Кеңсебиз Ош шаарына ачылгандан бери каалоо-тилегин да, арыз-арманын да айтып келгендер көп. Алардын ичинен каарманыбыз Мураттын башынан өткөн тагдыры бизди кайдигер калтырбады.
«ЖАЛГЫЗДЫГЫМДЫ СЕЗИП ЧОҢОЙДУМ»
– Мен Ош облусунун Кара-Кулжа районунда өстүм. 2 жашымда ата-энем ажырашып, карындашым таенемдин, мен чоң энемдин колунда өстүк. Атам да, апам да кийин башка турмуш курушуптур. Айылда чоң ата-чоң энем, атамдын иниси, жеңем жана алардын балдары болуп жашадык. Кичинемде өзүмдү чоң энемдин баласымын го деп ойлочумун. Бирок жүрөгүм андай эмес экенин сезчү. Түнт болуп өстүм. Атам-апам, бир тууган карындашым бар экенин билгенге чейин менде түшүнүксүз сезимдер боло берчү. Жакын адамдарым бар болсо да, жалгызсырачу элем.
12 жашымда чоң энем мени Ош шаарына ээрчитип келип, бир аялга жана бир жаш кызга жолуктурду. Алар менин апам менен карындашым экен. Кийин билсем, ал кыз кийинки никесинен төрөлүптүр. Жаштайыман баккан апам мени бир аялдын алдына ээрчитип келип «ушул сенин апаң» дегени аябай таң калтырды. Алгач оор болгону менен, дал ушул күндү күтүп жүргөндөй жеңилдей түштүм. Бакытты издеген сайын ошол учурду эстей берем. Башка эмне кылам, андан башка бактылуу күнүм болбосо?
Ошол апам жана карындашым менен таанышкан күнү башка Мурат болуп кайрадан жарала келдим. Менин апам дүйнөдөгү эң сулуу аял экен. Эжекем мектепте «апа эң мээримдүү, эң сулуу аял болот» десе маани берчү эмесмин. Эркелеп «апа» деп бир да жолу бооруна башымды катпаган жаным ошол аялга мээримимди төгүп жаттым. Кектейин десем да болбоду. Азыр да айтам, менин апам эң сулуу айым.
Карындашымдан өзүмдү, менин жалгыздыгымды, бактысыздыгымды көрдүм. Бири-бирибизди аяр тиктеп, кайра көзүбүздү алып качабыз. Ичимден эзилип-эзилип ыйлагым келди. Ал да мага ичинен эзилип жаткандай көрүндү, бир кубана карап алып, кайра үшкүрөт. Акылдуу кыз болот болуш керек деп сыймыктанып койдум. Анткени жашы кичине болсо да, көп нерсени көрүп койгондой көздөрү токтоо. Аттиң, ата-апабыз кашыбызда болсо, сен да эрке болот белең?
Апам Ош шаарында экинчи турмушун улантып, бактылуу жашап жатыптыр. Бирок бири-бирибизге эзилише мээрим төгө албадык, алдыбызда дубал тургандай боло берди.
«АПАМДЫН КАЙРАДАН ТУРМУШ КУРУП КЕТКЕНИНЕ ЫЗА БОЛДУМ»
– Мектепти бүтүп, ОшМУга окууга тапшырдым. Апам тил табыша албадыбы, экинчи турмушунан да ажырашты. Башкасын билбейм, апамдын ажырашып кеткени мага айтып бүткүс бакыт болду. Апамды эми биз менен гана убакытын өткөрөт деп ойлогом. Апам негедир мага өмүр бою карыз сыяктуу болуп, мага анча батына албай, көзүмө карачу. Бир бөлмөлүү үй да алып берди. Анын ар бир айткан сөзү таасирдүү эле, айткандарын бир да кабыл албадым. Телегейим тегиз болуп, факультетте эң алдыңкы студент болууга жетиштим. Контрагымды өзүм иштеп таап, кээде апам да жардам берип жатты.
Бир күнү апам жумушунан бошоп калып, турмуш оорлошо баштады. Ойлондум да, Орусияга кетүүнү чечтим. Атамдан жардам күтчү эмесмин, өзү деле жардам берейин деп аракет кылчу эмес. Орусияда бир жарым жыл иштеп Кыргызстанга келсем, апам мага кабарлабай үчүнчү турмушун куруптур. Катуу ызаландым. Мага бир ооз айтса, мен «жок, турмуш курбайсың» демек белем? Ачуум келсе да, макул болмокмун. Апамдын өзүнө да ушул кептерди айтып, үйдөн чыгып кеттим. А чыныгы себеби башкада эле. Тереңде «зар болуп жүрүп тапкан апамды кайра дагы бирөөгө тарттырып жибердимби?» деген ой ызалантып, намыстантып жаткан.
Жумушунан бошогондон кийин акча керек болгонбу, мага алып берген бир бөлмөлүү үйүн да сатып жибериптир. Таарынып айылга кетип калдым. Мага жөлөк болчу бир гана апам бар деп жүргөм. Ушул окуядан кийин апама да ишенбей калдым. Жүрөгүмө таш түйүлгөнсүп түнү менен түйшөлүп чыгам. Турмушту түшүнүп турсам да, кантип кечиришимди билбейм. Окуумду да таштап салгам...