«ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН, УРМАТТУУ ЗАМАНДАШТАР!»

Учурда аялзаты бардык тармактарда эмгектенип келишет. Аялзаты болсо да эки тизгин, бир чылбырды алып, эмгектенип келе жаткан КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева менен маектештик.

– Саламатсызбы, Койсун Аблабековна? 2012-жылда Талас облусу кандай жетишкендиктерди багынта алды?
– Саламатчылык, 2012-жыл эгемендүү эркин өлкөбүздүн, анын ичинде Талас облусунун эли үчүн жакшы жылдардын бири болду. Алып карасак, Талас облусунда 2012-жылдын ичинде дүң айыл чарба продукциялары өндүрүлүп, өсүү ыргагы 104,3 пайызды түздү. Аймакта эт, сүт, жүн, жумуртка өндүрүү 101-104 пайызды түзүп, өнөр жай продукцияларын өндүрүү кыйла жогорулады. Жергебизде капиталдык курулуш, элге кызмат көрсөтүү, соода жүгүртүү жана транспорт тармактарында жакшы ийгиликтер жаралды.Мындан сырткары шаарыбызда бир топ өнүгүү байкалды. Мисалы, орто мектептердин билим деңгээлин көтөрүү маселелери биринчи орунда турду. Андан тышкары бала бакчалар курулду.

– Ийгилигиңер келе жаткан жылда бул көрсөткүчтөр менен эле чектелип калбаса керек?
– Албетте, президент сунуш кылган чоң стратегиялык программаларды, азык-түлүк коопсуздугун сактоону камсыз кылуу, өнөр жай, тоо-кен тармактарын өнүктүрүү милдеттерин ишке ашыруу үчүн чечкиндүү аракеттерди жасообуз абзел. Дагы өнөр жай, мекемелерди куруу, жергиликтүү калктын абалын мындан ары да жакшыртуу, жаштардын илим-билимин өстүрүү максаттарын койдук. Мүмкүнчүлүккө жараша бул максаттарыбызды аткарабыз. Облусубуздун гүлдөп өсүшү үчүн жалындуу жаштардын жигердүү идеяларын карап чыгып, ошол багытта жаштарга багыт көрсөтсөк деген тилектерибиз да бар.

– Жыл жаңыргандагы элге айта турган каалооңуз?
– Урматтуу «Супер-Инфо» гезитинин окурмандары! Сиздерди Жаңы 2013-жылыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атынан куттуктайм! Элибизден ырыскы кетпесин. Өнүгүүнүн гана жолунда болуп, баарыбыз жаңырган жылга илгери үмүт менен баш багалы. Жалпыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк зор бакыт каалайм! Жаңы жылыбыз молчулуктун жылы болсун демекчимин. Жаңы жылыңыздар куттуу болсун, урматтуу замандаштар!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Begim8678
2013-01-12 11:41:17
Чон рахмат, сизге да жакшылык каалайм. Максаттарыныз ишке ашып, элдин кызы болуп журо бериниз!
0
№ 531, 4-10-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан