Нурбек Аканов, балбан:«СПОРТКО КЕЛГЕНДЕН БЕРИ 30 ЧАКТЫ АВТОУНАА УТТУМ»

Балбан Нурбек Аканов менен редакциябызга кошо келген досу «бул досум жубайын класстагы балдардан кызганып мушташып жүрүп эле спортчу болуп кеткен» деп тамашалап калды. Башы тамаша менен башталган маегибиз позитивдүү маанайда өттү.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы – 1987-жыл, 8-декабрь
Туулган жери – Сузак району, Кара-Дарыя айылы
Бою – 178 см
Салмагы – 100 кг
Учурда республикалык Алыш күрө­шү боюнча федерациянын башкы ма­шык­тыруучусу

– Нурбек, сөздү досуң баштап калды, андыктан кепти сенин шоктугуңдан баштасак деп турам...
– Кичинекей кезимде шок элем. Жубайым экөөбүз бир класста окуганбыз. Класстагы балдардын дээрлик баары аны жактырышчу. Мен болсо аны кызганып көп жолу мушташтым го. Экөөбүз 5-класста сүйлөшүп баштаганбыз, 7 жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Азыр 1 уул, 1 кызым бар.

– Спортко кантип келип калдың?
– Өз алдымча машыгып, кичине кезимден айылдагы балдардын артынан ээрчип жүрүп эле спортко аралашып кеттим. Андан сырткары мен туулуп-өскөн Кара-Дарыя айылынан көп балбандар чыккан. Балким, жердин касиети чыгар же айылыбыздагы кары-жашы дебей спорттун мен тандаган түрү боюнча (борьба на пальцах алыш) алектенип келишкенинен уламдыр.

– Алгачкы ийгиликти качан жараткансың?
– 5-класста окуп жүргөн кезимде. Өзбекстандагы мелдештерге катышып жүрүп, ал жерден Анжиянга барып 1-орунду алып кайткам. Мына ошондогу жеңишим менин спорт чөйрөсүндө жасаган алгачкы жемиштүү кадамым болуп калды. Кызыгуум күчөп, дагы да машыгып жүрүп мектепти бүтө элек кезимде, 2003-2004-жылдары Кыргызстандын чемпиондугун уттум. Мектепти бүткөндөн кийин Кыргызстан чемпиондугунда 5-жолу чемпион аталдым. 2007-жылы Ташкент шаарына Эл аралык турнирге барып, 90 килограмм салмакта биринчиликти багындырдым. Ошол эле жылы Африка материгинде жайгашкан Того Республикасында Дүйнө чемпиондугу өтүп, 2-орунду ээледим. 2009-жылы Казань шаарында өткөн Дүйнө биринчилигинде командалык жарышта, биздин команда 4-орунду алдык. Айтор, көп эле жеңиштерди багындырдым.
Бир тууган агам да спортто. Спортко келгенден бери баш-аягы 30 чакты автоунаа утуп алгам. Досторум күлүп калышат «биринчи автоунааңды утканда «досум, машинаңдын дөңгөлөгүнөн жел өтүп турсун» дечү элек. 10-машинадан кийин «машина утуп алдыңбы, аа, макул» деп калдык жөн эле» деп. Менин жеңишим эч нерсе эмес, эгер Тапанча палван менин заманымда жашаганда автоунаадан кабаттап үй жасап алса керек эле. Ал 3 секундга жеткирбей атаандашын жерге чапчу.

– Демек, үй-бүлөдө жалгыз сен эле спорт чөйрөсүндө эмес экенсиң да...
– Туура айтасың. Менден улуу агам 2 жолку Дүйнө чемпиону жана бир жолку Азиянын чемпиону. Андан улуу агам да Азиянын 2 жолку чемпиону, бир жолу Дүйнө чемпиондугун жеңген. Агаларымды менин жеңишиме ниеттеш болгон бир боорум деп эсептейм, бир эле учурда алар менин устаттарым, машыктыруучуларым! Кыргыз журтчулугуна белгилүү ыраматылык Баяман Эркинбаев менен Тапанча палван менин таякем болчу.

– Таймаш учурундагы кызыктуу окуялардан бир үзүм...
– Таймашка ким мыкты даярданып барса, ошол жеңишке жетет. Бирок кээде адилетсиздик болгондо ыза болоруң турган кеп. Бир жолу Бишкектеги Спорт Ордосунда мелдеш өтүп калды. Мен финалда украиналык Коля деген балбанга атаандаш болуп, таймашка чыктым. Анын бою 2 метр 5 сантиметр болчу. Мен анын алдында кичине болуп калдым. Досторум мектептеги кезимден тамашалап Коля деп коюшчу эле. Колдогону келген досторум залда отуруп алып «Коля, бол, Коля, азамат» деп сүрөп отурушса, украиналык спортчу «мени колдоп жатышат го» дей бериптир. Мен өзүмдүн ыкмама салып аны 2-3 жолу жыктым. Бирок калыстар тобунда отургандар мага упай берип эле тим болушат. Эч эле жеңиш дешпейт десең... Анан атаандашыма тартып жатышат деп ойлоп, «күрөшпөйм» деп килемден чыгып кеттим. Агайлар кайра чыгарышып, акыры жеңиш мага берилди. Бирок ошондо көзүмдөн жаш куюлган.

– Максат, пландарың менен бөлүшө кетсең...
– Азыркы убакта алыш күрөшү боюнча республикалык командага башкы машыктыруучумун. 2013-жылы Казань шаарында 5 жылда бир жолу өтө турган бүткүл дүйнөлүк Универсиада болгону турат. Ал жерде Кыргызстандан азырынча эч ким ута элек. Лицензия алдым. Учурда ошол мелдешке камынып, машыктыруучулук менен катар ага да даярданып жатам.

– Маегиңе рахмат.
– Сиздерге да рахмат. «Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамаатына ийгилик каалайм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
medetbek.bektemirov
2013-01-17 19:27:32
"азаматсыз братан ийгилик" медетбек "додонский"
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан