26-декабрь күнү «Супер-Инфо» гезитинин Ош облусундагы кеңсесинин расмий ачылыш салтанаты болуп өттү. Кечеге Ош шаардык кеңешинин депутаты Нуркыз Карыбек кызы, Ош шаардык мэриясынын астында түзүлгөн Жаштар комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев, «Лидерлер мектеби-5» окуу долбоорунун мүчөлөрү, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана «Супер-Инфо» гезитин сүйүп окуган окурмандары катышты.
Кечени Айпери Сыдыкова, Жумагүл Райымжан кызы, Айжамал Чалаева жана «Step by step» бий топтору өз чыгармалары менен коштоп, шаңга бөлөштү. Кызыл лента кесилип, шампан атылып, расмий түрдө «Супер-Инфо» гезитинин Ош облусундагы филиалы ачылып, келген конокторго редакциянын атынан чакан белектер берилди. Ачылыш аземден толук репортажды биздин кийинки сандан окуй аласыздар.
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg