– Менин аялым алиги жагынан ооруксунуп жүргөнүнөн дарыгер гинекологго көрүнгөн эле. Ал “жатын моюнчасынын эрозиясы” деген диагноз коюп, “айыкканча келип “тампон” койдуруп турушуң керек” дептир. Биз райондон алыс жашагандыктан, аялыма райондун борборуна барып-келип туруусуна шарт жок. Ошондуктан, айылдагы эмчи-домчу кемпирлерге көрүнсө, алар “уу коргошун, ак кодол, көк таш алып келсең, биз дары жасап беребиз” дептир. Ушундан улам аялым экөөбүз эмчи-домчулардын айтканы менен дарылануунун зыяны жокпу деп сурайлы дедик эле. Талгар, Нарын.
– Сиз атаган уу коргошун, ак кодол, көк таш дегендер уулуу заттарга кирет. Туура эмес колдонсо, жыныс кынын жара кылып, оюп жиберет. Бул болсо ооруну күчөтүп, организмди ого бетер алсыздандырат. Ошондуктан, жатын моюнчасынын эрозиясында адис дарыгер гинекологго гана кайрылып, дарылануу кажет. Эгер эрозияны убагында дарылабаса, залалдуу шишикке (ракка) айланып кетет.
ЭРОТИКАЛЫК ТҮШ КӨРСӨМ ЭЛЕ ИЧ КИЙИМИМ СУУЛАНЫП КАЛАТ...
– Мен али үйлөнө элекмин. Айтайын дегеним, эротикалык түш көрсөм эле ыштаным сууланып калат. Башкача айтканда, бел суум өзү эле агып калат. Бул мени тынчсыздандырат. Анткени, бул оору эмеспи жана импотенцияга жеткирбейби деп ойлойм. Ушундай болушу мүмкүнбү? Сакы, Нарын.
– Эротикалык түш көрүүдөн улам бел суунун агып калышы физиологиялык жактан нормадагы көрүнүш. Башкача айтканда, оору эмес. Мындай көрүнүш өспүрүмдөрдө, аялы жок бойдок эркектерде да кездешет. Аял алып жыныстык жашоодо жашай баштагандан тартып андай көрүнүш кайталанбай калат. Ошондуктан, тынчсызданууңузга себеп жок.
ЧОҢ ЖЫНЫСТЫК КЫНДЫ КАНТИП КИЧИРЕЙТСЕ БОЛОТ?
– Күйөөм экөөбүз башынан эле көп урушабыз. Анын себеби, менин жыныс кынымдын чоңдугу. Алгач ал ушинтип айтканда ишенчү эмесмин. Анан жакында уруш көбөйгөндө гинекологго көрүнсөм, ал да жыныс кынымдын тубаса чоң экендигин айтты. Аны укканда эле жаман болуп, дарыгердин кабинетинен кантип чыкканымды билбей калдым. Эми ошондо дарыгерден эми эмне кылсам болот деп сурабай калганымды эстеп өкүнүп жатам. Эгер ушинтип жүрө берсем, күйөөм ажырашууну козгошу толук мүмкүн. Сиздерден өтүнүч, мен эми кандай чара көрсөм болот? Кеңеш бериңиздерчи?! Саня, Каракол.
– Жыныс органдары жамбаш чарасында жайгашат жана алар булчуңдарга ээ. Антсе да кээ бир аялзатында жыныс кынынын булчуңдары тубаса бош, жыйрылбаган абалда болот. Башкача айтканда, жыныс кыны бош, көңдөй таризде болуп калат.
Кошумчалай кетчү нерсе, аял көп төрөгөндөн да жыныс кыны кеңейип, бошоп калат.
Жыныс кынынын чоңдугунан арылуунун жолдору
* Операциялык жол. Мында атайын адис хирургдар жана дарыгер гинекологдор операция жасап, жыныс кынын кичирейтишет. Бирок, мунун тескери жактары да бар. Эгер аял төрөсө, тиккен жерлер айрылып кетиши мүмкүн. Бул жыныс кыны кайра мурдагы абалына келип калат дегендик. Анан кайра операция жасатууга туура келет.
* Көнүгүүлөрдү жасоо аркылуу кичирейтүүгө жетишүү.
Жыныс кынынын булчуңдары тубаса бош, жыйрылбаган түрдө болсо да жыныстык башка органдардын булчуңдарын өстүрүү аркылуу жыныс кынын кичирейтүүгө болот.
Көнүгүүлөр:
1) Жатып, буттарды өйдө көтөрүп, “велосипед” тепкендегидей кыймылдатып машыгуу;
2) Жатып, буттарды көтөрүп, кайчы сымал кайчылаштырып кыймылдатуу
3) Көтөн чучуктардын булчуңдарын ичке тартып, жыйрып машыгуу;
4) Таш менен машыгуу. Бул үчүн секс шоптон же сувенирдик дүкөндөн жумурткадай көлөмдөгү жылмакай, тоголок ташты сатып алуу керек. Ал ташты жип өткөзгүдөй кылып көзөтүү керек. Же болбосо бышык жипти ташка супер клей менен желимдөө зарыл (бул таштын жыныс кынында калып калбоосу үчүн керек). Анан ташты ысык суу менен самындап жууп, жыныс кынга салып, булчуңдар менен кыпчып, чарчаганча ары-бери басуу керек. Эгер таш жыныс кынынан түшүп кетсе, жууп кайра салып туруу кажет. Ушинтип таш жыныс кынынан түшпөй калганга чейин машыгуу керек.
Минтип машыгуунун натыйжасын билүү үчүн аял өзү колдорун таза жууп, сөөмөйү менен ортонун жыныс кынына салып, кыпчып көрсө болот. Ушинтип, булчуңдардын канчалык өскөнүн билип турса болот. Бул ыкма өжөрлөнүп машыгууну талап кылганы менен жакшы натыйжа алып келет.
МАСТУРБАЦИЯДАН КЛИТОР ЧОҢОЁБУ?
– Мен көп жылдан бери мастурбация менен алектенип келем. Ошондон улам бул жаман адатымдан клиторум чоңоюп кетеби деп корком. Ушундай болушу мүмкүнбү? Кийинки жыныстык жашоомо зыяны жокпу? Гүлү, Ош.
– Тылактын тилчесин (клиторду) эс тарткандан баштап ышкалап келүү тылактын тилчесинин узарып кетүүсүнө алып келет. Бирок, эч кандай зыяны жок. Кийинки жыныстык жашоого да таасирин тийгизбейт. Айта кетчү нерсе, кээ бир аялдарда тылактын тилчеси жаралышынан чоң болот. Мисалы, 5 сантиметрге чейин жетет. Бирок, бул норма катары каралат. Ошондуктан, аялдын тылагынын тилчеси чоңураак болсо эле аны убагында мастурбациялоо менен алектенчү экен деш туура эмес.
ТАМПОН ЖЫНЫС КЫНЫНДА КАЛЫП КАЛСА ЭМНЕ БОЛОТ?
– Менин алды жагым сезгенип ооругандыктан, курбумдун кеңеши менен өз алдымча дарыланайын дегем. Бирок, өзүм жасаган тампон тереңге кетип калып, чыкпай калса эмне болот деп ойлоп коркуп жатам. Ошондуктан, ичте калып калган тампондун кандай зыяны болушу мүмкүн деген суроомо жооп берип койсоңуздар. Салия, Ташкөмүр.
– Тыгынды (тампон) кокус тереңге кирип чыкпай калса, анда кан келүү башталат. Кан тыгындыга тосулуп топтолуп, анан ал жер ириңдей баштайт. Эгер ириң канга өтүп кетсе, анда сепсис башталат. Бул болсо өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, өз алдынча дарыланбай, гинеколог дарыгерге көрүнүп, дарылануу кажет.