Жалал-Абад шаарында селсаяктар үчүн жатак жай ачылат. Бул демилгени Социалдык өнүктүрүү министрлиги көтөрүп чыккан жана ишке ашырмакчы. Демилге тууралуу Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов кабарлады. Эдил Байсаловдун айтымында, аталган министрлик үй-жайсыз жарандарга атайын жайларды ачуу үчүн бейөкмөт уюмдарынын жергиликтүү бийлик менен биргеликте жазган долбоорлорун каржылоону колго алат. «Анткени акыркы кезде турмуштук ар кандай жагдайлардан улам көчөдө үй-жайсыз абалда калган жарандардын саны өсүүдө. Бишкек шаарында мындай жарандарга кыш мезгилинде кам көрүү боюнча эки атайын жай бар. Биздеги маалыматтар боюнча, өткөн жылы Каракол шаарында үй-жайсыз адамдардын бир тобу кыш мезгилинде сууктан каза болгон. Андыктан жер-жерлерге алар үчүн жатак үй уюштуруп берүү иши каралган»,- дейт Эдил мырза.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg