынан билим берип жүрдүм. Маданият тармагында 20 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Аккордеон менен да ырдайм. Убакыт өтүп, ден соолугума байланыштуу аккордеон көтөрө албай калып, учурда комуз менен элдик ырларды аткарам. Баткен шаарындагы Музыкалык драма театрында көркөм жетекчи болуп иштейм. Негизинен Барпынын, Токтогулдун санат-насыят ырларын, «Курманбек», «Көксулуу» деген дастандарды ырдайм.

– Сизди фольклордук топту да жетектейт деп угуп калабыз. Ошол тууралуу айта кетсеңиз.
– Музыкалык драма театрды Кыргыз Эл артисти Апаз Жайнаков түптөп, музы­калык-фоль­клор­дук топ түзгөнбүз. Топтун алгачкы курамын түзүү жеңил болгон эмес. Эң негизги көйгөй кадр маселеси эле. Түрдүү аспаптарда ойногон музыканттарды табуу кыйынчылык жаратты. Бирок азыркы учурда курам толукталып, мыкты топ түзүлүп, ийгиликтүү иштеп жатабыз. Топто ондон ашуун музыкант, үч солист эмгектенүүдөбүз.

– Келечекте дагы кандай пландарыңыз бар?
– Маданият кызматкери катары, аткаруучу катары «Эмгек сиңирген артист» деген наамга жетүүгө аракет кылып жатам. Бул күнгө чейин көптөгөн сынактарга катышып, байгелүү орундарга татыктуу болуп жүрөм. 2010-жыл «Маданияттын мыкты кызматкери» деген төш белги менен сыйланганмын.
Кыргыз элимди кирип келген Жаңы 2013-жылы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө тынчтык, амандык каалайм.

– Маегиңиз үчүн рахмат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ankel
2013-01-08 08:49:46
Алия эже, балдарыныздын жана жолдошунуз Калык акенин бактысына дайым бар болун. Сизге кудай мукамдуу ун тартуулаган, онорунуз оркундосун. Адамдын эмгеги ал остургон багында, ошондуктан шакирттериниз кобойсун жана дуйного таанылсын!
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан