Азыркы учурда мектеп курагына жете элек бала да уюлдук телефон эмне экенин түшүнөт. Жаштардын баары кымбат баалуу жана акыркы үлгүдөгү уюлдук телефон көтөрүүнү самашат. Сөз дал ошондой уюлдук телефондун айынан болгон уурулук жөнүндө болмокчу.
2012-жылдын 9-декабрында Баткен РИИБине Ж.У. арыз менен кайрылган. Арызда 2012-жылдын 9-декабрь күнү саат 14:00 чамасында Баткен районунун Кара-Токой айылында жайгашкан Б.Мергенов атындагы орто мектептин волейбол ойноочу спорт аянтчасынан Nokia 5530 үлгүсүндөгү уюлдук телефону жоголгону айтылган. Телефон Ж.У. спорт аянтчасынын жанындагы темир түтүккө спорттук кийимин илип койгон жеринен уурдалган.
Баткен РИИБинин оперкызматкерлери окуя болгон аймактан кылмышка шектүүнү кармашкан. Көрсө, Ж.У. волейбол ойноп жатканда И.А. алардын оюнун көрүп турган экен. Көп убакыт өтпөй эле Ж.Унун уюлдук телефону шыңгырайт. Аны уккан И.А. Ж.Унун чөнтөгүндөгү
11 миң сомдук Nokia 5530 телефонун алып, спорттук аянтчадан кете берген.
Курбанбек Макканбаев, Баткен РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери:
– Арыздын негизинде кылмышты иликтөө бөлүмүнүн опертобу окуя болгон аймакка барып, текшерүү иштерин жүргүздүк. Текшерүү мезгилинде аталган уурулукка шектүү деп 15 жаштагы өспүрүм И.А. кармалды. Атасы уулунан телефонду алып, ээсине кайтарган. Бул кылмыш иши боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө арыз жазуучу бир айылда жашап, алар тууган-урук болгондуктан, балалык кылгандыгын эске алып, жазган арызын кайтарып алган. Андыктан кылмыш иши козголгон жок.
Уюлдук телефон уурдаган баланын атасы Баткен районундагы орто мектептердин биринде директор болуп иштегени маалым болду. Ага жолукканыбызда ал уулунун кылыгын мындайча түшүндүрдү:
– Уулум жаштык кылып, кылган ишинин арты эмнеге алып келерин билбей уюлдук телефонду алып койгон. Мындан ары баламды такай көзөмөлдөп, анын мындай жорук жасоосуна жол бербейм.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg