АЛТЫНБЕК жана АЗЕМА

Азема 1989-жылы 1-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Музыкадан тышкары баскетбол ойноого кызыгат. Учурда финансы техникумунда 2-курста окуйт.
Акматов Алтынбек 1978-жы­лы 27-январда Жалалабат областына караштуу Көкжаңгак шаарында төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары сууда сүзүү­гө кызыгат. Үйбүлөлүү. Бир баланын атасы. Учурда «Улуу Кыргызстан» кафесинде музыкант болуп иштейт.

– Алтынбек, шоу дүйнөсүнө келгенге чейин эмне жумуш менен алектенчү элең?
– Мен өзүм кичине кезимден эле музыкага кызыгып жүрчүмүн. Атым тааныла электе Оштогу «Жети түс», «Жаш кыял» топтору менен иштешип жүргөм. Бирок, эмнегедир ал кезде жекече чыгуу оюма келбеген экен. Акыркы жылдары чыккан жаштардын шары менин өзүмчө ырдап чыгуума таасирин тийгизди десем болот. Башкача айтканда, ошол жаштардын катарын толуктайын деген ой менен мен дагы сахнага чыгууну туура көрдүм.
– Сахнадагы өнөктөшүң Аземаны кантип тандап алгансың?
– Азема менин балдызым болот. Алардын үйбүлөсү, башкача айтканда, менин кайындарымдын баары музыкага жакын адамдар. Ошолор менен катар Аземанын да ырга шыгы бар. Анын шыгын байкагандан кийин чогуу ырдоону сунуш кылгам.
– Андай болсо келинчегиң да ырдайт экен да. Аны сахнага чыгарбайсыңбы?
– Мен келинчегим менен бир кафеде чогуу ырдап жүрүп таанышкам. Ал жакшы ырдайт. Бирок, азыр бала менен үйдө. Аны сахнага чыгараарым же чыгарбасым жөнүндө азыр ойлоно элекмин.
– Азема экөөңөр өзүңөрчө топ түзүп, тобуңарга ат коюу жө­нүндө ойлогон жок белеңер?
– Атайын топ түзбөй жүрөбүз. Себеби, кокусунан биз эки башка жол менен кете турган болуп калсак, топту да жоюуга туура келет экен.
– Азема, сенин өз атың Аземабы же бул сахнадагы атыңбы?
– Менин өз атым Айзада. Апам кичине кезимде эркелетип Азема дечү. Сахнага ушул атым менен чыгууну туура көрдүм.
– Ырчылыкты мындан ары да улантып кетесиңби же жөн гана хобби катары алып жүрө­сүңбү?
– Мен өзүмдү сахнанын кызымын деп эсептейм. Ошондуктан, ырчылыкты мындан ары да улантып, келечекте сахнанын жылдызы болгум келет. Ал үчүн талыкпай аракет кылышым керек экенин да билем. Окуумду бүтсөм музыкалык жогорку билимге ээ болуу тилегим бар.
– Жездең менен чогуу иште­шүү сен үчүн кыйын эмеспи?
– Тескерисинче, оңой да, жакшы да. Жездем мага туура сын коюп, жакшы жолго гана үгүттөйт. Эгер башка болсо, балким, иштеше алмак эместирмин.
– Группалаштарың сенин ырчылыгыңды кандай кабыл алышат?
– Жакын курбуларым мени менен сыймыктанышат. Биз «Хит-параддан» чыгып жатканда тынбай добуштарын берип турушкан.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 201, 8-14-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан