Тойдун көркүн ырчылар ачарын баарыбыз эле жакшы билебиз. Бирок Таласта ырдап, бийлеп гана эмес, 10 секунддун ичинде 6 түрлүү кийим которуп кийүүгө жетишип, элди таң калтырган Жазгүл деген кыз бар.
– Жазгүл, адегенде өзүң жөнүндө айта кетсең?
– 1989-жылы Талас облусунун Кара-Суу айылында төрөлгөм. Бирок ата-энемдин жумушуна байланыштуу 4 жашымдан баштап Казакстанда чоңойдум. Кичинемден эле ыр-бийге шыктуу болуп, мектепте сынактарды калтырбай катышчу элем. Ал жерде окуган казак окуучуларына «баягы кыргыз кызы» деп аябай атактуу болчумун.
– Кыргызстанга качан келип калдыңар?
– «Конокто жакшы, бирок үйдө андан да жакшы» дегендей, өз мекениңе жетпейт экен. Белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеванын талантын аябай сыйлап, ырларын берилип укчумун. 2 жыл мурун анын студиясына ырдайт элем деп издеп келдим. Айчүрөк эже өзү ырдатып-бийлетип сындан өткөрүп, анан кабыл алды. 1 жылдай өзүнөн сабак алдым. Азыр деле байланышып, кеп-кеңештерди сурап турам. Таласта иним Чули экөөбүз той-топурларда элге өз өнөрлөрүбүздү тартуулап жатабыз. Бирок чоң сахнага чыксакпы дегенде эки көзүбүз төрт.
– Казакча аралаштырып сүйлөйт экенсиң...
– Казак балдары менен ойноп чоңойдум. Мектепти бүткөндөн бери Н.Назарбаев атындагы университетте билим алып жатам. Анан казакча сүйлөөгө туура келет экен. Анын үстүнө таенемдин улуту – казак. Домбрада кол ойното алам.
– Таласта сени жаңы чыгып келе жаткан көз боочу катары таанып келатышыптыр...
– Ооба, бул идеяны биринчи мага апам айткан. Чынында, алгач көңүлдөнгөн эмесмин. Мен үчүн бул ишке ашпай турган идея катары сезилген. Анан иним экөөбүз аракет кылып, машыга баштадык. Башында 16 секундда 6 кийимди которууга жетиштим. Ар бир бийге жараша улуттук кийимди 4 секундда алмаштырып бийлөөгө үлгүрдүм. Азыр бир кутучага жашынып, араб, лезгинка, цыган, индия, чыгыш жана кыргыз бийлерине жараша кийимдерди 10 секунддун ичинде алмаштырып кийип, бийлеп элге кызыгуу жарата баштадым десем болот.
– Бул өнөрдө шамдагайлык биринчи орунда турат экен да...
– Албетте, үйдө да бул боюнча күнүнө 8-9 жолу машыгам. Бир жолу бир тойдо кызык окуяга туш болгом. Ал кезде кутучаны иним ачып берип турчу. Мен кийимимди которуп жатсам, ал ачып жиберсе болобу! Элдин баары күлүп эле жатып калышты. Бирок куулук менен ал кырдаалдан чыгып кеткенбиз.
– Коомчулук кандай кабыл алууда?
– Башында тойлордо жөн гана ырдап койсом, көп деле көңүл бурбай, алдыларындагы тамагын жеп отура беришчү. Азыр болсо өнөрүмдү баштаганда кадимкидей отургандардын арасында жандануу пайда боло баштады. Тура калып жакын келип карап, «чын эле ошол кызбы же башкасыбы?» деген суроолорду берип калышат. Ошондон улам бул өнөрүмдү өстүрүү керек экендигин түшүнө баштадым.
– Келечекте максаттарың кандай?
– Эң биринчи иретте бул өнөрдү кыргыздар деле аркалай аларын көрсөтүү. Буюрса, иним экөөбүз чакан концерт берели деп турабыз.
Нургүл Чабдарова
talas@super.kg